Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:06

Кызыл чеке парламент


Парламент жыйналышында мурдагы баш прокурор Кубатбек Байболовдун маалыматын угуунун аягы чыр-чатак менен аяктады. Натыйжада парламент жыйналышы үзгүлтүккө учурады.

“Ата Журт” фракциясынын жетекчиси Камчыбек Ташиев менен “Республика” фракциясынан депутат Алтынбек Сулаймановдун парламенттеги кайым айтышы натыйжада мушташ менен аяктады. Жыйындар залынын тышында болгон чатакты басуу үчүн депутаттар сыртка чыгып, тараптарды ажыратып калышты.

Чырдын чыгышына Камчыбек Ташиевдин парламент жыйналышында "эгерде вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун мыйзамсыз иштерге катышы аныкталса башкаруучу коалициядан чыгабыз" деген сөзү себеп болду:

- Өмүрбек Бабановго айтылган сын-пикирлердин жок эле дегенде бирөөсү тастыктала турган болсо, биз башкаруучу коалициядан чыгабыз деген болчубуз. Ошондуктан урматтуу төрага, УКМКда болгон, Ө. Бабановдо болгон, К. Байболовдо болгон материалдарды бизге берсеңиздер.

Мурдагы баш прокурор К. Байболовдун, биринчи-вице-премьер министр Өмүрбек Бабановдун жана атайын кызматтын жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаевдин маалыматтарын угушкан эл өкүлдөрүнүн ортосунда кайчы пикирлер пайда болуп, бир жыйынтыкка келишкен жок. Айрымдары суроолорду берүүнү уланталы дешсе, кээ бирөөлөрү талкууну токтотуу керектигин айтып чыгышты.

“Республика” фракциясынан депутат Алтынбек Сулайманов талашып-тартышуудан пайда жок экендигин белгиледи:

- Кыргызстандын кыйындары ушундай оюндарды эми коюп, токтотпойлубу. Ички-тышкы душмандар көбөйүп, "булар дагы эмне кылышат экен" деп карап турушат. Ушундай шартта бири-бирибизди чукулап жатканыбыз туурабы? Качан конкреттүү иштер менен алектенебиз?

Укуругу узун бийлик төбөлдөрү

Буга чейинки парламент жыйналышында экс-прокурор Кубатбек Байболов кызматтан алынышын мамлекет башчысы Роза Отунбаева баштаган өлкө жетекчилигинин туура эмес иштерине каршы чыккандыгы менен байланыштырды.

Ошондой эле Кубатбек Байболов парламент трибунасынан “Мегаком” боюнча чатакка Өмүрбек Бабанов баштаган бийлик башындагылардын катышы бар экендигин белгиледи. Ошол эле учурда ал Кыргызстандын атайын кызматы мыйзамсыз аңдуулар жана тыңшоолор жагынан мурдагы режимдерден ашып түшкөндүгүн мисал келтирди:

- УКМК көпчүлүк жарандарды, анын ичинде жооптуу кызматтарда тургандардын баарын тыңшап жаткандыгы жеткиликсизби? Бул боюнча мен учурунда президентке кабарлап, керек болсо башкы прокурорду тыңшап жатышат деп билдирүү жөнөтсөм, ага жооп бербей койду. Булар укмуштай кымбат баалуу угуучу жабдуулар менен мыйзамсыз тыңшоолорду жүргүзүп жатышат.

Бирок парламент жыйналышына чакырылган Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев Кубатбек Байболовдун айткандарын жокко чыгарды. Ал “Мегаком” боюнча иште Кубатбек Байболовдун өзүнүн жеке кызыкчылыгы болгондугун тастыктаган документтер бар экендигин айтып чыкты.

Кеңешбек Дүйшөбаев буга “Мегаком” чатагын иликтөө боюнча УКМКнын алдында түзүлгөн тергөө тобунан “Сарамжал Транска” байланышкан материалдардын жашырылгандыгын мисалга тартты.

- Бизге бардык тергөө материалдарын өткөрүүдө “Мегаком” компаниясы менен алды-сатты жүргүздү деп шектелген фирмалардын бири “Сарамжал Транс” боюнча материалдар Башкы прокуратурада калып калган экен. Анан мен Кубатбек Байболовго айтып жатып, кайра сураттык. Бул эми атайын унутта калтырылганбы, же кокустуктанбы, айтор өзүңүздөр талдап көрүнүздөр.

Кызыкчылыктардын кагылышы

Жыйналышка чакыртылган биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов “Мегакомдон” ири суммадагы акчанын сыртка чыгарылып кеткендиги боюнча Каржы полициясы иш козгогон учурда Башкы прокуратура аны күтүүсүз жаап салгандыгын белгиледи.

Ө. Бабанов экс-баш прокурор К. Байболов кызматтан алынган ички ызасын бийлик башындагыларды курулай айыптоо менен чыгарып жатат деп сындады:

- “Мегаком” чатагы чыгып, анын мурдагы жетекчилигин Башкы прокуратура калкалап келгендиги байкала баштагандан кийин биздин партиялаш депутаттар И. Пирматовго, К. Исаевге иш козгоп жатат. Анан К. Байболов бүгүн кызматтан кеткенден кийин эмнеге Р. Отунбаеваны, А. Атамбаевди жана мени айтып жатат? Эмнеге ал башкы прокурор болуп турган учурда бул маселени көтөрүп чыккан жок? Кызматтан кеткенден кийин менде мындай маалыматтар бар, тигиндейи бар дегени туурабы? Биз мындан коркпойбуз. Анткени биз корко турган нерсе жасаган эмеспиз.

Анткен менен мурдагы баш прокурор Кубатбек Байболов ири коррупциялык схемалар боюнча бийлик башындагылардын үстүнөн жетиштүү материалдар бар экендигин айтып, бирок аны жарыялоого шашпай тургандыгын белгиледи. Ал УКМКга жана ИИМге "коопсуздукту бекемдөө үчүн" деген шылтоо менен "АУБ" банкынан алынган акча каражаттары кайсы бир партиянын шайлоо өнөктүгүнө жумшалгандыгы боюнча маалыматтын четин чыгарды.

Кубатбек Байболов мына ушул сыяктуу иштерди иликтөөнү аягына чыгартпоо үчүн аны кызматтан алуу зарылдыгы болгондугун кошумчалады:

- Маселени иликтеп-жиликтебей эле кылмыш ишин козгой бермек белем? Менин келгениме өзү эми беш ай болуп жатат. Ар бир кылмыш иши терең иликтенип, анан козголуп жатты. Мындан дагы кызыктуу иштер козголушу керек эле. Бирок мага убакыт жеткен жок. Мына ошол иштер козголбосун деп соттун чечими же этикалык комиссиянын тыянагы чыгарыла электе эле мени кызматтан алууга шашып жатышпайбы.

Тараптарды угушкан эл өкүлдөрү бир жыйынтыкка келишкен жок. Көпчүлүк эл өкүлдөрү “Мегаком” боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп жаткан депутаттык комиссиянын жыйынтыгын күтүүнү туура көрүштү. Ал ортодо эл өкүлдөрүнүн ортосундагы кайым айтышуу чырга айланып, жыйналыш үзгүлтүккө учурады.

XS
SM
MD
LG