Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:38

Мелис Мырзакматов: Жарага туз сеппеш керек


Мелис Мырзакматов
Мелис Мырзакматов

Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов “Азаттыктын” бир катар суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: Оштон адамдар тындырбай телефон чалып, 25-декабрда кайра тополоң чыгат экен деп кабатыр болуп жатышканын айтууда. Бул имиштер, сөздөр кайдан чыгып жатат деп ойлосуз?

Мелис Мырзакматов: Телефон аркылуу, Интернет кабарларда элди дүрбөлөңгө чакырган, тынчын ала турган имиштер күнүнө 5-6 жолудан болуп турат. Бирок анчалык кооптонууга негиз жок.

“Азаттык”: Жакында сиздин чечимиңиз менен массалык иш чараларды чектөө, же тыюу салуу жөнүндө, керек болсо мектептерде балатыны токтотуу тууралу сөздөр болгон экен. Эмне себептен ушундай чечим кабыл алынды?

Мелис Мырзакматов: Бул чечимди кабыл алууга эң негизгиси Бишкек менен Ошто болгон жардыруулар себеп болду. Бул да болсо коопсуздукту сактоонун бир түрү деп ойлойм.

“Азаттык”: Тактоо иретинде сурайынчы, жардыруулар болот дегендей сиздерде маалыматтар барбы. Себеби дал ошондой чечимдердин өзү адамдардын чочулоосуна негиз берип жатса керек?

Мелис Мырзакматов: Жаап-жашырып, анан кокустан бир жерден жарылуу болсо, эл дүрбөлөңгө түшүп, качып отурбашы үчүн биз жаңы идеологиябызды сунуштап жатабыз. Ошол эле терроризмге, сепаратизмге каршы, эл кабылдай турган идеологияны, элдик дипломатияны жана коомчулуктун өзүн карама-каршы коёлу деп чечип, ошондуктан баарын сак болууга, этият мамиле жасоого үндөп, чакырып жатабыз.

“Азаттык”: Кийинки кезде бир топ кыз-келиндер уурдалды, алар негизинен өзбек улутунда экен. Аларды белгисиз бирөөлөр уурдашкан экен, кээ бири айтат үчүнчү күчтөр болушу мүмкүн, кээ бири айтат кыргыздар деп. Ош милициясы болсо, кээ бири өзү эле үйүнөн кетип калган, кээ бири сүйгөнү менен басып кеткен деп билдирди. Ошол эле кезде маалымат сайттарында муну атайын эле уюштуруп жатат, анын ичинде жергиликтүү бийлик болушу мүмкүн деп айтылууда. Ушул имиштердин кайсынысына ишенсек болот?

Мелис Мырзакматов: Биздин мамлекет ачык эшиктердин мамлекети болуп калгандай болуп кээде сезилип кетет. Ошондой ушактарды таркаткан, бийликти аралаштырып күнөөлөгүсү келген, чыныгы күнөлүүлөрдү актагысы келген кээ бир бейөкмөт уюмдар, кээ бир эл аралык уюмдар ушундай каңшаарларды чыгарып жатат. Маселен, базарга кеткен кыз-келинди деле уурдап кетти деп атышат. Күч колдонуу, зордук-зомбулук боюнча факты жок. Кошунасына, же досунукуна чыгып кеткен кыз-келиндердин артынан ушундай ушактарды чыгарып атышат. "Самаркандда саман учту десе, Самаркандды өрт каптады" дегендей эле кеп. Ушулардын бардыгы провокация, кандайдыр бир кызыкдар тараптар, жергебизде чыңалуу, карама-каршылык болушун көздөгөн кара ниет күчтөр тарабынан ушундай ушактар чыгып атат.

“Азаттык”: Араван ооруканасында жаткан Ирода аттуу 16 жаштагы өзбек келиндин интервьюсу бизде турат. Ал мен чыга калсам, уурдап кетишти, урушту, ийне сайышты, анын ичинде өзбекче, кыргызча, казакча сүйлөп атты, ким уурдаганын так айта албайм деп айтыптыр. Ош милициясы кичине калп айтты окшойт, мен өзүм кетип калган эмесмин, уурдап эле кетти деп жазылып турат. Мүмкүн, эки эл кагышсын деген башка бир адамдар деген күмөн оюн да айткан экен. Сиз кайсы версиясына кошулат элеңиз?

Мелис Мырзакматов: Бул иштен кабарым жок экен. Мен Ош шаарынын мэри болгонума байланыштуу Араванда болгон окуяны билбейт экемин. Бирок өткөн окуяларга, мындай маселелерге абдан ойлонуп мамиле жасоого, билдирүү жасоого аргасыз кылат. Мүмкүн, чын эле жогоруда айтып кеткендей, биздин аймакта, биздин жергебизде тынччылыкты каалабаган, от жагыштын аракетин жасаган күчтөр бардыр. Бирок кыз-келиндер уурдалган фактыга, ал келин ушундай интервью берген убакта дагы мен ага ишене албайм.

“Азаттык”: Жакында Оштогу өзбек диаспорасынын лидерлери сиздин катышууңуздагы жыйында сепаратисттик маанайга жана ураандарга каршы билдирүү кабыл алышты эле. Ошондо бир топ лидерлердин даректерине да сындар айтылган эки элди кагыштырганга аябай чоң кыянатчылык кылышты деп. Азыр ошондой сепараттык кыймылдар, же ошондой ишти жасап аткан адамдар барбы?

Мелис Мырзакматов: Бул суроону атайын кызматтарга, же укук коргоо органдарына бериш керек. Ошондой болсо дагы мен андай күчтөр такыр жок деп айта албайм, андайлар болушу мүмкүн.

“Азаттык”: Ошол билдирүү таратылгандан көп өтпөй эле айрым сайттар бул билдирүүнү Ош мэринин кысымы астында жазылган деп жарыялашкан эле...

Мелис Мырзакматов: Ушундай билдирүүлөрдү, жалган ушактарды таркаткан Интернет сайттар, же басылмалдар өкмөт тарабынан көзөмөлгө алынышы керек деп эсептейм. Ушулардын бардыгы катышып отурбагандан кийин, аны көзү менен көрбөгөндөн кийин бөлөк региондун, же бөлөк мамлекеттин жарандарын тескери түшүнүккө багыттап жатышпайбы. Эми эмнелерди гана айтып мени каралап жатышат дейсиңер.

“Азаттык”: Жанаша, иргелеш жашаган эки элдин жарашуу жараяны, жара кайсы мезгилде айыгып, Ош кайрадан өзүнүн мурдагыдай касиеттүү турумушуна кайтып келет деп айта аласыз?

Мелис Мырзакматов: Мен бул окуялардын карасын да, агын да өз көзүм менен көргөм. Жараат абдан терең кеткен. Эки эл тең окуялардын чыныгы күнөөлүүлөрүн таап, акты ак, караны кара демейин, ал жаап-жашыруу саясаты, кандайдыр бир будамайлоо саясаты дагы кийинки жаңжалдарга урук себет. Ошондуктан, Ош окуясына өзгөчө маани берилиш керек, жаңылап тергөө иштерин жүргүзүш керек, парламенттик комиссия сөзүн айтыш керек. Күнөөлүүнү жоопко тартып, атын атамайын, бул маселе эч качан жөн калбайт. Себеби кайталап кетейин: жарака абдан терең.

XS
SM
MD
LG