Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:41

Чиеленишкен Кумтөр, колдоо сураган премьер


2-апрель, 2014-жыл
2-апрель, 2014-жыл

"Кыргыз чоролору" коомдук бирикмеси 10-апрелде Ак үйдүн алдына митингге чыгып, өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдин кызматтан кетишин талап кылды.

Мындай талап 9-апрелде Жогорку Кеңеште да Кумтөр маселеси талкууланып жатканда да бир канча жолу коюлган.

Жоомарт Оторбаевдин отставкасы тууралуу талап ал “Центерра голд” компаниясынын директорлор кеңешине Кыргызстандын атынан жети чет өлкөлүк жаранды сунуштап жатканы маалым болгондон кийин күчөдү.

“Кыргыз чоролору” коомдук бирикмесинин жетекчиси Уран Рыскуловдун пикиринде, премьер-министр бул аракети менен өз ыйгарым укугунан аша чапты:

- “Центерра” жаңы экономикалык жагдай деп 48 тонна алтынды кемитип жаткандын артында да бүдөмүк иштер жатат. Биз мыйзам бузуп жаткан премьер-министр, өкмөт мүчөлөрүнүн баары отставкага кетсин деп талап кылып жатабыз. Мына, 14 айдан бери сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз дешет. Чет өлкөлүк кеңешчилерге деп 300 миллион сом коротушту. Ушул убакыттан бери эч нерсе чечпеген өкмөт мындан кийин да чечпейт.

"Кумтөр" ишканасы
"Кумтөр" ишканасы

Жоомарт Оторбаев Кумтөр боюнча үчүнчү жолду - “Центерранын” директорлор кеңешинин курамын өзгөртүүнү, башкаруу системасына кийлигишүүнү сунуштап жатат. Ал 9-апрелде Жогорку Кеңештен саясий колдоо сурады жана жоопкерчиликти алууга убада берди. Директорлор кеңешине Кыргызстандын атынан жети чет өлкөлүк жаран тууралуу түшүндүрмө берди:

- Мен аларды тааныбайм. Аларды көргөн да эмесмин. Сүйлөшкөн да жокмун. Алар репутациясы эң мыкты, дүйнөгө белгилүү адистер. Алар тууралуу өзүбүздүн укук коргоо органдардан да, Лондондогу чет өлкөлүк юридикалык кеңешчилерибизден да маалымат алдык. Алар бизге кайрылып, “чогуу иштейли, азыркы директорлор кеңешин кетирели, меторитардык акционерлердин укуктарын коргойлу”, деп сунуштап жатат. Биз мындай сунушка эмнеге каршы болушубуз керек?

Экономика министри Темир Сариев өкмөт улутташтырууну колдобой турганын, бирок биргелешкен ишкана түзүүнү жокко чыгарбасын кошумчалады:

- Азыр акчанын баары сыртта. Бул жерде техника жана казыла элек алтын бар. Экологиялык чоң тобокелчилик бар. Эгер биз Кумтөрдү улутташтырсак жүгүртө турган акчаны өзүбүз табышыбыз керек. Экинчиден, чоң доого жыгылабыз. Биз алардын баарын эске алышыбыз керек. Ошон үчүн биз улутташтырууга каршы чыктык. Ал эми 50/50 деген вариантты четке какпашыбыз зарыл. Эгерде биздин шартка макул болсо, сүйлөшүүнү жүргүзүү керек.

Туңгуюкка кептелген маселе

Кумтөр боюнча соңку жагдай Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүктүн ортосунда ажырымды пайда кылды. Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков Жоомарт Оторбаевдин сунушун алардын өнөктөштөрү Феликс Кулов менен Өмүрбек Текебаев колдоп жатканын, өзү болсо ынанбай турганын ачык айтып чыкты:

- Сиз өзүңүз “улутташтыруу эң жаман жол” деп такай айтып келаткансыз. Биздин коалициядагы эки өнөктөш ошол жолду сизден талап кылып жатышат. Алардын позициясы менен сиздин позицияңыздын ортосунда аябай чоң ажырым бар. Аларга караганда сиздин позицияңыз биздикине жакын. Бирок азыр биз сиздин бул сунушуңузду колдой албай жатабыз. Мен ошон үчүн биринчи кезекте мени, биздин фракцияны ишендириңиз деп айттым. Азыр болсо негедир сизди жолуңузга каршы адамдар колдоп, ал эми сиздин жолуңузга жакыныраак адамдар ишене албай жатат.

Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

Ал эми “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Оторбаевдин сунушун колдобой жаткандарды кескин сынга алды.

- Жоомарт Оторбаев “биз Кумтөрдү эмес, "Центерраны" басып алалы” деп сунуштап жатат. Болобу? Болот! 200 миллион долларга 18-20 пайыз акция сатып алса болот. Сатып алардан мурун директорлор кеңешине ал жак, бул жактан киргизип, ал жактагы душмандарды жок кылсак 51 пайызы чөнтөгүбүздө болот деп жатат. Кыргыз премьери биринчи жолу ошону алмаштырам деп жатат. "Убакыт бергиле, 8-майда аларды алмаштырам, алмаштыра албасам кетем" деп жатат. Эми аларды алмаштыра албайт, себеби орун басарлары, “Кыргызалтын” колдобой ачыкка чыгарып жиберди. Мен буларды да Аткинсон сатып алганбы деп ойлоп жатам. Жоомарт Кайыпович, сиз канча күн премьер болосуз билбейм, бирок кеткиче Токон Мамытовду иштен алып туруп кетишиңиз керек. Ары-бери, тескери сүйлөп жүрөт. Мына, мобул жерде да тескери сүйлөп атат.

Ал арада, 10-апрелде “Кыргызалтындын” жетекчиси Токон Мамытов кызматтан кеткени маалым болду.

Өткөн айда “Центерранын” Кумтөрдү иштетүү боюнча жаңы планын жарыялаган. Анда алтындын кору 48 тоннага азайтылган жана чыгаша 92 миллион долларга көбөйгөн. Буга байланыштуу Кумтөр маселеси дагы туңгуюкка кептелип калды.

Өкмөт башчынын сунушу колдоо табабы, же өзү кызматы менен кош айтышабы деген жагдайды эми өздөрү бир пикирге келе албай жаткан коалициялык көпчүлүк чечмекчи.

"Кыргыз чоролору" Ак үй алдында өткөргөн акция. 10-апрель, 2015-жыл
“Кыргыз чоролорунун” талабы
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:24 0:00

XS
SM
MD
LG