Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:26

Ош: сыналгы чыгарган заводдун иши аксады


Оштогу кыргыз-кытай заводу. 3-август, 2015-жыл
Оштогу кыргыз-кытай заводу. 3-август, 2015-жыл

Оштогу кыргыз-кытай биргелешкен “Жин Мей” заводунун жетекчилери мунун себебин Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийинки жагдайга байланыштырууда.

Бирок аталган ишканага ачык колдоо көрсөтүп келаткан Ош шаардык мэриясы өндүрүш токтобосун билдирди.

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин “Жин Мей” ишканасына Кытайдан келчү сырьелордун наркы кыйла кымбаттай түшкөн. Ушундан улам заводдогулар телевизор чыгарууну токтотуп турууга аргасыз болушкан. Заводдун өкүлү Чыныбай Зулпукаров бул убактылуу гана көрүнүш экенин ​билдирди:

- Заводдун иши токтогон жок, телевизор чыгаруу гана токтоду. Себеби, ЕАЭБге киргенден кийин бизге келип жаткан тетиктер кымбаттады, бажы төлөмдөрү көтөрүлдү. Анан биз аларды кымбатка сатып алып базарга алып чыксак, кудум ошондой эле телевизор биздикинен арзан сатылып жатат. Аларды Кытайдан түз ташып келишүүдө. Ушул себептен улам азыр телевизор чыгаруу бизге пайдалуу болбой калды. Бирок бул убактылуу эле көрүнүш. Аз убакыттан кийин баары калыбына келсе керек.

Оштогу заводдон чыккан телевизордун кутусу
Оштогу заводдон чыккан телевизордун кутусу

Бир жыл мурда ачылган кыргыз-кытай биргелешкен “Жин Мей” ишканасы Avangard кир жуугуч машинесин жана Hisense үлгүсүндөгү телевизор чыгарып жаткан. Кыргызстан ЕАЭБге кошулуп, сырттан кирген товарлар кымбаттаган учурда, анын ээлери ички рынокту басып каларына үмүт кылышкан.

Бирок азыр ишкерлер өндүргөн Hisense үлгүсүндөгү сыналгылардын 32 дюйм көлөмүндөгүсү 195 доллардан, 40 дюйм көлөмүндөгүсү 275 доллардан бааланууда. Ал эми алардын атаандаштары Кытайдан ташып келип жаткан ушундай эле көлөмдөгү Hisense телевизору 165 жана 240 доллардан сатылууда. Башкача айтканда, сырттан кирген телевизор “Жин Мейдин” товарына караганда кеминде 30 доллар арзан болуп, бул жерде кураштырылган кытайдын телевизору кыргыз рыногунда өтпөй калды.

Мекеменин жетекчиси, кытайлык ишкер Ли Дуң буларга токтолду:

- Биздин абалыбызды өтө начар дегенге болбойт. Бирок мурдагыга салыштырмалуу атаандаштыкка бир аз моюн сунгандай болуп атабыз. ЕАЭБдин бажы төлөмдөрү дагы көтөрүлсө, сырттан келген товарлар да кымбаттайт. Ошондо биздин сыналгылар кенен сатыла баштайт деп үмүт кылам. Буюрса, бир-эки айдан кийин эле телевизор чыгарууну кайрадан баштайбыз.

Аталган ишкана быйыл эки миңдей телевизор чыгарууну пландаган. Бирок шартка байланыштуу 300гө жакын гана телевизорду курап чыккан. Ушуну деле Кыргызстандын ичинде сатуу ишкерлерге кыйынчылык туудурууда. Эксперт Эрлан Камалов чек арадан аткезчилик менен өткөн арзан товарлар жергиликтүү өндүрүшкө зыянын тийгизип жатканын билдирди:

- Евразия экономикалык биримдигинин чек араларындагы эркиндиктен пайдаланып азыр өлкөгө аткезчилик менен товар алып кирүү күчөдү. Тиричилик техникалары эле эмес, башка товарлардын да аткезчилик жол менен кирип жатышы атамекендик товар өндүрүүчүлөргө көйгөй жаратып жатат. Себеби сырттан аткезчилик жол менен кирген товарлар бажы төлөмдөрүн төлөбөй кирет же минималдык өлчөмдө төлөп өтөт. Натыйжада алар Кыргызстандын ичинде өндүрүлгөн товарларга караганда арзан болуп, ички рыноктогу товарлардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн начарлатып жатат.

Бирок кир жуугуч жана телевизор чыгарган Кыргызстандагы биринчи ишкана катары “Жин Мей” заводуна чоң ишеним арткан Ош шаардык мэриясы заводдо өндүрүш токтобосун убада кылууда. Калаанын биринчи вице-мэри Замир Аскаровдун ырасташынча, иш жүрүүдө:

"Жин Мей" чыгарган кир жуугуч машина
"Жин Мей" чыгарган кир жуугуч машина

- Кытайда майрам көп болгону үчүн бир ай жумуш болбойт, биздеги кытай ишкерлери да өз өлкөсүнө кетет. Ошого байланыштуу заводдун иши бир-эки айга гана токтоп калды. Мунун баары убактылуу эле көйгөй. ЕАЭБге байланыштуу эч кандай маселе жок. Кийинки жылдын башынан баштап алар кайрадан эле кадимкидей тартипте иштей баштайт. Телевизорду мурдагыдай эле чыгара башташат. Биз буга кепилдик беребиз. Анткени биздин рынок, коңшу өлкөлөрдүн рыногу бул товарларга муктаж.

“Жин Мей” ишканасы жыл башынан бери 20 миңдей кир жуугуч машинесин чыгарган. Made in Kyrgyzstan деген жазуусу бар аппараттар негизинен Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрүнө экспорттолгон. Үй тиричиликке керектүү бул буюм чыгаруу иши токтой элек.

Ишкана келерки жылы 1,7 млн. доллар инвестиция тартып, муздаткыч жана газ плиталарды чыгарууну мерчемдеп турган. Бирок ага чейин эле минтип өндүрүш биротоло токтоп калуу коркунучуна кептелди.

Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин Ошто буга чейин ун чыгаруучу комбинат жабылып калган эле. Алар атаандаштыкка туруштук бере албай калганын бийликтер өздөрү да моюнга алат.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG