Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:26

Ош мэрин сындаган юрист иштен кетти


"Байчечекей" бала бакчасы
"Байчечекей" бала бакчасы

​“Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев бала бакчанын директору классташы болгону үчүн коргоп жатат” деп билдирүү тараткан юрист Гүлчөбек Максутов иштен бошотулду. Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын адиси буга да мэр кийлигишкенин айтууда.

Наристелерге курттаган тамак берүү фактысы боюнча “Байчечекей” бакчасынын азыркы жана мурдагы жетекчилери да иштен четтетилгени айтылды. Ал эми билим берүү мекемесинин жетекчиси менен калаа бийлиги бул маалыматтарды төгүндөп жатат.

“Байчечекей” бала бакчасында жумуштан бошотулган он чакты кызматкер мекеме жетекчиси Орозгүл Бектанова балдарга курттаган тамак бердиргенине карабай аны Ош шаардык билим берүү башкармалыгы кызматтан кетире албай жатканын айтышкан эле. Мунун себебин алар Бектанова мэрдин классташы экени менен түшүндүрүшкөн.

Мындан көп узабай ушул эле ойду Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын юристи Гүлчөбек Максутов да тастыктап, маалымат каражаттарына билдирүү тараткан эле. Бирок мындан апта өтпөй Максутов өзү да иштен кол жууп отурат. Ал муну да шаар жетекчиси Айтмамат Кадырбаев менен байланыштырууда:

- Ош шаар мэри Айтмамат Кадырбаев шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Куштарбек Кимсановду чакырып, “юристиңди жумуштан кетиресиң, буйрукту мага алып келип көрсөтөсүң” дептир. Анткени мен №37 “Байчечекей” бала бакчасынын директору Орозгүл Бектанова Айтмамат Кадырбаевдин классташы экенин, ошол себептүү мэр аны калкалап жатканын маалымат каражаттарына айтып койгом. Мэр Кадырбаев чындыкка чычалап, күчүн Кимсановдон чыгарыптыр. Кимсанов болсо коркконунан мени иштен бошотуп койду. Мени мыйзамсыз жумуштан алганы үчүн эми мен мэрди да, Ош шаардык билим берүү башкармалыгын да сотко берем.

Гүлчөбек Максутов
Гүлчөбек Максутов

Максутовдун айтымында, бала бакча жетекчиси Орозгүл Бектанова буга чейин балдардын тамагына бөлүнгөн акчаны өөнөп алганы далилденип, кызматтан бошотулган. Аны кийин Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев кайра ордуна отургузган.

- Орозгүл Бектанова Ош шаардык билим берүү башкармалыгына 63 миң сомдон ашык зыян келтирген. Мындан сырткары 42 килограмм эт алдым деп жардамчысына акт толтуруп бизге тапшырып, бирок факт жүзүндө эки килограмм эле эт алган. Андан өп-чап тамакка кошуп, 300дөй балага бир аптага жеткирген. Курттап кеткен макаронду ашпозчуларга берип, мажбурлап тамак жасаткан. Жумушка мас болуп келгенин да далилдегенбиз. Ушунун баары так аныкталса да биз Бектанованы иштен айдай албай койдук. Анткени ал калаа жетекчиси Кадырбаевдин классташы экен. Биз аны иштен бошотуу боюнча буйрук чыгарган элек. Ага болбой эле шаар мэри биздин жетекчини чакырып, кысымга алып, иштен кетирбей койду. Мени жалган айтты десе, мен аны сотто да далилдеп берем,- деди Максутов.

Куштарбек Кимсанов шаар жетекчилери менен бала бакчаларды текшерүүдө.
Куштарбек Кимсанов шаар жетекчилери менен бала бакчаларды текшерүүдө.

Ал эми Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Куштарбек Кимсанов Гүлчөбек Максутовдун иштен бошотууга калаа жетекчиси Айтмамат Кадырбаевдин аралашканын ырастаган да, четке каккан да жок. Анын айтымында, бул мекеме менен юристтин ортосундагы гана келишпестик болду:

- Юрист биз менен атайын түзүлгөн келишимдин негизинде иштечү. Буга чейинки майнапсыз иштеринен улам, биз аны менен түзгөн келишимди токтотууга аргасыз болдук. Келишимди бир тараптуу токтотууга укугубуз бар, ал Эмгек кодексинде жазылган. Кадырбаевдин бул ишке кийлигишкенин мен уккан жокмун, бул тууралуу билбейт да экем.

Кимсанов ошондой эле буга чейин бала бакчада курттаган тамак берилгенин, бакча жетекчиси мас болуп жумушка келгенин да четке какты.

Орозгүл Бектанова менен анын кызматкеринин сүрөтү.
Орозгүл Бектанова менен анын кызматкеринин сүрөтү.

“Байчечекей" бала бакчасынын жетекчиси Орозгүл Бектанова болсо буга чейин “Азаттыкка” маегинде өзүнө коюлган айыптарды төгүндөгөн. Ал мунун баарын мекеменин мурдагы башчысы Гүлнара Сагынбаева уюштуруп жатат деп билдирген эле. Ушул тапта Орозгүл Бектанова да, ал айыптап жаткан Гүлнара Сагынбаева да ооруканада жатат:

- Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевди мэр катары тааныйм, бирок жеке тааныштыгым жок. Мен эч жерде соттолгон эмесмин, анын баары жалган. Фамилиямды өзгөрткөнүм чын, аны күйөөмдүн фамилиясына өтүү үчүн алмаштыргам. Өмүрүмдө эч кимге кол көтөргөн эмесмин. Жумушка мас болуп келбейм, алардын баары куру жалаа. Кызматкерлерди иштен айдап жибергеним үчүн гана алар мага өчөшүп ушундай жалган ушактарды ойлоп табышты. Мен аларды күнөөсү бар үчүн жумуштан кетиргем. Мунун баарын мурдагы директор Гүлнара Сагынбаева уюштуруп жатат, - деди Бектанова.

Айтмамат Кадырбаев
Айтмамат Кадырбаев

Ош шаардык мэриясы буга чейин бала бакчанын директору Орозгүл Бектанова менен шаар мэри Айтмамат Кадырбаев классташ экенин четке кагып жаткан. Бирок шаар башчысы өзү муну моюнуна алып, бирок аны ишке коюп, кайра алууга аралашпай турганын билдирди. Мэр ошондой эле Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын юристи Гүлчөбек Максутовдун кызматтан алынуусуна да тиешеси жоктугун билдирүүдө:

- Менин 60 классташым бар. Мен мэр болуп иштеп жатканда, алардын баары мамлекеттик жумушта иштебей, үйүндө отурушу керекпи? Бизде Ош шаарында Билим берүү башкармалыгы деген бар. Бектановабы же башкабы бала бакча, мектептерге жумушка орноштурууну, аны иштен алууну ошолор чечет. Бектанованы мен кызматка дайындабасам, ыр-чырына киришпесем, бул ишке кандай тиешем болмок эле? “Бектанованы Кимсанов кызматтан алып койсо, мэр кайра аны кызматка койдуруп койду” деген сөз бул жөн гана ушак. Эгерде менин классташым мыйзам бузса, балдарга курттаган тамак берсе, аны тиешелүү органдар текшерсин, далилдесин. Айыбы болсо ошого жараша жоопко тартылсын.

Ош шаарынын “Байчечекей” бала бакчасынынын мурдагы кызматкерлерининин айтымында, бакчанын ашпозчулары былтыр октябрь айында балдарга курттаган макарондон тамак жасап беришкен. Аны тарбиячылар көрүп калып директорго билдиришкенде, директор Орозгүл Бектанова “курттарын терип бышыра берүүнү” буюрган. Ал эми бул маселени көтөрүп чыккан кызматкерлерди жумуштан бошотуп жиберген. Бул боюнча бакчанын тарбиячылары директорду сотко беришкен. Учурда тараптардын чыры Ош шаардык сотунда каралууда.

Ош шаардык мэриясы жана Ош шаардык билим берүү башкармалыгы бакчадагы чуу боюнча комиссия түзгөн. Анын жыйынтыгы азырынча жарыялана элек.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG