Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:36

"Ар-намыс" өкмөттөгү өкүлүн чакыртып алат


"Ар-намыс" партиясынын атчандар жүрүшү. 8-октябрь, 2010-жыл.
"Ар-намыс" партиясынын атчандар жүрүшү. 8-октябрь, 2010-жыл.

Жогорку Кеңештеги «Ар-намыс» фракциясы өкмөттү түзүүдө өз энчисине тийген Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Эрлан Сапарбаевдин ишин канаттандырбайт деп тапты.

Мындай чечимге «арнамысчылар» Сапарбаевдин ишин жөндөй албаганы себеп болгонун айтышууда. Бирок өкмөт өкүлдөрү Сапарбаевдин дарегине айтылганды четке кагып, аны кызматтан алууга негиз жок экенин билдирди.

“Ар–намыс” фракциясынын 17-январдагы жыйынында өкмөттүн эки мүчөсү кызматтан кетери дайын болду. Биринчиси - коалициялык өкмөттү түзүүдө “Ар-намыс” фракциясы сунуштаган айыл жана суу чарба министри Чынгысбек Узакбаев. Ал өз арызы менен кызматтан кетүүнү чечкен.

Бул боюнча “арнамысчылар” арасында талкуу деле болгон жок. Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Эрлан Сапарбаевди кызматтан алуу маселеси депутаттар арасында талкуу жаратты. Жыйынга катышкан “Ар-намыстын” бардык мүчөлөрү Мамкаттоонун жетекчисинин фракция жыйынына келбей койгонуна нааразы болушту.

Маселен, депутат Айнуру Алтыбаева шайлоочулардан Сапарбаевдин дарегине абдан көп даттануулар бар экенин айтып, аны кызматтан чакырып алуу маселеси бышып жетилгенин билдирди:

- Мамлекеттик каттоо кызматына абдан көп арыздар бар. Ал жакта эч нерсе өзгөргөн жок. Балким, Сапарбаев жакшы адам болушу мүмкүн, бирок жетекчи катары өз ишин жөндөй албады. Биздин фракция кадыр-баркы үчүн Сапарбаевди кызматтан чакырып алышы керек деп ойлойм.

Фракция лидери Феликс Кулов да Эрлан Сапарбаевге Каттоо кызматын реформалоо тапшырмасы берилгенин, бирок ал аны жөндөй албаганын айтып, сындады:

- “Ар-намыс” фракциясы Мамлекеттик каттоо кызматынын ишмердүүлүгүн карап, аны канааттандырарлык эмес деп тапты. Ошондой эле 2012-жылдын 3-сентябрындагы “Ырыс алды - ынтымак” көпчүлүк коалициясынын Эрлан Сапарбаевди Мамлекеттик каттоо кызматын жетекчилигине дайындоо боюнча чечимин чакырып алууну туура көрдүк.

“Арнамысчылар” өкмөттөгү башка мүчөлөрүнүн ишин көзөмөлгө алып, анын жыйынтыгы менен тиешелүү чечим кабыл аларын убада кылууда.

Эрлан Сапарбаев
Эрлан Сапарбаев
Дарегине айтылган сын боюнча Эрлан Сапарбаевден комментарий алуу мүмкүн болгон жок. Бирок өкмөт өкүлдөрү Сапарбаевге айтылгандарды четке кагып, аны кызматтан алууга негиз жок экенин билдирүүдө. Маселен, Мамлекетти каттоо кызматынын ишин түздөн-түз көзөмөлдөгөн вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Сапарбаев бул кызматта ийгиликтүү иштеп жатканын белгиледи:

- Биринчиден, Сапарбаевди кызматтан алуу боюнча бизге сунуш түшө элек. Келген соң ал боюнча талкуулап, анан чечим кабыл алабыз. Экинчиден,
мен түздөн-түз көзөмөлдөгөн орган катары айтсам, ага эч кандай дооматыбыз жок. Ал бир катар татаал реформаларды ишке ашырып жатат.


Кыргызстанда өкмөттү парламенттеги Социал-демократтар, “Ар-намыс” жана “Ата Мекен” фракцияларынан куралган көпчүлүк коалиция түзгөн. Ага ылайык, өкмөттүн түзүмү коалицияга кирген фракциялар арасында бөлүштүрүлгөн.
Фракциянын негизде түзүлгөн өкмөткө барган министрлер бир жагынан өз фракциясына баш ийсе, экинчи жагынан өкмөттүн кызыкчылыгын коргошу керек. Бул эки нерсе ар дайым эле бири-бири менен дал келе бербейт. Талдоочулар мындай кырдаалдан улам көпчүлүк өкмөт мүчөлөрү премьер-министрге баш ийүүдөн мурда өздөрү мүчө болгон фракция жетекчилери менен эсептешүүнү туура көрөрүн айтып келишет.

Саясий эксперт Марс Сариев “Ар-намыстын” кызматтан чакырып алуу чечими Сапарбаевдин бул фракциянын пикири менен эсептешпей койгонунан улам кабыл алынды деп эсептейт:

- Бизде коалицияга кирген партиялар өкмөттүк органдарды гезитке чейин бөлүп алган. Ал органдын жетекчилигине дайындалган адамдар партиялык кландардын тапшырмасын аткарышы керек. Эгер партия менен эсептешпесе, кызматынан айрылышы мүмкүн. Мындай позиция өкмөткө залакасын тийгизип жатат. Ошондуктан, Сапарбаевди кызматтан алууга окшогон прецеденттик абал түзүлүп жатат.

Ал эми эксперт Закир Чотаев мындай кырдаал парламенттик демократиянын өзгөчөлүгү экенин айтууда. Мындан улам Кыргызстан парламенттик демократияга багыт алган соң, анын эрежелерине да баш ийүүсү зарыл деген пикирде:

- Негизи коалициялык өкмөт коалициялык көпчүлүктөн куралат. Анда ар бир партия өз квотасын бөлүштүрүп алган. Мамлекеттик каттоо кызматы “Ар-намыстын” энчисине тийген эле. Ошондуктан, бул фракция өзү дайындаган адамды чакырып алууга укугу бар. Аны менен өкмөт да макулдашуусу керек. Муну эми бир жагынан парламенттик демократиянын кемчилиги десек болот. Бирок бул системаны кабыл алган соң анын өзгөчөлүктөрүнө көнүү зарыл. Маселен, Түркияда деле учурдагы Эрдогандын партиясы басымдуу көпчүлүктү ээлегенче, өкмөт улам-улам түзүлүп, министрлер дайындалып келген. Ошондуктан, бир партия көпчүлүктү түзмөйүнчө, өкмөттүн түзүмүндөгү олку-солку абал кала берет.

Мурда Нарын облустук админстрациясынын аппаратынын жетектеген 39 жаштагы Эрлан Сапарбаев Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагалыгына 2012-жылдын сентябрь айында дайындалган. Ага чейин бул кызматты аркалаган “Ар-намыс” партиясынын төрага орун басары Эмил Алиев ишиндеги кемчилиги үчүн андагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун буйругу менен иштен четтетилген эле.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG