Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:03

Ошто оппозиционерлердин сабалышы иликтенүүдө


Оппозициянын курултайын 11-апрелге белгиленген
Оппозициянын курултайын 11-апрелге белгиленген

Оппозиционерлер Ош облустук ички иштер башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Абдылда Капаровдун үйүндө топ адамдар тарабынан ур-токмокко алынышканы тууралуу айтышууда.

Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Абдылда Капаровдун бойго жеткен кызы атасынын өмүрү коркунучта экенин айтууда. Дарбазадан ашып түшүп, коноктор отурган үйгө бастырып кирген топту биринчи көргөн кыз окуядан кийин да өзүнө келе албай жатат. Окуя кечээ кечки саат тогуздарда орун алган.

Үй ээси Абдылда Капаров конокторуна кол салууну жергиликтүү бийлик уюштурду деп эсептейт.

- Чай ичип эле отурганбыз. Бул дарбазадан жүздөй бала ашып кирип, бар-жогумду талкалап кетишти. Мындай окуялар Кыргызстанда биринчи жолу болгон жок. Буга чейин Камчыбек Ташиевди арматура менен аэропортко чейин уруп барышкан. Менин үйүмдөн 50 метр арыда УКМКнын имараты, анын маңдайында Ош шаардык милициясынын имараты, сол тарабымда 500 сакчысы бар шаардык кайгуул күзөт бөлүгү турат. Милициянын дарбазасында турган үйдө ушундай окуя болуп жатса, милиция элдин коопсуздугун сактайт деп ким кепилдик берет? Бул жерде мен шектенген үч эле киши бар. Бул азыркы бийликтин этегине кирип алып, "киши өлтүрсөк да жазаланбайбыз" дегендин уландысы.

Абдылда Капаров
Абдылда Капаров

Абдылда Капаровдун үйүндө жакында түзүлгөн Улуттук оппозициялык кыймылдын төрагасы Кубанычбек Кадыров, Жалал-Абад облусунун мурунку губернатору Бектур Асанов, УОКтун мүчөсү Улукбек Маматаев болушкан. Алар Жалал-Абадда оппозициянын курултайын өткөрүү тууралуу сүйлөшмөк.

Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөсү Төлөгөн Келдибаев да сабалганы боюнча ооруканага жөнөп жатып, аларга кол салуу жергиликтүү милиция менен кылмыштуу топтордун кызматташтыгынын далили экенин айтты:

- Чагымчылдык кылып атышабы, бийлик атайлап жасап жатканы белгисиз. Бийлик ушундай жол менен бийликти сактап калабыз дешсе терең жаңылышат. Бийликти мындай кылып сактабайт. Маңдай-тескей сүйлөшүүгө барыш керек. Мунаса табууга аракет кылуу керек. Оппозициянын жөндүү ойлору болсо аны угуу керек. Кыргызстанда качан адам укугу сакталат? Качан криминалдар өзүнчө, милиция өзүнчө иш кылат? Абдылда Капаровдун үйүнө жүздөгөн баланын бастырып киргени бул бийликтин бандиттик топтор менен кызматташканынан кабар берет.

Төлөгөн Келдибаев "Азаттыкка" үйгө кол салган балдар УОКтун лидери Кубанычбек Кадыровду, Бектур Асановду, Улукбек Маматаев менен кошо Бектур Асановдун жансакчысын да алып кетишкенин, алар азыр кайда экени белгисиз болуп жатканын маалымдаган.

Бирок эртең менен Улуттук оппозициялык кыймылдын лидери Кубанычбек Кадыровго “Азаттык" байланышка чыкканда, түндөгү кол салуу учурунда аларды белгисиз бирөөлөр үйдөн сүйрөп чыгып, “жашоо керек болсо, бул жерден кетип калгыла” деп коркутушканын айтты:

- Өмүрүбүздүн коопсуздугун сактоо үчүн түнү менен Бектур Асанов, Улукбек Маматаев менен чогуу Жалал-Абадга такси менен келдик, жолдо үч такси алмаштырдык.

Оппозицияга кол салуу болду деген үй. Ош шаары
Оппозицияга кол салуу болду деген үй. Ош шаары

Улуттук оппозициялык кыймылдын өкүлдөрүнө кол салуу болгону тууралуу маалыматты Ош шаардык Ички иштер башкармалыгы иликтеп жатат. Мекеменин басма сөз катчысы Замир Сыдыков “Азаттыкка” билдиргендей, 9-апрель күнү кечки саат 9:15те оппозиционерлер конокто отурган үйдө жаңжал болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Бирок күч кызматкерлери айтылган дарекке барганда эч кандай тополоңдун изи байкалган эмес:

- Алиев көчөсүндөгү 106-үйдө ызы-чуу болуп жатканы тууралуу маалымат милицияга келип түшкөндөн соң ыкчам иликтөө тобу жетип барган. Ал үй Ош обулстук Ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы Абдылда Капаровго таандык экени аныкталды. Эч кандай тополоңдун изи жок экенине карабай, атайын экспертиза дайындалды,- дейт Сыдыков.

Милиция бул боюнча оппозиция мүчөлөрүнө сырттан кол салуу болбой эле, ич ара келишпестик болушу мүмкүн деген версияны айтууда.

Ош: оппозиция сабалган үйдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:05 0:00

Оппозиционерлер отурган үй шаардык милициянын жана Ош облустук УКМКнын имаратынан 100 метрдей, шаардык кайгуул-күзөт кызматынын имаратынан 50 метрдей аралыкта, бир көчөдө жайгашкан. Үйдө көзөмөл камералар болгон эмес. Үйгө тобу менен бастырып кирген жигиттер жүздөрүн жашырышкан эмес. Окуянын күбөлөрү алардын айрымдарын тааный турганын айтышууда.

Ош шаарындагы кечээги кол салуу, Курултайды болтурбоо аракети тууралуу УОК бүгүн билдирүү жасамакчы. УОК 11-апрелде Жалал-Абадда Элдик курултай өткөрүүгө даярданып жаткан. Милиция бул окуя боюнча бүгүн комментарий берери айтылууда.

XS
SM
MD
LG