Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:54

Отунбаева мүңкүрөгөн бир бүлөнүн ажатын ачты


"Азаттыктын" Бишкек кеңсесинин директору Султан Жумагулов Умар Турдубековго экс-президенттин аманатын тапшырууда. 29-декабрь.
"Азаттыктын" Бишкек кеңсесинин директору Султан Жумагулов Умар Турдубековго экс-президенттин аманатын тапшырууда. 29-декабрь.

Экс-президент Роза Отунбаева "Азаттык" аркылуу жардам сурап кайрылган бир жаранга кол сунуп, акчалай кайрым кылды.


Бишкектин четиндеги Маевка айылынын тургуну, 3-топтогу майып Умар Турдубеков "Азаттыктын" "Эл үнү" берүүсү аркылуу кыйын турмушта күн кечирип жатканын, үйдө неберелери ачка отурганын айтып, колунда бар кишилерден жок дегенде бир айга сегиз миң сом карыз берип турууну өтүнгөн. Ал Тажикстандын Мургаб районундагы туугандарынан жардам келсе карызды кайра үстөгү менен төлөп берээрин да айткан эле.


Умар Турдубековдун өтүнүчү





Бүгүн "Таңкы Азаттыктан" муну угар замат Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаева бул кишиге жардам берүүнү чечет. Ошентип Роза Отунбаева бүгүн эртең менен "Азаттыктын" кеңсесине күтүүсүздөн кирип келди. Экс-президент мындай кайрылууга абдан зээни кейигенин айтуу менен Умар Турдубековго берип коюуну өтүнүп, "Эл үнүн" алып барган кабарчыбыз Аманбек Жапаровго он миң сом таштап кетти.

Бирок Умар Турдубеков Маевка айылында жашаарын гана айтып, кайра байланышканга дайын-дарегин калтырбаптыр. Кабарчыбыз Аманбек Жапаров аталган айылга барып, көчөмө-көчө издеп жүрүп акыры ал жашаган үйдү табат. Бу киши Маевканын четиндеги бир жаңы конушта, шарты начар эки бөлмө тамда ижарада кызы, 8 жана 10 жаштагы неберелери менен турат экен. Кызы Ош базарында нан сатып иштеп, анын тапканы чай-чамекке араң жетет экен.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылып, эч кандай жардам ала албаптыр. Өзү үй-бүлөсү менен 1993-жылдары Тажикстандын Мургаб районун көчүп келип, кийинчерээк Кыргызстандын жарандыгын алат. Бирок турмушу оңолбой, алты жыл мурда жубайы кайтыш болуп кетиптир. Эми Мургабдагы ага-туугандарынан жардам күтүп атыптыр. Азыр 57 жаштагы Умар Турдубековдун көзү жакшы көрбөйт, 3-топтогу майып.

Умар Турдубеков экс-президенттин аманатын алууда.
Умар Турдубеков экс-президенттин аманатын алууда.

Кабарчыбыз Умар Турдубековду кеңсеге алып келген соң "Азаттыктын" Бишкек бюросунун жетекчиси Султан Жумагулов ага экс-президенттин аманатын тапшырды. Умар Турдубеков бул жардамды алып жатып, бышактап ыйлап жиберди. Анан өзүн токтоткон соң Роза Отунбаевага ыраазычылык билдирип, аны Курманжан даткага теңээрин айтты.



Экс-президентке ыраазычылык



Умар Турдубековдун маегин толугу менен бул жерден окуңуз.

Экс-президент Роза Отунбаева кеңсебизге күтүүсүз кирип келген соң, кабарчыларыбыз ой-боюна койбой маек алып калууга үлгүрдү.

Отунбаева эмне менен алек?
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:50 0:00
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG