Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:38

Кыргыз келиндери Пакистанга чыдабай жатат


Пакистандагы кыргыз келин Кыргызстандагы президенттик шайлоо үчүн добуш бергени балдары менен кыргыз элчилигине келди. Исламабад, 30-октябрь, 2011. (Сүрөттүн макала каармандарына тиешеси жок.)
Пакистандагы кыргыз келин Кыргызстандагы президенттик шайлоо үчүн добуш бергени балдары менен кыргыз элчилигине келди. Исламабад, 30-октябрь, 2011. (Сүрөттүн макала каармандарына тиешеси жок.)

Пакистан жаранына турмушка чыгып, ажырашкан кыргызстандык келин балдарын сот аркылуу кайтарып алды.

Нуржамал Темированын айтымында, күйөөсү эки уулун 1,5 жылдай мурун Пакистанга мыйзамсыз алып кеткен. Ал арада кыргыздын пакистандык күйөө балдары бирикме түзгөнү жатат.

Мекенине келүүгө зар болгондор...

Элчиликтин маалыматына ылайык, учурда Пакистанда 50дөн ашык алатоолук келин жашайт. Алардын арасында очор-бачар болуп орун алып кеткени, укугу басмырланып, мекенине келүүгө зар болуп жатканы бар.

Нуржамал Темирова Пакистандын жаранына турмушка чыкканы менен күйөөсү, бала-чакасы болуп Бишкекте эле жашаган экен. Оту күйүшпөй, ажырашып жатканда жолдошу жасалма документтер менен балдарын Пакистанга алып кетип калган. Бул окуя боюнча сот жараяны Пешавар шаарында 1,5 ай созулган. Келиндин айтымында, ага Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги көмөктөшкөн:

- 2011-жылы, 7-январда балдарымды атасы мыйзамсыз алып чыгып кеткен. Аларга Пакистан элчилиги мыйзамсыз паспорт берген. Ошондой эле менин жасалма колум коюлган ишеним кат даярдаган. Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги мага адвокат жалдаганга жардам берди. Элчиликтин кызматкерлери сот процессине мени менен кошо катышып, мени Пешаварга алып барып келип жатты.

Кыргызстандын Пакистандагы элчилигинин маалыматына ылайык, учурда Пакистанда ошол өлкөнүн жарандарына турмушка чыккан 56 алатоолук келин жашайт. Алардын балдары 80ден ашат.

Элчинин орун басары Кубанычбек Токторбаев “Азаттыкка” маегинде келиндер арасында кыйналгандар, оор жашоосуна даттангандар көп экенине токтолду. Себеби салт-санаа, турмуш адат такыр бөлөк. Маселен, бул өлкөдө кыз-келиндер коомдук унаада, көчөдө, бир шаардан экинчи шаарга каттаганда өзү жалгыз жүрө албайт. Тамагына көнүү да бир топ оор:

- Биринчиден, бул ислам өлкөсү. Мыйзамдын баары исламдын негизинде. Ошол жагын көп кыздар кабыл алалбайт. Көнүп кете албайт. Андан сырткары үй-бүлөлүк мамиле, салт-санаа деген абдан эле башка. Үчүнчүдөн тамагы, булардын тамагы бир-эки жегенде экзотика, кызык болуп көрүнөт. Анан айлап-жылдап ошол тамакты жегенде көңүлүң калат. Дагы бул жерде климат абдан оор. Азыр мисалы бул жерде 50 градустай ысык болуп турат. 48-52 градус – бул жакта кадимкидей температура. Биздикилер мындай ысыкты көтөрө албайт. Такай тердеп жүргөнгө көнбөйт.

Токторбаев туулуп-өскөн жерине кайткысы келген алатоолук келиндерди кетиргенге жардам берилип жатканын кошумчалады. Ушу жазда эле Пакистандын Ооганстан менен чектешкен кооптуу аймагынан эки келинди мекенине жөнөтүшкөн:

- Кээ бирлери бала-чакасын алып, кайра келем деп туруп кетип калышат. Келиндерге жашоо-турмушу жакпаса ар түрдүү жолдор менен кеткенге аракет кылышат. Кээ бирлери күйөөсү менен жакшынакай эле жашап жүрүп, мекенине эс алганы барганда келбей коюшу мүмкүн. Эми бул жерде ар түрдүү кырдаал болот. Айрымдары жакшынакай эле жашайт. Өздөрүнүн клиникалары, чоң бизнестери бар. Каалса үч ай бул жакта, үч ай тигил жакта жашайт. Жайында ысыкта Кыргызстанда, кышында Пакистанда жашагандары бар. Баарын эле бирдей начар жашайт дегенге болбойт.

Пакистандык күйөө балдар бирикме түзөт

Кыргызстандык Айгүл Ашраф беш жыл мурун Пакистандын жаранына турмушка чыккан. Ал өзү бардар жашарын, Пакистанда такай болбой турганын, бирок эми ал жактагы кыргыз кыз-келиндердин башын кошууга аракет кылып жатканын айтып берди. Анын жолдошу Малик Ашраф кыргыздын пакистандык күйөө балдарынын бирикмесин жетектегени жатыптыр:

- Ал жакта элдин турмушу бай жана кедей болуп бөлүнүп калган. Эгерде жашоосу ортодон өйдө болсо абдан эле жакшы. Биздин кыргыздын аялдарына окшоп эртеден кечке чейин базар, кечинде келип алып үй-оокаты, тирилик дебейсиң. Үйүңдө жумшай турган кызматчы болот. Эртеден-кечке эс аласың. Өзүң үчүн жашайсың. Жер кыдырып, эл көрөсүң. Мен начар жашагандарын айта албайм, себеби мен аларга жолугуп, көрө элекмин. Биз Пакистанга барып-келип эле турабыз да. Эми барып, ал жактагы кыргыздар менен катышалы деген оюбуз бар.

Жыл башында “Азаттыктын” куржунуна Пакистанга турмушка чыккан атын атабаган кыргыз келинден кат келген болчу. Ал окурманыбыз да өзүнүн турмушу жакшы экенин айтканы менен бөтөн элге, бөтөн жерге барган көпчүлүк мекендештеринин турмушу оор экенин, жашоосу ый-азап менен өтүп жатканын жазган эле.

XS
SM
MD
LG