Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:12

Жарандык коом "тыңчылык" долбооруна тынчсызданууда


Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүүнү караган бул долбоору парламенттеги "Ар-намыс" фракциясынын үч депутаты сунуштаган.
Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүүнү караган бул долбоору парламенттеги "Ар-намыс" фракциясынын үч депутаты сунуштаган.

Кыргызстанда жарандык коом Кылмыш-жаза кодексиндеги “мамлекеттик чыккынчылык” жана “тыңчылык” беренелерин өзгөртүп-толуктоо тууралуу депутаттардын демилгесин сынга алууда.

25-ноябрда Бишкекте айрым бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү маалымат жыйынын өткөрүп, аталган мыйзам долбоорунда бул беренелер так жазылбагандыктан аны ар кандай калчаса болоорун айтып чыгышты жана бул беренелер боюнча кылмыш жообуна тартуу көбөйөт, демократиялык укукка доо кетет деген кооптонуу билдиришти. Демилге көтөргөн депутаттар болсо мындай дооматты четке кагууда.

Кылмыш-жаза кодексин өзгөртүп-толуктоо тууралуу мыйзам долбоорго ылайык,
“мамлекеттик чыккынчылык” жана “тыңчылык” терминин колдонуу кеңейип жатат. Жарандык иликтөө институтунун жетекчиси Рита Карасартованын пикиринде, мунун айынан бейөкмөт жана эл аралык уюмдун өкүлдөрүн эле эмес, мамлекеттик кызматкерлерди, депутаттардын өздөрүн деле жазага тартууга жол ачылмакчы:

- Биз эксперттик баа бере албай калабыз. Мамлекеттик кызматкерлер маалымат бергенден чочуп калат. Анткени өзүңөр билгендей, Кыргызстанда бийлик алмашса эле көз караш да алмашат. Анан кийин “сен иштеп жүргөндө ушундай маалымат бериптирсиң, биз бүгүн ошол бейөкмөт, же эл аралык уюм Кыргызстанга каршы иштегенин аныктадык, силер мамлекетке зыян келтиргенсиңер" деген доомат менен жоопко тартканга жол ачылып жатат. Кийинки “тыңчылык” тууралуу беренени да ушинтип кеңейтип жатышат.

Ушундай мүнөздөгү мыйзам долбоорду жазында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет көтөрүп чыккан эле, бирок анда парламенттен өткөн эмес.

"Салык төлөөчүлөр парламентаризм үчүн" кошуунунун өкүлү Эрик Ирыскулбеков бийлик буга өзү кызыкдар болгон үчүн айрым депутаттар кайра көтөрүп жатат деген ойдо:

- Бийлик өзүнө каршы топторго таасир этип, тескеп тургусу келет. Бул мыйзам долбоор бийликке ушундай мүмкүнчүлүк берет.

"Бизнес бирлиги" улуттук альянсынын өкүлү Гүлнара Өскөнбаева мыйзам кабыл алынса, экономикага терс таасирин тийгизип, инвесторлолрду чочутаарын эскертет:

- Бардык эле ири чет өлкөлүк компаниялар базарга келерден мурун кандайдыр бир иликтөө жүргүзүп, кандайдыр бир маалымат алгысы, экономикалык талдоо жүргүзгүсү келет. Эгер ушундай мыйзам долбоор кабыл алынса, алар мындай иштердин баарын жасай албай калат. Мунун баары “тыңчылык” деп сыпатталып калат. Аларга аналитикалык маалымат берген Кыргызстандын жарандары же уюмдары жоопко тартылып да калышы мүмкүн. Долбоор так жазылган эмес.

Кылмыш-жаза кодексин өзгөртүү киргизүү тууралуу бул мыйзам долбоорун “Ар-намыс” фракциясынын үч депутаты даярдаган. Алардын бири Турсунбай Бакир уулу жарандык коомдун дооматтарын четке какты:

- Бүгүнкү күндө Кыргызстандын чек аралары жакшы кайтарылбай жатат. Биздин кээ бир жарандар, кээ бир бейөкмөт, же дагы башка уюмдар каалаган маалымат оң-солго берип салып жатат. “Тыңчылык” бейөкмөт уюмдар арасында кеңири тараган.

Бакир уулу мыйзам долбоор мамлекеттик коопсуздук үчүн керектигин да кошумчалады:

- Мамлекеттик сыр деп аталган маалыматты биздин жаран чет өлкөлүк, же эл аралык уюмга берсе, же болбосо алардын өкүлдөрүнө каржылык, материалдык, техникалык, же консультативдик же башка жардам берсе бул тыңчылык болуп эсептелет. Кылмыш жазасына тартылат. Эгерде ушундай эле кылмышты чет өлкөнүн жараны жасаса ал да жоопко тартылат. Биз сунуштаган мыйзам долбоор Кыргызстандын коопсуздугун камсыздоого багытталган. Демократияны башаламандык деп түшүнбөш керек. Бул жерде мамлекеттик тартип болушу керек.

Буга чейин Турсунбай Бакир уулу баштаган “арнамысчы” депутаттардын чет өлкөлүк агенттер жана мамлекеттик сыр тууралуу мыйзам долбоорлору да коомдо талкуу жараткан болчу.

XS
SM
MD
LG