Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:53

"Курсагым тойгонго ыраазымын"


Жалал-Абадда көчөдө калгандар кышкысын болсо да баш калкалоочу жайга муктаж. Бул маселени шаардагы мүмкүнчүлүгү чектелгендердин укугун коргоочу, калкты социалдык жактан коргоочу Л. Фомова атындагы республикалык бирикменин Жалал-Абаддагы "Либра" аттуу бөлүмү козгоп чыкты.


Бөлүмдүн эсебинде 22 адам туш келди жерде жашайт. Шаар бийлиги багуу-кароосунан ажыраган 87 адамга түшкүсүн бир маал тамак берилерин, бирок баш калкалоо үйү буга дейре болбогонун билдирди.

Жалал-Абаддын эл жайнаган көчөсүндө кайыр сурап отурган Ибрахим Исламовдун баш калкалаар жайы жок. Анын өзүнүн ырастоосу боюнча, ал облус борборунда 1968-жылдан бери күндүзү кечке көчөдө отурса, түнкүсүн туш келген жайда, кээде жакын санаалаштарыныкында түнөйт экен.

Катуу ооруп, колу-буту иштебей калганда аялы, бала-чакасы таштап кетиптир. 67 жашта болсо да, пенсияга чыгууга үлгүрбөптүр. Түртмө арабада отурган бул карыя үй-жайсыз адамдар кайыр-садага менен жашай берерин айтууда:

- Паралич болуп, коляскада отуруп калганыма тогуз жыл болду. Ким жардам бермек эле? Эл жардам берип атат. Көчөдө жүргөндө мени ким карамак эле? Өзүмдү-өзүм карайм да. Үй-жайым, бала-чакам, урук-туугандарым болгону менен баары өзү менен өзү болуп кеткен. Шаарда жашай турган жайым да жок. Түндө өз жайымды тандап алам.

Ата-энемдин көзү өткөндөн кийин бул жакка баса бергем. Өкмөт да жардам бербейт. 1968-жылдан бери Жалал-Абадда жашайм. Эл ичинде жүрүп, курсагым тойгонго ыраазымын.


23-ноябрда ага окшогон үй-жайсыз, мүмкүнчүлүгү чектелген жана жалгыз-жарым жарандардын көйгөйлөрүн Л. Фомова атындагы калкты социалдык жактан коргоо боюнча республикалык бирикменин Жалал-Абаддагы "Либра" аттуу бөлүмү козгоп чыкты.

Бөлүмдүн төрайымы Лидия Линдоренконун айтымында, керебеттен тура албаган, же баса албаган мүмкүнчүлүгү чектелгендердин укугун коргоо, алар менен жекеме-жеке иштөө мыйзамы бар болгону менен ал иштебейт. Бөлүм көчөдө, жайында карагай-бутанын түбүндө жашаган 22 адамды каттаган. Басууга жарамсыз кишилерге көрүлгөн камкордуктун начардыгынан жакында катуу оорулуу аял өз жанын өзү кыюуга аракет жасап, азыр ооруканада жатат. Лидия Линдоренко:

- Көчөдө жашагандар үчүн кур дегенде кышкысын болсо да баш калкалоочу жай зарыл. Биздин уюм бул маселени эки жылдан бери козгоп келатсак да, ал иш болбой жатат.

Жалал-Абад шаардык кеңеши үйсүз калгандарды түшкүсүн бир ирет тамактануусу үчүн атайын каражат бекиткен. Шаар мэри Бакытбек Адыловдун ырастоосунда, мэрия алар үчүн реабилитациялык борбор ачуу долбоорун иштеп чыкты. Ал долбоорду кийинки жылы аткарууга зарыл каражат маселесин чечүү жагы шаардык кеңештин сессиясына сунушталат.

Мындай долбоорду даярдоо өтүнүчү жиберилген "Либра" уюмунан эч кандай сунуш түшө элек. "Баш калкасыз адамдарга өзүнчө жай Жалал-Абадда буга дейре курулган эмес",- дейт шаар башчы Бакытбек Адылов:

- Көчөдө үйсүз калгандарга шаардык кеңештин чечими боюнча бөлүнгөн каражатка шаарыбыздагы "Кайрымдуулук" борбору аркылуу сексен жети адамга бир маал түшкү тамак берүү менен чектелип жатат. Аларды асыроочу реабилитациялык борбор ачуу долбоорун мэрия даярдап бүттү. Аны кийинки жылдын бюджетине киргизүү үчүн шаардык кеңешке сунушталат. Учурда баш калкалоочу жай шаарда жок. Анткени ал буга чейин курулбаптыр.

Тилемчи болуп отурган адамдарга Жалал-Абаддын көчөлөрдөн өтүп бараткан адамдар көңүлүнөн чыккан кайырларын таштап өтүшүүдө.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG