Өзгөн шаарынын мурдагы мэри, учурда Жогорку Кенеште Социал-демократтардан депутат Сабир Атажанов ал күндөрдү эскерип “Азаттыкка” маек курду.
- Өзгөн 90-жылдары Ош окуясынын очогу болду эле. Былтыр коогада Өзгөндө тынч болду. Кимдердин аракети менен?
- Биринчиден, 90-жылдардагы окуяны көргөн эл акылын жоготкон жок. Өлүмдү көргөн адамдар өздөрүн басып, токтото алды. Өзгөндө, анын тегерегиндеги жашаган элдин эмгеги болду. Атап кете турган болсок, Өзгөндүн акими Алишер Үркүмбаевдин ролу чоң деп эсептейм. Шаар ичин, айыл өкмөттөрдү тынбай кыдырып жүрдү.
Абдрахман ажы деген биздин чоң имамыбыздын, Суматулло ажы, Кабылжан ажы деген дин кызматкерлерибиздин эмгеги зор болду. Ошолор элди кыдырып, кызуу кандуулукка алдырбоого үндөп жүрүштү.
- Былтыркы июнь кагылыштарында Өзгөндө элдик күзөт болгонбу?
- Элдик күзөт болгон. Бирок 13-14-июндан баштап колго алынган. Ага чейин кырдаал жеке адамдардын эле көзөмөлүндө болду.
- Азыр эми аймакта абал кандай болуп атат?
- Аймакта абал тынч, стабилдүү.
- Эл арасында кагылыш кайталанышы мүмкүн деген ар кандай имиш кептер, кооптонуулар болуп атпайбы. Сиз азыр Өзгөндө жүргөн экенсиз, эки этнос арасында маанай кандай?
- Мен азыр Өзгөн шаарында жүрөм. Эми андай имиштерди угуп эле жүрөбүз. Канча жыл жашасак ошончону угабыз. Тополоңдун чыгышына азыр эч кандай себеп жок. Абал стабилдүү, жакшы.
- Мурда мэрдин кызматын аркалап, азыр Жогорку Кеңештесиз, депутаттык мандатыңыз бар. Сиздердин фракция эки эл ортосунда ынтымакты бекемдөө үчүн кандай чараларды көрүүдө?
- Мен мэр болуп турганда да, болбогондо да, депутат убагында деле адамды улутка бөлгөнгө каршымын. Адамды иштеген иши боюнча, акылы менен ажыратса болот. Эгерде биздин партиянын программасын окуй турган болсоңуз, ал жерде бардык улут өкүлдөрү бирдей каралган. Ажыратмай бизде жок. Ошондуктан партиянын катарында алты-жети улуттун өкүлдөрү отурат.
- Бүгүн июнь коогасында курман болгондорду эскерип, аза күтүү күнү өтүүдө. Артка кылчайып, ал күндөрдү эскерип, эмне айта аласыз?
- Эл өткөндөрдү эскерип атат. Бирок убакыт өткөн сайын бул ачуу секиндеп басылат. Мына 90-жылы да 300гө жакын адам өлгөн. Бул бара-бара эстен чыгат.