Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:34

Кутушев: Элде оппозициялык маанай жок


Абдыманап Кутушев
Абдыманап Кутушев

Кыргызстандын азыркы бийлиги мурункулардан айырмаланып тарыхта биринчи жолу мүмкүн болушунча таза шайлоого бел байлады.

Оппозициянын шайлоого катышууга да, көзөмөл жүргүзүүгө да толук укугу бар. Мындай пикирин "Азаттыкка" Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынан депутат Абдыманап Кутушев билдирди.

"Азаттык": Оппозиция 31-мартта Жалал-Абадда республикалык жыйын өткөрөрүн жарыялады. Учурда эл арасында оппозициялык маанай канчалык деп ойлойсуз?

Кутушев: Биз жакында эле эл менен жолугуп келдик. Төрт районду кыдырдык. Апрель айында дагы башка жактарга барабыз. Эл мурункуга караганда саясий суроолорду көп бербей, негизинен социалдык-экономикалык маселелер жөнүндө сүйлөп жатат. Бул элдин саясаттан чаалыкканын, көбүнчө экономикалык маселелерге көңүл буруп жатканын билдирет. Ал эми саясатка барам дегендер быйылкы жылдын 4-кварталында өтө турган шайлоого даярдансын.​

"Азаттык": Бирок ошол шайлоо таза эмес өтөт, себеби Борбордук шайлоо комиссиясы азыркы турумунда бийликке керектүү натыйжа чыгарып бере турган орган болууда деп оппозиция кооптонууда...

Кутушев: Мындай аргументтер, менимче, суу кечпейт. Себеби ошентип айтып жаткан тараптар буга чейин болгон жергиликтүү шайлоолорго деле катышкан жок. Демек, алар бийликке шайлоо жолу менен эмес, башка жол аркылуу келем деген күчтөр болушу мүмкүн. Ал эми азыркы Борбордук шайлоо комиссиясы шайланганына бир топ жыл болду. Анын азыркы төрагасы “Ар-намыс” фракциясынан сунуш кылынган болчу. БШКнын ичинде деле өз ара талаш-тартыштар көп. Биз мыйзам долбоорлорун талкуулаганда ар кимиси өз позициясын айтып жатканын көрүүдөбүз. Аларда бирдиктүү позиция жок. Төрагасына да карама-каршы айтылган пикирлер көп болот...

Бийликке келем десе быйылкы шайлоого катышуу керек. Каалагандын баары катышууда. Бизде сөз эркиндиги да, саясий эркиндик да бар.

"Азаттык": Демек, оппозиция талап кылып жаткандай, алдыдагы шайлоонун үстүнөн көзөмөл жүргүзүү үчүн жарандык комитет түзүү зарылчылыгы жок деп ойлойсузбу?

Кутушев: Менимче, жок. Себеби бизде ансыз деле бардык мамлекеттик органдар, коомдук уюмдар жеткиликтүү иштеп жатат. Дагы бир уюм түзүүнү каалагандар үчүн жол ачык.

Ал эми бийликке келем десе быйылкы шайлоого катышуу керек. Каалагандын баары катышууда. Бизде сөз эркиндиги да, саясий эркиндик да бар.

Эсиңизде болсо, 2010-жылы парламенттик шайлоого 29 партия катышкан. 2011-жылы президенттик шайлоого 89 талапкер ат салыша баштаган. Каалаган тараптын шайлоого кеңири катышуу мүмкүнчүлүгү, менимче, азыр Борбор Азияда бир гана Кыргызстанда бар.

"Азаттык": Азыркы шайлоо мыйзамдары бийликтин кийлигишүүсүн минималдаштыруу жагынан кепилдик бере алабы же оппозиция кооптоно тургандай мүчүлүштүктөр барбы?

Жөн эле митинг, пикет деп кыйкыра бербей, бийликке шайлоо жолу менен келишти ойлонуу керек.

Кутушев: Азыркы процесстердин ичинде “кайнап”, көрүп жаткан киши катары айта алам – бул бийлик, мурункулардан айырмаланып, тарыхта биринчи жолу мүмкүн болушунча таза шайлоого бел байлады. Жарандарды биометриялык каттоонун негизги максаттарынын бири – таза шайлоону камсыз кылуу. Албетте, анын криминалга каршы күрөшүү, адамдардын коопсуздугун сактоо сыяктуу башка да максаттары бар.

Быйыл шайлоо процессин максималдуу түрдө таза жана адилеттүү кылыш үчүн биз ушул кадамга баралы деп чечтик. Азыр ошол мыйзам долбоору талкууланып жатат. Ага да бут тосуп жаткандар, мурункудай “карусель” кылып жиберели, бюллетендерди топ-тобу менен таштаганга мүмкүнчүлүк алалы деген күчтөр бар.

Бирок андайга жол бербеш үчүн биометриялык каттоонун негизинде идентификация кылып, шайлоо жыйынтыгын максималдуу таза чыгарганга аракет кыла турган мыйзамдарды киргизели деп жатабыз.

"Азаттык": Мыйзам боюнча партия, уюмдар жергиликтүү участкалык комиссиялардын курамына киргенге, шайлоону көзөмөлдөгөнгө укуктуу эмеспи. БШК бул боюнча атайын кайрылуу жарыялап, чакырат адатта. Оппозиция өкүлдөрү ошол мүмкүнчүлүктөн пайдаланып жатабы?

Кутушев: БШК качан бересиңер, кээ бир комиссияларда киши жетишсиз деп эле ыйлактап жатпайбы! Партиялар активдүү иштеши керек.

Эгерде партия өзүн олуттуумун деп эсептесе, мүмкүн болушунча аймактарда өзүнүн бөлүмдөрү, ячейкалары болушу шарт. Ошолор аркылуу өз адамдарын участкалык комиссияларга байкоочу, мүчө кылып өткөргөнгө аракет кылуусу зарыл.

Ошондо партия өзү шайлоого катышып жатканда баарын көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк алат. Бул жагынан бизде эркиндик бар.

Жөн эле митинг, пикет деп кыйкыра бербей, бийликке шайлоо жолу менен келишти ойлонуу керек. Ошондо элге да ишенимдүү, ынанымдуу, бардыгы мыйзам чегинде болот.

XS
SM
MD
LG