Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:56

Бабанов: Калктын 99% коалициянын тарашына каршы


Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Өмүрбек Бабанов коалиция, өзүнө карата айтылып жаткан дооматтар тууралуу "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: 7-апрель ыңкылабына бир жыл болду. Ошол кезде сиз кайда элеңиз?

Өмүрбек Бабанов: 5-апрелде мен Болот Шер-Нияз менен жолуккам бир топ иштер жөнүндө сүйлөшкөнбүз. Биз ошондо эмне иш кылганыбызды жакынкы күндөрү билесиңер. 7-апрелде БЭКтин мүчөлөрүн камай баштаганда менин кеңсемде штаб түзгөнбүз. Ал жакта Руслан Казакбаев, Садык Шер-Нияз, Аликбек Жекшенкулов, Өмүрбек Суваналиев менен даярдык көргөнбүз. Аянтта да биздин жигиттер жүрүшкөн.

“Азаттык”: Сиздин баамыңызда ыңкылап максатына жеттиби?

Өмүрбек Бабанов: 7-апрелден кийинки максат ишке ашыш үчүн убакыт керек. Бирок өкмөт бир топ иштерди жасады. Биринчиден, бүгүнкү күндө паракорчулук менен күрөшүп жатабыз, ал иштерге катуу кыйкырыктар, каршылыктар болуп жатат.

Экинчиден, криминалдар, бандиттер менен эгемендүү мамлекет болгондон бери биринчи жолу күрөшүп жатабыз. Биринчи жолу бюджетти 98 млрд сомго жеткирдик, социалдык кызматкерлердин айлыктарын көтөрдүк. Ал айлыкты көтөрүүдө завод курууга бизде азыр шарт жок, бирок сол чөнтөккө кетип жаткан каражаттарды бюджетке бурдук.

“Азаттык”: Акыркы күндөрү коалиция тарайт деген сөздөр жүрүп жатат, өкмөттүн мүчөсү катары айтсаңыз, коалициянын келечеги кандай?

Өмүрбек Бабанов: Менимче коалициянын тарашы үчүн көпчүлүктүн каршылыгы болушу керек. Азыркы учурда бардыгы эмес, бирок элдин 99 пайызы коалициянын тарашына каршы болуп жатат. Туура, коалициянын ичинде бир-эки адам башкача көз карашта, бирок бул – алардын ою.

Коалиция тараш үчүн ал бир фракция толугу менен чечим кабыл алышы керек. Менин жеке оюмча, өкмөт бүгүн иштеп, мамлекетибизди көтөрүшү керек. Эгер коалиция тарап, кайра өкмөттү түзүүгө дагы бир айлап убакыт өтүп кетсе, эл карап тура албайт, биз ойлобогон көп нерсе болуп кетиши ыктымал.

“Азаттык”: Азыркы учурда сизге “Альфа телеком”, “Бешинчи канал” жана башка иштер боюнча айыптар коюлуп жатат. Сиздин жообуңуз кандай болот?

Өмүрбек Бабанов: Бүгүнкү күндө өзгөчө мен тарапка өтө катуу “кара пиарлар” жүрүп жатат. Муну менен өкмөттү таратуу аракети, президенттик шайлоого даярдык катары баалайм. Менимче адамды күнөөлөш үчүн ошол адам бийликке келгенден кийинкисин сындашы керек. Эгер адам бийликте активдүү иштесе, анда көпчүлүк колдойт жана аны көрө албагандар “кара пиарлар” менен иш жасайт. Бирок мага күнөөлөрдү, мага тиешеси жок компаниялар тууралуу ойго келбеген иштерди интернет булактары жазып жатат. Мен жакынкы күндөрү, кудай буйруса, ошолордон жөн гана айыптай бербей, анда ал компанияларды мага өткөрүп беришин талап кылам.

XS
SM
MD
LG