Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:11

Кимиң жалган, кимиң чыныгы сакчы?


Ош, 2010-жыл, июндагы коогалаң. Сүрөттүн макала каармандарына тиешеси жок.
Ош, 2010-жыл, июндагы коогалаң. Сүрөттүн макала каармандарына тиешеси жок.

Ошто милициянын формасын кийип алып бирөөлөрдү коркуткан 2 адам кармалып, аларга кылмыш иши козголду.

Тартип сакчынын кийими менен дагы 2 киши колго түшүп, аларга эскертүү берилип, койо берилген. Ушундан кийин милиция жөнжай жарандарга ички иштер кызматтарынын кийимин кийүүгө тыюу салды.

Бул чөлкөмдө 2010-жылдагы кандуу кагылыштан кийин айрыкча формачан адамдардан сестенип турушат.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыковдун тастыкташынча, милиция формасын кийип, бирөөлөрдү карактаган 2 жарандын үстүнөн иликтөө иштери жүрүүдө:

- Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын борбордук базардагы ишин текшерүү максатында рейдде жарандык коомдун 2 өкүлү атайын милиция кызматына таандык болгон бушлатты кийип жүргөндүгү аныкталды. Териштире келгенде анда күч органдарында иштеген документ жок болуп чыкты. Аларга катуу эскерүү берилип, койо берилди. Бирок мындай фактылар буга чейин да болгон. Дагы эки жаран аймактык инспектормун деп, атайын форманы кийип алып, адамдарды тоноп, алар ошол замат колго түшүрүлгөн. Учурда алардын үстүнөн тергөө иштери жүрүүдө.

"Ушундан соң шаардык башкармалык жарандардын калаада милиция формасын кийүүгө жана сатууга тыюу салды", - дейт Сыдыков:

- Көп учурда жылуулугуна, ыңгайлуу болгонуна кызыгып, жарандар милиция формасын кийип алышат. Бул эми мыйзамга деле, этикага деле туура келбейт. Башка жактан алганда күч органында иштебегенден кийин алардын кийүүгө акысы деле жок. Мындан ары шаардагы жарандарга милиция формасын кийүүгө расмий тыюу салынат.

Канткен менен шаардагы аскердик кийим сатуучу жайларда дагы деле милициянын, чек арачынын же дагы бир башка күч кызматынын адистик кийимин көрүүгө болот. Жөнөкөй сурасаң каалаганыңды ала аласың да, диктофонго келгенде эле бул кийимдер атайын кызматтын өкүлдөрүнө документ менен гана сатыларын угасың:

"Биз формаларды жалаң ошол адистин кызматкерлерине гана сатабыз. Маселен, милициянын формасын милицияга, коргоо аскеринин формасын аскерлерге, же аскердик кафедрада окугандарга сатабыз. Кийим алгандардын негизги бөлүгү эле аскер кызматтагылар", - дейт атын атагысы келбеген сатуучу.

Деген менен Ош шаарында ар бир он кадам сайын аскер кийимчен адамды көрүүгө болот. Алардын кимиси күч кызматкери, кимиси башка экенин карапайымдар биле бербейт. "Бул жарандарды ар кайсы ойго түртүшү мүмкүн" дейт серепчи Азамат Кожоев:

- Базарда баары сатылат дегендей, милициянын формасын каалаган жерден тапсаң болот. Каалаган, кызыккан адам сатып алып, кийип кете берет. 2-3 киши эмес, бул мына кыш киргенде шаардагы эркектердин 20-30% аскердик кийим, анын ичинде милициянын кийимин кийип жүрүшөт. Алар эми бири кызыгуу үчүн киет, башкасы аброй үчүн, же дагы бири коркутуу үчүн кийип жатат. Бирок алар ошол формалары менен айрымдардын жүрөгүнүн үшүн алып атышканын ойлошпойт.

Кожоев ошондой эле милиция формасын кийгендердин окуясына өзү күбө болгонун кошумчалады:

- Мен өзүм эле бир жарандын милициянын формасын кийип алып башка улуттун өкүлүн кармап, коркутуп жатканын көрүп-байкап калдым. Өзүнчө эле кыйын болуп, документтерин, айдоочулук күбөлүгүн, же дагы бир нерселерин сурап аркыны кыйнап атат. Тиги милициянын документин сураса, "жалган милиция" тап берип, "сен эмне форманы тоготпойсуңбу" деди. Акыры сураган акчасын берип жатып, араң качып кутулду. Мен жөнөкөй жаран болгондон кийин буга кантип кийлигише алам? Айла жок, жөн гана карап турдум.

Өзбек тектүү Оштун жашоочусу Салтанат Файзуллаева да «формачандардын» элди талап-тоноолору 2010-жылкы июнь окуясынан кийин көбөйгөнүн белгилейт:

- Кыргызстанда азыр бардык нерсе мүмкүн болуп жатат. Өзгөчө коогалаңдан кийин милиция формасын кийгендер үйлөргө кирип коркутуп, уруп-сабап, акча алып кеткендер өтө көбөйдү. Алар чыныгы милициябы, же башкабы билбейсиң. Ана-мына дешсе эле камайбыз деп коркутат. Айрыкча Орусияда иштеп келгендердин үйүнө жетип барышат да, коркутуп тонойт. Балким, алар милиция эместир, ким билет.

Ош шаардык ички иштер кызматкерлери да форма кийген «жалган милициялардын» айынан элдин милицияга болгон ишеничи дагы деле ордуна келбей жатканын ачыктайт. Бирок байкоочулар чыныгы милициялардын иши деле азырынча талапка жооп берберин эске салууда.


Аскер кийимин сатып алуу оңойбу?
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:07 0:00
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG