Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:39

Депутаттар: 386 млн. доллар кайда жумшалды?


Депутаттык комиссиянын жыйыны.
Депутаттык комиссиянын жыйыны.

Жогорку Кеңеште депутаттык комиссия ЖЭБди курууга сарпталган 386 млн. доллардын чоо-жайы талкууланып жатат.

Бишкек шаардык Жылуулук электр борборунда болгон кырсыктын себебин иликтеш үчүн түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын кезектеги отурумунда ишкананы модернизациялаш үчүн жумшалган 386 млн. доллардын чоо-жайы талкууланууда.

26-январда бул ишканада суу бөлүштүрүүчү жабдуу иштен чыгып, катуу суукта баш калаанын тургундары беш күн бою жылуулуксуз калган.

Кырдаалдын себептерин аныкташ үчүн өкмөт мекеме аралык, Жогорку Кеңеш депутаттык комиссия түзгөн.

Депутаттык комиссия ЖЭБди жаңылоого жумшалган 386 миллион доллардын натыйжалуу сарпталышын да иликтөөгө киришкен.

XS
SM
MD
LG