Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:33

Ош мэрлигин кимдер мелжеп жатат?


Ош облустук акимчилиги менен шаар мэриясынын имараты.
Ош облустук акимчилиги менен шаар мэриясынын имараты.

Ошто шаар мэрин шайлоону утурлай саясий күчтөрдүн ортосунда сүйлөшүүлөр, соодалашуулар башталганы байкалууда. Бирок шаар башчысын шайлоо күнү али белгилене элек.

Канткен менен шайлоо күнү белгилене электигине карабай, шайлоого карата даярдыктар кызуу жүрө баштагандай. Айрым билермандар мэрдин милдетин аткаруучу Мелис Мырзакматов ордунда калуу аракетин көрүп жатканын, бирок борбордук бийлик аны алмаштырууга кызыкдар экенин айтууда.

Шайлоо "шааниси" башталды

Бир жылча убакыттан бери каралып жаткан “Ош шаарынын макамы жөнүндөгү” мыйзамды өткөн айдын соңунда парламент жактырып, президенттин кароосуна жөнөтүлдү. Эми ага өлкө башчысы кол койсо, шайлоо күнү да белгилүү болот.

Ош шаарына да жаңы адамдар келип, жаңы иштер жасалышы керек. Жаштар келиши керек. Жаңылануу - бул мыйзам ченемдүү нерсе.
Арфидин Аланов
Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Аманулло Розыбаев мыйзам кабыл алынгандан кийинки жол-жоболор тууралуу буларды айтат:

- Шаар макамы боюнча мыйзамды Жогорку Кеңеш 31-октярбда карап чыкты. Мыйзамга ылайык, шаардык кеңештин депутаттары шаар мэрин 4 жылга шайлайт. Президент тарабынан мыйзамга кол коюлгандан кийин анан шайлоонун мөөнөтү белгилүү болот. Андан кийин Борбордук шайлоо комиссиясы тиешелүү тартиптерди иштеп чыгат.

Бирок шайлоо күнү аныкталгыча эле, шаардык кеңештеги партиялар арасында ар кандай сүйлөшүүлөр жүрүп, даярдыктар көрүлө баштагандай. Шаардык кеңештеги “Республика” фракциясынын төрагасы Арфидин Аланов мындай даярдык жүрө баштаганын четке какпайт:

- Шайлоого даярданбадык десем алдаган болом, биздин азчылык коалиция биргелешип даярданып атабыз. Азыр эми элди үгүттөө деген жок, ошол 22 депутат бирге туруп, бир план менен бир жакшы талапкерди алып чыгабыз. Расмий түрдө биз 4 партия биргебиз, “Улуттар биримдиги” партиясынын депутаттары да ынтымакта. Бирок калганы эми добуш бергенде билинет. Депутаттар кандай добуш берээрин бир өзү билет, бир Кудай билет.

Ош шаардык кеңешинде 45 эл өкүлү бар. Калаа жетекчисинин милдетин аткаруучу Мелис Мырзакматовго тиешелүү делген “Улуттар биримдиги” партиясы 21 депутаттык орунга ээ. “Замандаш” жана Кыргызстан элдик-демократиялык партияларынын бирден депутаттары да аталган партияга кошулуп, алар учурда көпчүлүк коалицияны түзөт.
“Улуттар биримдиги” фракциясынын ичинде келишпестиктер бар деген туура эмес. Биздин фракциянын ичиндеги депутаттардын, коалициянын ою, планы, стратегиясы бир. Биз кимди алып чыгаарыбызды качан эле чечип койгонбуз,
Рустам Мирзаматов

Калган 22 депутаттык орун КСДП, “Республика”, “Ата Мекен” жана “Адилеттүү Кыргызстан” партияларына тиешелүү. Бул азчылык коалиция азырынча кимди талапкер катары көрсөтөөрүн ачык айтпаганы менен, азыркы мэрди алмаштыруу керектигин ачык эле белгилешет:

- Жашырбай эле айтам, мен Мелис Мырзакматовдун ушул ишке келишине себепкерлердин биримин. Бул бала ушундай чарбакер, иш билги бала эле. Буга чейинки мэрлерден артык иштерди кылды. Бирок ал акыркы убакта өтө эле саясатташып кетти. Шаарда жасалган иштердин баарын эле "мен кылдым" дей бериши да туура эмес. Учурда шаарда көп мыйзамсыз иштер орун алып кетип атат. Ойго келбеген, пландалбаган иштер жүз берип атат. "Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат" дегендей, булар ошого кетип атышат. Ошон үчүн Ош шаарына да жаңы адамдар келип, жаңы иштер жасалышы керек. Жаштар келиши керек. Жаңылануу - бул мыйзам ченемдүү нерсе. Анан дагы бир нерсени жакшы түшүнүү керек. Кайсы бийлик болбосун оппозиция болбосо болбойт. Биз Мырзакматовду колдобой жатканыбыздан, ал бизди душман катары көрбөшү керек, - дейт “Республика” фракциясынын төрагасы Арфидин Аланов.

Талапкерлер талпынууда

Көпчүлүк коалиция да алдын ала бир чечимге келип, шаар мэрлигине кайрадан эле Мелис Мырзакматовдун өзүн сунуштаганы турушат. “Улуттар биримдиги” фракциясынын жетекчиси Рысбек Мирзаматов буларга токтолду:

- Эл ичинде айтылып жаткан “Улуттар биримдиги” фракциясынын ичинде келишпестиктер бар деген сөз таптакыр туура эмес, ушак нерсе. Биздин фракциянын ичиндеги депутаттардын, коалициянын ою, планы, стратегиясы бир. Биз качан эле чечип койгонбуз, бир эле биз эмес, жалпы шаардыктар чечип койгон болуш керек, шайлоого сөзсүз түрдө Мелис Мырзакматовду сунуш кылабыз. Анткени бул киши Ош шаарын кандай өнүктүрүп, кандай алдыга жылдырып койгонун баары жакшы билет.
Бир эле саясий күчтөр эмес, бул шайлоого криминал, уюшкан кылмыштуу топ, мафиялар аралашып атат.
Төлөгөн Келдибаев

Кантсе да эл арасында мэрликке сунушталчу башка талапкерлердин аты да айтыла баштады. Серепчи Төлөгөн Келдибаевдин айтымында, шайлоонун жыйынтыгын азырынча боолголоп болбойт:

- Азыр эми ачык эле айтыш керек, борбордук бийлик Мырзакматовду алмаштырууга өтө кызыкдар болуп турат. Бирок ошого карабай “Улуттар биримдиги” партиясы сөз жок Мелис Мырзакматовду мэрликке кайрадан сунуш кылат. Жакшы аракет кылышса жеңип да алышы мүмкүн. Азырынча берки азчылык коалиция кимди сунуш кылаары элдин бүйүрүн кызытып атат. Расмий эмес маалыматтарга ылайык, КСДП, “Республика”, “Адилеттүү Кыргызстан” жана “Ата Мекен” партиялары Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү боюнча жоюлуп кеткен дирекциянын жетекчисинин орун басары Айтмамат Кадырбаевди мэрлик орунга алып чыгышы мүмкүн деп айтылууда. Мындан сырткары Ош шаардык жана Ош областтык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Сүйүн Өмүрзаков да сунушталып калышы мүмкүн. А балким таптакыр башка бир талапкер да чыгып калат. Мындай караганда техникалык жактан жогорку талапкерлердин мүмкүнчүлүктөрү теңме-тең. Анткени көпчүлүк коалицияда 23, азчылыкта 22 орун бар. Бир эки добуш нары-бери болуп кетсе, жыйынтык ойго келбегендей болуп калышы мүмкүн.

Келдибаевдин белгилешинче, шайлоо башталбай жатып эмитен эле жарышка эки тарап тең болгон ресурстарын жумшоодо:

- Учурда шаардык кеңештеги саясий партиялардын арасында сүйлөшүүлөр, соодалашмайлар, кызмат сунуштамай, акча сунуштамайлар болуп жаткандай. Депутаттар алдын ала эле кымгуут болуп жүрүшөт. Кантсе да шаардык кеңештин депутаттары өздөрүнүн эрки менен, өздөрүнүн пикири менен добуш бере албайт. Аларды сөзсүз жетелейт, же акча берип алдайт, же коркутуп-үркүтүп добушун алат. Бирок эми шайлоонун жыйынтыгын этият кылышыбыз керек. Жыйынтыкка карап Ошто массалык башаламандык, же толкундоолор чыгып кетиши мүмкүн. Анткени бул жерде чоң саясий күчтөрдүн тирешүүсү болуп атат. Бир эле саясий күчтөр эмес, бул шайлоого криминал, уюшкан кылмыштуу топ, мафиялар аралашып атат.

Мелис Мырзакматов 2009-жылы, мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда Ош шаар мэринин кызматына дайындалган. Анын мөөнөтү ушул жылдын башында аяктаган. Азыр мэрдин милдетин аткаруучу катары иштеп жатат.

Жаңыдан кабыл алына турган мыйзамга ылайык, шаар мэрлигине талапкерди премьер-министр жана шаардык кеңештеги партиялар сунуш кыла алат.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG