Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:43

Кара-Суу: убадаланган акчанын убарасы


Мугалимдердин өкмөткө, Билим берүү министрлигине жазган кайрылуулары.
Мугалимдердин өкмөткө, Билим берүү министрлигине жазган кайрылуулары.

Кара-Суу районунда жаш мугалимдин депозити программасы боюнча 15 мугалим убада кылынган 103 миң сомду албай калышты. Алар бул орундарга сынактан өтүп, 3 жыл тоолуу айылдарда иштеп келишкен.

Жаш мугалимдер сумманы бийликтерден жарым жылдан бери өндүрө албай убара. Маселе чечилбесе алар өкмөттү сотко берерин билдиришти. Билим берүү башкармалыгы болсо бул маселени кароо алардан көз каранды эместигин айтышууда.

Темирбек Аманкулов “Жаш мугалимдердин депозити” программасы боюнча Кара-Суунун Кожокелең айылында 2010-жылдан бери тарыхтан сабак берип, иштеп келген. Анан соңунда маянадан сырткары дагы акча алмактыгын айтты:

- Өкмөттүн токтомунда “Жаш мугалимдердин депозити” программасы боюнча 3 жыл тоолуу айылдарда иштеп келген мугалимдер 108 миң сомдон айлыктан сырткары, кошумча акча алышы керек деген жобо бар. Ошонун негизинде мен окуу жайды бүтүп, тоолуу айылда 3 жыл иштеп келдим. Былтыр октябрь айында мөөнөт бүткөн. Бирок ошондон бери ар кандай шылтоолор менен акчабызды бербей келишет.

Аманкуловдун айтымында, алар менен кошо сынактан өткөн 15 чакты жаш мугалимдин баары эле ушундай акыбалда:

Темирбек Аманкулов.
Темирбек Аманкулов.
- Кара-Суу району боюнча азыр ошо 15тей мугалимдин бири да акчасын ала элек. Андан сырткары өткөн жылы да ушул программада иштегендердин экөө албай калыптыр. Ага эмне себеп болгонун билбейм. Башкалары 108 миң сомдон ала турган болуп, бирок көбү ага жетпеген эле акча алышкан экен. Мугалимдер барган жеринде батирде жашап, бирөөнүн үйүндө туруп, иштеп келген. Аз-маз болсо да материалдык колдоо болуп калабы деген ой бар эле, бирок аныбыз азыр кыял эле болуп турат.

Жаш мугалимдерди дагы бир кабатыр кылган нерсе, убадаланган сумма толук колго келип тийбей жатканы. Буга чейин Кара-Сууда “Депозит” программасына катышкан мугалимдер 100 миң сомго жакын ала турган болуп, бирок аягында 50-60 миң сом гана алып келишкен экен.

Мугалимдердин дагы бири Сабира Маликова да тоолуу айылдардын биринде математик катары эмгектенип келген:

- Конкурска катышып утуп алганбыз. Анан Кожокелең айылына барып иштөөгө макул болгом. Депозиттин шартына ылайык, биз ошол жакта үч жыл иштеген болсок, 108 миң акча каражатын берүүгө убада кылышкан. Мен өзүм Мады айылына турмушка чыкканыма карабастан, баламды да үйгө таштап коюп, ал жакка барып иштеп жаттым. Кожокелең тоолуу аймак болгондуктан, ал жакка жетүүнүн өзү тозок. Ижарага үй алып, жашап жаттым. 2010-жылы келишимге кол койгонубуз. 2013-жылы колго акча тийиши керек эле. Бирок бүгүнкү күнгө чейин каражаттан дайын жок болууда, - деди Маликова.

Кара-Суу боюнча ушул жылдар аралыгында жалпы 45тей мугалим “Жаш мугалимдин депозити” программасы боюнча иштеп келген. Азыр эми ошолордун соңкуларына гана акча которулуп берилбей турат дешет агартуу аткаминерлери.

Кара-Суу райондук билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Айжан Куланова мындай деди:
Айжан Куланова
Айжан Куланова
- Бул 15 мугалимге биз Билим берүү жана илим министрлигинен келген тиешелүү документтерди жөнөткөнбүз. Алардын ар бирине Кара-Сууда РСК банктан эсеп ачылып, акча которулмакчы болгон. Буга чейин жалпы биздин райондон 45 мугалим депозитке катышкан болсо, алардын баарынын акчалары кармалууда. Булар боюнча биз жөн отурган жокпуз. Министрликтерге тынбай кайрылып, кулак кагыш кылып жатабыз. Министрлик, Каржы министрлиги акча тартыш болуп атат, чечилсе эле, которуп беребиз дешти.

Ошого карабай жаш мугалимдер Билим берүү жана илим министрлигине, Каржы министрлигине жана Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылууларын улантып атышат. Бирок ал жактан жооп болбосо педагогдор өкмөттү сотко берүүгө даяр турушкан экен. “Эл уулдары” коомдук бирикмесинин жетекчиси Алибек Адылбеков мындай дейт:

- Бизге мугалимдер кайрылган учурда Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиевго кайрылуу жолдогонбуз. Андан "Каржы министрлигинде акча жок болгондугуна байланыштуу депозит берилет же берилбейт" деген жооп келди. Биз депутаттын жообуна канааттанган жокпуз. Бул жерде Билим берүү министрлиги жоопкерчиликти өзү моюнуна алгандан кийин, жооп бериши кажет. Алар Эмгек кодексин бузуп атышат. Мындан ары да жооп болбосо биз өкмөттү, Билим берүү министрлигин сотко беребиз.

Агартуучулар “Жаш мугалимдердин депозити” программасы ушу менен аяктаганын белгилешүүдө. “Депозит” программасы жаш мугалимдерди колдоо үчүн 2004-жылы Кыргызстандын билим берүү системасына киргизилген.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG