Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:04

Ажаткана кырсыгы: жабырлануучулардын талабы


3-ноябрь, 2012-жыл
3-ноябрь, 2012-жыл

Беш жыл мурун болгон Кара-Суудагы даараткана кырсыгына дагы деле чекит коюла элек.

23-майда беш жыл мурда Кара-Суу базарындагы даараткана кырсыгында каза болгондордун туугандары маалымат жыйын куруп, создуккан сот ишине чекит коюну өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун сурашты.

Кырсыкта бир тууган карындашынан айрылган Касым Аманов өкмөт башчынын Ошто губернатор болуп тургандагы кырсыкты эсине салды.

- Сооронбай Шарипович, 2012-жылы сиз Ошто губернатор болуп турган учурда ошол кырсык болгон. Ошондо сиз "ишти өз көзөмөлүмө алдым. Ар 15 күн сайын тергөөнүн маалыматын алып турам" дегенсиз. Андан бери 15 күн эмес, беш жыл өттү. Бизге эч ким келип кечирим сураган жок. Сот чектеп берген кунду эч ким төлөп берген жок. Биздин жакындарыбыздын курмандыгы бир тыйынга да бааланган жок. Азыр сиз көп нерсеге таасир эте турган, чечип кое турган кызматта отурасыз. Ушул маселени чечип берсеңиз.

Куткаруу иштери
Куткаруу иштери

Касым Амановдун айтымында, даараткана кырсыгынан каза болгондор үчүн кырсыкка себепкер деп табылган адамдардын бири дагы кун төлөп берген эмес. Жада калса беш жылга созулган сотко да келишкен эмес.

- Тергөө учурунда Кара-Сууда эле баары кыскартылып кеткен. Даараткананын кагаздагы ээси Муса Апышовдун Зарлык деген уулу бар. Ал дагы сот болуп иштейт. Сот учурунда алар бир жолу басып келген жок. Даараткананы ижарага алып иштетип жүргөн аял эскертүүлөргө кулак салган эмес. Кырсык болгон күнү да көрүнгөндү каргап жүргөн. Ал дагы жазаланган жок. Кызмат адамдары да жазасыз калышты. Алар жөнөкөй эле адамдар. Бүт мамлекет ошол адамдарды сотко алып келе албаса анда биз кандай мамлекетпиз? Спикерге, президентке чейин кат жазганбыз. Андан бери Жогорку соттун төрагасы, башкы прокурор эки жолу алмашты. Майнап чыккан жок.

Ажатканадагы өлүм, создуккан сот...

Ажатканадагы өлүм, создуккан сот...

Кара-Суудагы ажаткана кырсыгында жакындары каза болгондор сотторго нааразы. Алардын айтуусунда, соттук териштирүүлөр узакка созулуп кетти.

Базардагы дааратканада 34 жашында каза болгон Базаргүл Салиеванын артында төрт баласы жетим калган. Аялынан ажырап, балдарын өзү багып аткан Нурлан Ураимов да даараткана боюнча сот иши оюнга айланып кетти дейт.

- "Даараткана жабылсын. Колдонууга кооптуу" деген корутунду 2008-жылы 12-майда эле чыккан экен. Даараткананын кожоюндары ач көздүк кылып ал корутундуга кулак салышкан эмес. Анан төрт адамдын өлүмүнө себепкер болушту. Жоопкерчилигин эч ким алган жок. Эки адамды күнөөлүү деп таап, он жылга эркинен ажыратышты. Алар болсо эки айдан кийин түрмөдөн чыгышты. Моюндарына илинген кунду эч кимиси төлөп берген жок. Бул сот оюн болуп калды. Андан көрө соттобой эле, же аларды ошондо эле актап салса биз мынчалык убара болуп чуркабайт элек. Жаш баланы алдагандай алдашты.

Ош шаардык соту дааратканада каза болгон төрт адамдын туугандарына моралдык жана материалдык чыгым катары 1 миллион 400 миң сом айыпталуучулардын эсебинен төлөнүп берилсин деген чечимди чыгарган. Бирок кырсыкка айыптуу деп табылган Сапарбай Атамов менен Хабибулла Алжановдун наамында эч кандай мүлк жок деген жүйө менен сот чектеп берген кун төлөнбөй калган.

Ош облустук сотунун маалымат катчысы Бекзат Осмонкуловдун билдиргенине караганда кылмыш иши мыйзам чегинде каралган.

- Даараткананын ээсине жана анын коопсуздугун көзөмөлдөгөн эки адамга гана кылмыш иши козголгон. Кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу кызмат адамдары жоопкерчилигинен бошотулушкан. Жалпысынан 1 миллион 400 миң сом кунду төрт жабырлануучуга төлөө ушул үч айыпкердин мойнуна жүктөлгөн. Бирок сот аткаруучулар ал адамдардын атында бир дагы мүлк катталбаганын аныкташкан. Ушундан улам алардан кунду өндүрүү да азырынча токтоп турат. Ал эми ажаткананын расмий ээси каза болуп калганына байланыштуу ага карата да кылмыш куугунтугу токтотулган. Себеби бул эреже Кылмыш-жаза кодексинде ушундай көрсөтүлгөн.

2012-жылы Кара-Суу базарындагы эң чоң менчик ажаткананын шыбы түшүп кетип, төрт адам каза болгон. Жабырлануучу тарап даараткана кырсыгына тогуз адам тиешелүү деп келишет. Бирок сот кырсыкка эки кызмат адамын жана даараткананын кожоюнун гана айыптуу деп тапкан. Иш жүзүндө эки кызмат адамы эки ай түрмөдө отуруп чыкса, даараткананын кагаздагы кожоюну тергөө бүткөнгө чейин каза болуп калган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG