Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:44

“Ар-намыстан” он депутат коалицияга ооду


Кыргыз парламенти.
Кыргыз парламенти.

Жогорку Кеңештин оппозициядагы "Ар-намыс" фракциясынын он мүчөсү коалициялык көпчүлүккө кошулганы тууралуу расмий билдиришти.

Андан көп узабай Социал-демократтар менен “Республика” фракциялары коалициялык келишимдеги парламенттик көпчүлүктүн кеңейишин чектеген милдеттемеден баш тартканын жарыялады. Жогорку Кеңештеги айрым оппозициячыл депутаттар муну мыйзам бузуу катары баалап жатат.

Кеңири коалицияга кадамбы?

Коалициялык көпчүлүккө кошулууну чечкен он "арнамысчы" мындай кадамга өлкөдөгү туруктуулукту, улут аралык ынтымакты сактап калуу үчүн барып жатканын жүйөө кылууда. Алардын айтымында, парламенттик коалицияны, анын артынан өкмөттү сактап калуу аркылуу гана туруктуулукту камсыз кылуу мүмкүн. "Ар-намыстын" мүчөсү Токон Мамытов коалицияга кызмат үчун эмес, мамлекеттик жоопкерчиликти сезүүдон улам барганын “Азаттыкка” тастыктады:

- Парламенттин ичинде болгон окуялар, талаш-тартыш, мушташка чейин жетти. Мунун баары “тиги кызматты бер” дегенге такалып, соодалашмайга өтүп кетти. Анан ушуну токтотолу, сырттан туруп алып жөн эле, “бул жаман, тигинин колунан келбей жатат”, деп сын-пикир айтып туруп албай өзүбүз да кошо аралашып жоопкерчиликти бөлүшөлү дедик.

“Ар-намыстын” лидери Феликс Кулов бул маалда иш сапар менен башка мамлекетте жүргөнүн фракциялаштары билдирди. Бул фракциянын дагы бир мүчөсү Анвар Артыков Кулов фракциялаштарынын чечими тууралуу билерин, келгенде акылдашып атайын билдирүү жасаларын маалымдады:

- Фракциянын мүчөсү катары калып атабыз. Фракциядан чыгалы, ыдыраталы деген оюбуз деле жок. Кудай буюрса фракция деле толугу менен кирип кетиши мүмкүн. Төрт партиядан куралган коалиция тууралуу мурда эле айтылып келаткан. Азыр биздин лидер иш сапарда жүрөт. Мен ал киши менен телефондон сүйлөштүм, мен ал сөздөрдү азырынча айткым келбейт. Келгенден кийин өзүнөн сурап, анан башка маселелерди чечсек болот.

“Ар-намыс” фракциясы 15-апрелде жыйынга чогулуп, он мүчөсүнүн коалицияга киришин кеңири коалиция түзүүгө карай алгачкы кадам деп баалап, бирок бул коалицияга кошулду дегенди билдирбей турганын жарыялады.

Ал ортодо парламентте дагы бир окуя болду. Коалициядагы шериктеш Социал-демократтар менен “Республика” фракциялары "арнамысчылардын" билдирүүсүнө улай эле коалициялык келишимдеги айрым милдеттемелерден баш тартканын жарыялашты.

КСДПнын лидери Чыныбай Турсунбеков бул коалициянын алкагын кеңейтүүгө жол ачуу иретинде жасалганын түшүндүрдү:

- Алдын ала сүйлөшүүлөр болгон. Кирүү ниеттерин буга чейин эле айтып келишкен. Ошондуктан чектөө койбошу үчүн биз дагы билдирүүбүздү жасадык. Анда тиркемеде айтылган башкалардын киришине тыюу салган тиркеме бар болчу, биз ошолордон өзүбүздү бошотуп алдык. Башка фракциялардын депутаттарын киришине жол ачылды. Ушул кырдаалда башка депутаттардын кириши өлкөдөгү туруктуулукту сактоого жардам берет деп ишенебиз.

Баш мыйзам жол береби?

Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Данияр Нарымбаев парламенттеги мындай кескин өзгөрүүлөрдү мыйзамдуу деп көпчүлүккө жарыялап жиберди:

- “Ата-Журт” өз убагында коалицияга толук эмес, кем болуп киришкен. Айрым депутаттары коалицияга кирбей калышты. Ага карабай алар фракциядан чыгып кеткен жок, мүчөсү бойдон калды. Ошол эле учурда оппозицияга да кирген жок, эркин депутат болуп калды. Демек бул депутаттын өзүнүн эрки деген сөз. Биздин Конституция ошого жол ачып берип жатат. Ошондуктан башка фракциядагы депутаттар оппозицияда болобу, пропозицияда болобу, фракциядан чыкпай туруп парламенттик көпчүлүккө кошулганга укуктуу.

“Ата-Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев болсо тескерисинче, “Ар-намыстын” он депутатынын коалициялык көпчүлүккө кошулушун Баш мыйзамга туура келбесин айтып, өкмөткө сын жолдоду:

- Коалицияга депутаттар кирбейт, фракция “оптом”, дүңүнөн кирет. Фракциянын ичиндеги депутаттар өкмөттү колдошу, же колдобошу да мүмкүн. Эркин мандат, каалаган оюн айтат. Анан Баш мыйзамдын нормасын эмес, “Ташиев мындай кылды эле, Марат Султанов тигиндей кылды эле”, деп аны норма катары алган болбойт. Бул алардын укугу, алар каалаган позицияда болуп, өкмөткө каалаган сын-пикирин айтышы мүмкүн. Фракциядагы депутаттардын көпчүлүгү менен коалициягы кириши же чыгышы мүмкүн.

Буга чейин “Ата-Журт” фракциясынын айрым өкүлдөрү ар кандай себептерден улам коалициядан чыгып кетүү тууралуу билдирип келишкен.
Жомоктогу “үч баштуу ажыдаар” от бүркүүдө. Кимбайке. 2011.

Ал түгүл өкмөткө бир катар талаптарды коюшкан болчу.

"Арнамысчы" он депутаттын жүрүшүнө карата "атажуртчулар" өз позициясын билдире элек. Фракция мүчөлөрү комментарийден баш тартышты.

Фракция лидери Камчыбек Ташиев болсо азыр иш сапар менен четте жүргөнү айтылууда.

XS
SM
MD
LG