Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:54

Ош: Батирлер 30-декабрда бериле баштайт


Жаңы турак-жайдын курулуш иштери жайында эле башталган. Ош, 26-август, 2010-жыл
Жаңы турак-жайдын курулуш иштери жайында эле башталган. Ош, 26-август, 2010-жыл

Кыргызстандын өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев Ош облусунда болду. Июнь кагылышында набыт болгондордун жакындары түзгөн “Ош шейиттери” коомдук бирикмесинин мүчөлөрү аларга мамлекет көңүл бурулбай жатканын айтышты. Ошондой эле калаа тургундары шаарда али толук тынчтык орной электигин жана июнь окуясынын күнөөкөрлөрү али иликтенбей жатканын доомат коюшту.

Ош шаарынын тургундары аймакта коопсуздук маселеси дагы деле курч бойдон калып жатканын өкмөт башчысы менен болгон жолугушууда билдиришти:

- Шаардын тынчтыгы болушун коогалаңдан кийинки биринчи күндөн бери айтып келе жатабыз. Бирок дагы деле камсыз болбой турат. Биз балдарыбыз менен чыңырып ыйлап жүрөбүз. Стабилдүүлүк качан орнойт, коопсуздук качан чечилет? Биз эми кантип жашайбыз?

Тургунайым Айтиева
Ошондой эле Ошко алгачкы иш сапары менен келген премьер-министр Алмазбек Атамбаевден шаардыктар июндагы окуяларга байланыштуу кылмыш иштерди кайрадан иликтөөнү керектигин айтышты. Шаардын жашоочусу Тургунайым Айтиеванын айтымында, “иликтөө иштеринде коррупцияга жол берилип жаткан” экен:

- Тергөө иштери башынан башталып, кайрадан иликтенип чыгыш керек. Бизге мындай нерсенин кереги жок. Соту бүткөнү да, соту боло элеги да тыкыр иликтенишин талап кылабыз. Анткени жабыр тарткандардын ыйлап сыктап, көңүл бураарга алы келбей жатканынан пайдаланып бардык документтер бузулуп кеткен. Айрыганын айрып, тытканын тытып, тергөөчүлөр өздөрүнө керектүү гана документтерди калтырып коюшкан. Алар акчага иштеп атышат.

“Ош шейиттери” коомдук уюмунун жетекчиси Тургунайым Айтиева июндагы коогалаңда набыт болгондордун жана жоголгондордун туугандарына мамлекет тарабынан жакшы көңүл бурулбай жатканын билдирди. “Жада калса аларга бериле турган акчалай жардамдар да дарексиз калып жатат”,-деди ал:

- Азыр биздин коомубузда 4-5 аял бар. Жергиликтүү бийликтен да, жанагы Өктөмхан Абдуллаева дегенден да миң жолу суранышты. Жок дегенде, коогалаңдан өлгөндөрдүн кредиттерин кечип жибергиле деп. Ушуну өлүп калыптыр, ушуну өкмөт моюнуна алып койсун деп койсо эмне болот? Мына, 4-5 аял жакында батирлерин өткөрүп беришет да, өздөрү балдары менен көчөдө калышат.

Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев тургундар көтөрүп жаткан маселелердин орундуу экенин айтып, тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берди. Ошондой эле ал, Ош шаарындагы курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөр биринчи болуп жайдагы окуяларда жакындарын жоготкондорго берилерин айтты:

- Коогалаңдан каза болгондордун кредиттери жабылыш керек. Кайсы банктан, кимдин канча кредиттери бар – мага тактап бергиле. Мен январь айынан баштап, каражат таап, бул маселени чечем. Анан жайдагы окуяда өлгөндөрдүн жана жоголгондордун жакындарына жанагы курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдөн бирден батир суралбай берилсин. Биринчи 75 батирлүү 5 кабаттуу үй 30-декабрда берилет.

Жүрөк сыздаткан жер маселеси

Жолугушуунун жүрүшүндө өкмөт башчы ноябрь айында жер басып алгандардын да ойлорун укту. Жерге муктаждар тарабынан түзүлгөн комиссиянын төрайымы Тургунбү Аскербекова жер маселеси көп жылдык социалдык көйгөйгө айланганын айтты. Анын белгилешинче, учурда жерге муктажмын деп аларга жазылгандардын саны 15 миңге чукулдаган:

- Азыр Ош шаарында жерге муктаждардын саны 40 миңге жетет экен. Бизге келип жер керек деп жазылгандардын саны 15 миңден ашты. Алар же айлыгы жок, же иши жок, үстүндө үйү жоктор, батирде жашагандар. Ошолор анан 7-ноябрда жер басып алганы чыгышты. Мажбур болгонунан чыгып отурушат. Ошондуктан бул маселени эрте чечип беришиңизди суранабыз.

Коогаланда жакындарын жоготкондор
Тургундардын ойлорун уккан өкмөт башчы кийинки жылдын февраль айына чейин жер маселелеси толук чечилерин убада кылды. Алмазбек Атамбаевдин айтымында, Ош шаарында ортосунда калган жерлерди шаардын карамагына өткөрүү менен жер тилкелери бериле баштайт:

- Биринчиден, Ош шаарынын жана Ош облусунун тургундарына канча кишиге, канча жер берилет бүт такталсын. Канча жерге керек болсо, ал кайсы жер берилет ал дагы табылсын. Бул маселе да жаңы жылдын январь айынын аягына чейин жер берилет деп чечим чыгарабыз. Анан ушу анклав деген нерсе жок болсун. Шаардын карамагында болгон облусттун жерлерин облус кечип жиберсин, облустун аймагында болгон шаардын жерлери керек болсо облуска өткөрүлүп берилсин.

Алмазбек Атамбаев Оштогу иш сапарында Кара-Суу районунун бир нече айыл округдарында болуп, айылдар түшүүгө ылайыктуу болгон жерлер менен таанышты. Маалымдалгандай эл аралык уюмдардын колдоосу менен кийинки жылдын жаз айларына таяп Кара-Суу районунун Нариман айыл округунда 12 500 адам жашоого ылайыктуу Адыгине кичирайону жана 64 жер үйдүн курулушу башталмакчы.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG