Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:41

Ошто коогалаң курмандыктары эскерилди


Президент Роза Отунбаева жана ЖК төрагасы Ахматбек Келдибеков эскерүү учурунда. Ош, 11-июнь, 2011.
Президент Роза Отунбаева жана ЖК төрагасы Ахматбек Келдибеков эскерүү учурунда. Ош, 11-июнь, 2011.

Бир жыл мурдагы кооганын курмандыктарын эскерүү иш-чарасына өлкө президенти Роза Отунбаева катышып, элди ынтымакка чакырды.

Былтыркы июнь коогалаңыңда курман болгондорго арналып Ош шаарында “Энелердин көз жашы” эстелиги ачылды. Анын алдында шейит кеткендерге багышталып куран окулду.

Президент Роза Отунбаева былтыркы коогалаңда Оштун эли адамгерчиликтин кашкайган үлгүсүн көрсөткөндүгүн ачыктады:
"Энелердин көз жашы" эстелиги.


- Биз былтыр ушул маалда тынбай атылган окторду, андан кыйылган өмүрлөрдү, ошондой эле чекесинен күйүп жаткан үйлөрдү, талап-тоноочулукту жана мыкаачылыктиы көрдүк. Көрдүк дагы көргөн көзүбүзгө ишенбедик. Ошол эле маалда боорукердиктин, адамгерчиликтин жана кайрымдуулуктун кашкайган үлгүсүнө күбө болдук. Жүздөгөн кыргыздар өзбек туугандарды үйлөрүндө, тескерисинче, миңдеген өзбектер кыргыздарды үйлөрүндө жашырып олтурушту. Ошентип, аларды бөөдө өлүмдөн арачылап калышты. Баштарына мүшкүл түшкөндө эки эл ушинтип бири-бирине караан болуп, такай жардам берип турушту.

Сөз арасында Роза Отунбаева өлкөдө азыр деле кырдаал тынч эмес экендигин жашырган жок:

- Мына бүгүн дагы эл башына түшкөн кайгыдан, жазыксыз төгүлгөн кандан, бейкүнөө шорголоп аккан көз жаштан кандайдыр бир саясий упай топтоп, жалпы элдик трагедияны саясий таймаштын куралы сыңары колдонгусу келгендер бар. Азыр деле ар кандай шылтоо менен эл ынтымагын кайрадан ыдыратып, калкты кайрадан кагыштырууга ниеттенген күчтөр бар. Алар дале арам аракеттерин токтотуша элек.

Эскерүү жараянына Кыргызстандагы бир катар элчиликтердин өкүлдөрү дагы катышышты. Алардын бири - Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Валентин Власов буларга токтолду:

- Мындан бир жыл мурун Кыргызстанда жүз берген трагедия биздин гана эмес бүтүн дүйнө жүзүнүн жүрөгүн оорутту. Менимче, буга эки гана нерсе түрткү жасагандай: мыйзамсыздык жана жоопкерчиликтин жоктугу. Ушунун өзү былтыркыдай тирешүүлөргө жана кагылышууларга сөзсүз алып келет. Ошон үчүн бүгүн дүйнөлүк коомчулук Бобор Азияда, анын ичинде Кыргызстанда тынччылык жана тартип өкүм сүрүшүнө абдан кызыкдар. Ошондой эле ар бир үйдө бейпилдик жана жыргалчылык такай болуп турушун каалайт...
Эскерүү иш чарасынан. Ош, 11-июнь, 2011.


Кыргызстан элдер Ассамблеясынын Оштогу бөлүмүнүн жетекчиси Абдыкадыр Сапарбаев белгилешинче, бир жыл мурунку коогалаңдын уюштуруучулары кармалып жазаланмайынча, эл арасындагы кооптонуу дале тынчыбайт:

- Кыргызда жакшы макал бар. “Ким колу менен кылганды моюну менен тартсын” деген. Жаанагындай арам ойлууларды кимдигине, кайсыл улуттан экендигине жана кызматына карабастан Кыргызстанга алып келип, токтоосуз түрдө жазалоо абзел. Эгерде өлкө ичинде жок болсо, аларды укук коргоо органдары жердин жети түбүнөн болсо да таап, эл көзүнчө жазалаш керек. Антпесе, муну тарых жана эл эзели кечирбейт!

Мындай пикирди Ош шаарынын дагы бир тургуну, шаардык “Ош шамы” гезитинин өзбек бөлүмүнүн кабарчысы Ширманай Байназарова дагы кубаттады:

- Эч кайсыл эл, эч кайсыл улут жаман окуянын болушун каалабайт. Былтыркы тополоң эч качан улуттар аралык жаңжалдашууга жатпайт. Көпчүлүк айтканында жан бар, муну үчүнчү күчтөр уюуштурушу ыктымал. Анткени, ушул тапта мындай каргашанын эч кимге кереги жок. Өзбектер дагы, кыргыздар дагы – Түрк Атанын балдарыбыз. Ырас, адамдын жаманы болушу ыктымал, бирок, улуттун жаманы жок. Былтыркы тоз-тополоңду уюштургандар сөзсүз жазаланышы абзел.

XS
SM
MD
LG