Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:16

Жогорку Кеӊеш кезексиз жыйынга чогулушу мүмкүн


Жогорку Кеңештин айрым фракциялары Өмүрбек Бабанов башында турган өкмөттү таратуу максатында кезексиз сессия чакыруу демилгесин кайрадан көтөрө баштады.

Өкмөткө ишеним көрсөтпөө үчүн парламенттин кезексиз жыйынын чакыруу демилгесин “Ата Мекен” фракциясы көтөрүп чыкты. Алар демилгени колдогондор бардык беш фракциянын ичинде бар деп ишендиришүүдө.

Бул фракциядан депутат Жоомарт Сапарбаевдин айтымында, фракцияларда кол топтоо жүрүп жатат. Өкмөткө ишеним көрсөтпөө демилгесинин чукул көтөрүлүп жатканын Сапарбаев мындайча түшүндүрдү:

- Чындыгында эле тезирээк кезексиз жыйын өткөрөлү деген максатта иш-аракеттер жүргүзүлүп жатат. Анткени август айынын соңунда эки-үч кенди аукционго коюп, сатылып кеткени жатат. Ошондуктан бул иштер ыплас жол менен өтпөшү үчүн тезирээк чогулууга аракет жасалууда. Ал эми азырынча, канча кол топтолгонун айта албайм. Себеби башка фракциялар канча кол топтогонун билбейм. Бирок “Ата Мекендин” дээрлик бардыгы кол койгонун айта алам.

Ал ортодо ушул эле фракциянын мүчөсү Ширин Айтматова өкмөттү кетирүү максатын көздөгөн кезексиз отурум 10-августка белгиленип жатканын социалдык тармакка жазып чыкты.

Башкаларда эмне кеп?

“Атамекенчилер” жыйын чакыруу планын ачыкка чыгарган соӊ парламенттеги башка фракциялардын өкүлдөрү маалыматты тастыктай башташты. Маселен, депутат Каныбек Иманалиев ал мүчө болгон “Ар-намыс” фракциясынан да көпчүлүк депутаттар демилгени колдоп, кол коюп бергенин айтты:

- Кезексиз жыйынды чакыруу боюнча демилгелүү депутаттар бардык беш фракцияда бар. Мисалы, мен буга кол коюп бердим. Негизинен эле өкмөттү кетирүүнүн өзү кечиктирилгис маселеге айланды. Себеби өкмөт жигердүү реформаларды ишке ашыра алган жок жана моралдык ишеним чеги да өтө эле төмөн болуп калды. Бул мурун эле айтылып, күн тартипке коюлуп келе жаткан маселе болчу. Ошондуктан аны кечиктирбей кароого мезгил жетти.

Чыныбай Турсунбеков
Чыныбай Турсунбеков
Ал эми Социал-демократтар фракциясында, анын лидери Чыныбай Турсунбеков айтымында, бул багытта бирдей көз караш жок:

- Биздин фракция ичинде ар кандай позициялар бар. Кетсин дегендер бар, иштесин, күзүндө көрөлү дегендер бар. Ошондуктан эгер кол чогултулуп жатса, биз муну чогулуп сүйлөшүп, анан билдиришибиз керек.

Ал эми оппозициядагы “Ата Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев өкмөттүн отставкасы эчак эле бышып жетилгенин байма-бай айтып келет. Ушул эле фракциянын мүчөсү Ахматбек Келдибеков болсо өкмөттү кетирүүгө кол коюп берип, кайра андан баш тарткан депутаттардын бири. Бул кадамын ал “Азаттыкка” курган маегинде мындайча негиздеди:

- Мен кол коюп, кайра чакыртып алгам. Элдик ишеним өкмөттү түзөлү деген максатта кол коюп бергем. Качан мага бул саясий соодалашуу, өз ичинде ким премьер-министр болот деп бөлүнүп-жарылуу экени тууралуу маалымат жеткенде мен койгон колумду кайрадан чакырып алдым. Эмне үчүн алардын ичиндеги интригага биз катышып беришибиз керек?
Башка фракциялар канча кол топтогонун билбейм. Бирок “Ата Мекендин” дээрлик бардыгы кол койгонун айта алам.

Бабанов башында турган “Республика” партиясынын парламенттеги фракциясы демилгени негизсиз жана өкмөттүн ишине тоскоолдук кылчу аракет катары баалап жатат. Анын мүчөсү депутат Курманбек Дыйканбаев:

- Кыргызстанга азыр туруктуулук керек. Азыр Ысык-Көлдө туризм сезону болуп, инвестициялык климат абдан эле жакшы болуп турат. Премьер-министр Орусияга барып, көптөгөн маанилүү долбоорлор боюнча сүйлөшүп, ишке ашырууга аракет жасап жатат. Анан ушундай кырдаалда кезексиз жыйын чакыралы, ким кийинки премьер-министр болот деп, ар кандай ушактарды чыгаруу туура эмес болсо керек. Мындай аракеттер Кыргызстанга пайда алып келбейт.

Көшөгө артындагы соодалашуу

Өкмөткө ишеним көрсөтпөө демилгесин күн тартибине киргизүү аракети парламент жайкы эс алууга кетээр алдында жасалып, бирок ишке ашпай калган. Анда өкмөттү кетирүү демилгесин 4 фракциядан 45 депутат колдогону айтылган.

Өкмөттү кетирүүнү каалаган депутаттар коррупцияга күрөштө чабалдык кылып, экономиканы оор абалга кептеди деп Бабановдун өкмөтүн айыптап келишет.
Ага жооп иретинде өкмөт акыркы бир ай аралыгында коррупцияга каршы күрөш жаатында бир катар дымактуу аракеттерди жасап, парламентке мыйзам долбоорлорун сунуш кылды.

Бабанов Орусияда гидроэнергетикалык ири долбоор боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатканда депутаттар кайрадан маселени көтөрүп жатышын айрым талдоочулар өкмөткө басым катары чечмелешүүдө. Ошентсе да саясий эксперт Темир Жумакадыров өкмөт менен парламенттин тирешинин кандай нукка бурулары көшөгө артындагы соодалашуулардан көз каранды деген ойдо:

- Биздеги саясий айдыӊда формалдуу эмес сүйлөшүүлөр абдан чоң мааниге ээ. Ошондуктан бул ирет да мындай сүйлөшүүлөр чоӊ ролду ойнойт. Бабанов демилгени көтөрүп чыккан депутаттар менен сүйлөшүүгө барабы, кандай шарттар коюлат - окуялардын өнүгүшү кандай болот жана өкмөттү кетирүү демилгесинен майнап чыгабы ушуга байланыштуу болот.

Баш мыйзамга ылайык парламенттегилердин жарымынан ашыгы өкмөткө ишеним көрсөтпөгөн шартта акыркы чечимди президент кабыл алышы керек. Президент парламенттин демилгесин колдоо да, четке кагуу да укугуна ээ. Ошондуктан президенттин позициясы абдан эле маанилүү.

Азыркы кырдаалды эске алып, президент Алмазбек Атамбаев өкмөттү отставкага кетирбейт деген пикирлер басымдуудай. Себеби буга чейин президент бир нече ирет мамлекетке туруктуулук жана өкмөткө иштөөгө убакыт керек экенин айтып келген. Бирок Алмазбек Атамбаев парламенттин сунушун четке какса, Жогорку Кеңеш 3 ай ичинде маселени кайрадан көтөрө алат. Анда президенттин өкмөттү таратуудан башка аргасы жок калат.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG