Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:11

Президент Роза Отунбаева Ошто


Сулайман Тоо ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурастар коругунун тизмесине кошулганына арналган аземден, Ош, 2011-жылдын 1-июну.
Сулайман Тоо ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурастар коругунун тизмесине кошулганына арналган аземден, Ош, 2011-жылдын 1-июну.

1-июнда президент Роза Отунбаева Ош шаарында иш сапары менен болду.


Ош шаарындагы Сулайман Тоо ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурастар коругунун тизмесине кошулганына арналган аземде аталган уюмдун сертификаты өлкө жетекчилигине тапшырылды. Иш-чарага катышкан президент Роза Отунбаева оштуктардын мойнуна чоң жоопкерчилик жүктөлгөндүгүн, мындан ары улуттар аралык ынтымакчылыкты сактоо аркылуу шаар болочокто туризм борборуна айлануу мүмкүнчүлүгү зор экендигин белгиледи.

ЮНЕСКОнун Борбор Азия боюнча өкүлү Сергей Лазарев Ош шаарындагы Сулайман Тоо аталган эл аралык уюмдун 2009-жылдын 26-июнундагы чечимине ылайык, бүткүл дүйнөлүк баалуу мурастар коругунун тизмесине киргизилгендигин жар салды:

- Мен үчүн ЮНЕСКОнун атынан сиздерди бул баалуулуктун татыктуу баасын алышы менен куттукттоо өтө чоң сыймык. Ыйык Сулайман Тоо ЮНЕСКОнун баалуу мурастар боюнча тизмесине Кыргызстандан биринчи болуп кирип олтурат, - деген ЮНЕСКОнун өкүлү Сергей Лазарев сертификатты өлкө президенти Роза Отунбаеванын колуна тапшырды.

Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева дүйнөлүк абройлуу уюмдун мындай корутундусу өлкө үчүн өтө чоң тарыхый окуя болгондугун баса белгиледи:

- Сулайман Тоо айтылуу Египеттин пирамидалары, Париждеги Ейфел мунарасы сындуу адамзатты таңкалтырган жайлардын катарына кирет. Эми минтип дүйнөлүк мурастардын катарына кошулду. Ушул жерде туруп өткөн жылдын кайгылуу окуяларын эстеп жүрөгүм сыздады. Тилекке каршы, былтыр ушундай ааламатты баштан өткөрдүк. Чагымчыл күчтөрдүн аракети менен эки элдин ортосуна от жагылды. Карапайым адамдар гана жабыр тартышты. Албетте, бул жерде жөнөкөй адамдардын айыбы жок. Тилекке каршы, ошол маалда бири-бирине боор тартып, эзелтен ынтымакчылыкта жашаган жаш балдарды, аялдарды, кары-картаңдарды эки тарап тең үйлөрүндө бекитип, гумандуулуктун жана адамгерчиликтин кашкайган үлгүсүн көрсөтүштү.

Сөз арасында Роза Отунбаева ЮНЕСКОнун мындай чечими ошол эле учурда чоң жоопкерчиликти жүктөгөндүгүн, Ош бара-бара туризмдин ири борборуна айланаарын билдирди:

- Эми дүйнөлүк коомчулук бул мураска абдан аяр мамиле жасап, аны көздүн карегиндей сактоону бизден талап кылат. Мындан ары Сулайман Тоого жыл сайын миңдеген адамдар агылып, аны жакындан көрөт. Терең таазим кылышып, Кыргызстандын атын алыска даңкташат. Аны үчүн биз Оштун инфраструктурасына айрыкча маани берип, туризмге байланышкан жактарын жакшыртуубуз абзел.

Кепти улаган Ош шаардык кеңешинин мурдагы төрагасы Худайберди Азимовдун айтымында, Сулайман Тоо туризм аркылуу өлкө экономикасынын өнүгүшүнө барандуу салым кошоорунда шек жок:

- Качан гана Сулайман Тообузду, жалпысынан шаарыбызды таза кармап, такай көрктөндүрүп, аны пакиза тутканыбызда туристтердин агымы көбөйөөрүнө терең ишенем.

Ош шаарынын тургуну Уктамхан Жанбалаева өлкө жетекчилигинин акылдуу саясаты аркасында улуттар аралык мамиле мындан ары бекемделет деген ишенимде:

- Биздин келиндерибиз – кыргыз кыздары. Кыргыздын жигиттери тескерисинче, биздин кыздарыбызга үйлөнүштү. Бирок Өкмөт былтыркы коогалаңды уюштургандарды тезирээк таап, эл көзүнчө жазалоосу абзел. Анткени, кылмыш жасагандар эки тараптан тең болушту. Биздин келиндерибиз эмдигиче коркуп атышат. Мисалы, менин инилеримдин жубайлары жалаң кыргыз кыздары. Алар улутка бөлүнбөй эле жашап жатышат. Биздин ата-энелеребиз аралашып кетишкен. Алар негизинен кыргыздар, уйгурлар, өзбектер. Ошондуктан, Роза Отунбаева ушундай бөлүнбөгөн саясат жүргүзүүсү абзел.

Кыргызстан калкы Ассамблеясынын Оштогу башчысы Абдыкадыр Сапарбаев ырасташынча, Ош жергесиндеги былтыркы кандуу окуялар эми кайталанбайт:

- Мына, Өкмөт, президент чараларды көрүп атат. Мен дайым эл аралап жүрөм. Шектене турган жагдай жок. Өзү бийлик былтыркы коогалаңдын алдын албай койбодубу. Азыр мына коопсуздук чараларын күчөтүп атат. Мурда эле ушинтиш керек болчу. Мындай аракет сөүзсүз натыйжа берет.

Абдыкадыр Сапарбаев оштуктардын мойнуна эми чоң жоопкерчилик артылгандыгын, ал ишенимди актоого ар бир жердеши талыкпай аракеттенүүсү зарылдыгын кошумчалады.

Президент Роза Отунбаева ушул эле күнү бир кезде өзү окуган Ош шаарындагы Киров атындагы орто мектептин бүтүрүүчүлөрү жана өзүнүн айрым кластташтары менен жолугушту. Андан тышкары Кара-Суу райоунан караштуу Кашкар-Кыштак дүлөй балдар мектебин кыдырып, шарты менен таанышып кайтты.

XS
SM
MD
LG