Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:43

Отунбаева: Билим берүү реформага муктаж


Экс-президент Роза Отунбаева өткөн аптада Алай жана Кара-Суу райондорундагы бала бакчалар менен таанышуу учурунда Кыргызстандагы билим берүүнүн сапаты өтө төмөн экендигин айткан.

Роза Отунбаева билимдин сапатын жогорулатуу үчүн жогорку окуу жайларын дээрлик 70 пайызга азайтуу керектигин билдирген. "Азаттык" буга байланыштуу Отунбаевага айрым суроолор менен кайрылды.

- Алайдагы иш сапарыңыз учурунда Кыргызстандагы окуу жайларда билим берүү сапатына төмөн деген баа бердиңиз. Мындай пикирге эмне негиз болду?

Роза Отунбаева: Мына жакында эле президент чоң жыйын өткөрүп, биздин билим берүү тармагы чындап эле чоң реформага муктаж экенин айтпады беле. Анын сыңарындай, билим сапатынын төмөн экендигин бүгүнкү турмушта ачык эле сезип жатабыз. Дипломдор көп, бирок билим жок.

- Билим сапаты төмөн деп айтууга конкреттүү мисалдарды келтире аласызбы?

Отунбаева: Биз дүйнөлүк маркетте такыр эле атаандаштык түзө албай жатабыз. Жаштарыбыз жүрүшөт, үч-төрт дипломду кармап. "Меним балам англис тилин жакшы билет, бирок эч ким жумушка албай жатат",- дегендер бар. Эгер чын эле билимдүү болсо, кантип эле жумуш табылбасын?

Гезит-журналдарда жумушка чакырган жарыялар толтура, өзгөчө эл аралык уюмдардын жарыялары көп. Алар эч качан тааныш-билиш аркылуу жумушка албайт, алар билимдүүлөрдү издешет.

- Бул жаатта көбүнчө жаштарга "окууга кызыгуусу жок" деген кине коюлуп келет. Бир тараптуу баа берүү канчалык негиздүү?

Отунбаева: Мен да университетте иштегем. Конспекттерди чала сабаттуу профессор сыяктуу кишилер айтып беришет да, анан ошол конспектти алып келип көрсөтпөсө, студентке эки деген баа коюп коёт. Андай окутуучулар азыр деле бар, тилекке каршы көп.

- Билим берүү жаатында реформа зарыл деп жатасыз. Реформалоонун кандай түрүн сунуштайсыз?

Отунбаева: Чын эле реформалоо милдети алдыбызда турат. Биздеги 50 университеттин ордуна 10-15 эле жогорку окуу жайы калыш керек. Совет доорунда Кыргызстанда ашып кетсе жети же сегиз университет бар эле. Бардыгында билим берүү сапаты мыкты болчу. Азыр болсо баары өзүнчө бөлүнүп кеткен. Жалпы идеологиянын жок экени да ошондон.
XS
SM
MD
LG