Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:56

Укук коргоочулар улутчулдукка каршы


Кыргызстандык укук коргоочулар 25-январда "Улутчулдукка жол жок" деген ураан менен Жогорку Кеңештин алдында нааразылык акциясын өткөрдү.

Нааразылык акциясына элүүгө чукул укук коргоочу катышты. Акциянын катышуучулары июнь окуяларын иликтеген Улуттук комиссиянын мүчөсү Бахтияр Фаттаховго улутчул маанайдагы суроолорду берди деген депутаттарды жолугушууга чакырышты.

Депутаттардан Камчыбек Ташиев, Үрүлкан Аманбаева жана Камила Талиеванын аты аталды. Укук коргоочулар жаңыдан айыгып келаткан улут аралык мамилени кайрадан козгоонун кажети жок деп эсептешет.

“Таза табигат” коомдук уюмунун жетекчиси Анара Дауталиеванын айтымында, укук коргоочулар менен жолугушууга аты аталган депутаттар чыккан жок. “Ата Мекен” фракциясынын депутат, төраганын орун басары Асия Сасыкбаева нааразылык акциянын катышуучуларынын талаптарын жалпы депутаттарга жеткирүү убадасын берди.

- Жаңы эле кыргыз-өзбек тил табышып, жаңы барактан турмуш баштап атат. Кайра эле чукуган туура эмес. Бахтияр Фаттаховго берилген суроолор такыр негизсиз, депутаттын статусуна туура келбейт. Депутат Үрүлкан Аманбаева “Өзбекстанда Жогорку Кеңешинде канча кыргыз депутат бар экенин билесиңерби?” деп сурап атат. Бул эмне деген суроо? Депутаттарды көргөн карапайым эл дагы көтөрүлөт да.

“Кылым шамы” укуктук борборунун жетекчиси Азиза Абдрасулова улутчул маанай түштүктөгү окуянын кайталанышына алып келиши мүмкүн экенин эскертет. Ал улутчулдукка каршы акция бир гана парламентке эмес, Кыргызстандын бардык бийлик бутактарына тиешелүү экенин ырастайт.

- Мындай тенденция улуттук бөлүп жаруучулукка, туштүктөгү окуялардын кайталанышына алып келиши мүмкүн. Бул барып отуруп бир гана улутчулдук эмес, фашисттик аракеттерге алып барышы мүмкүн.

Ал ортодо аты аталган депутаттардын айрымдары укук коргоочулардын мындай дооматтарын негизсиз деп эсептешүүдө. Июнь окуясын иликтеген Улуттук комиссиянын отчетун угуп жаткан учурда (19-январда) “Өзбекстанда кыргыз улутундагы канча депутат бар” деп сураган Үрүлкан Аманбаева укук коргоочуларды “жумурткадан кыр издөөдө” деп сынга алды.

- Мен өзүмдүн суроо бергенимди абдан жакшы билем. Мен маалымат алуу үчүн гана сурагам. Бирөөлөр аны түз, башкалар кыйшык кабыл алат. Андан кыр издөөгө негиз жок. Укук коргоочу болгондон кийин комиссиянын бардык өкүлдөрүн, ошол эле төрагасы Абдыганы Эркебаевдин укугун эмнеге коргошкон жок?

Саясат таануучу, журналист Турат Акимов парламентте ар кандай сөздөр чыгышы мүмкүн экенин белгилеп, мындан чоң саясат жасоонун кажети жок деген ойдо. Акимовдун айтымында, Кыргызстанда ашынган улутчулдук маанай байкалбайт.

- Бул деген депутаттык корпус, оозуна келгенди айта берет. Керек болсо мушташат, башын жарат, мурдун канжалатканга чейин барат. Кичинекей эле саясий пикир айтышуу болуп калса чоң саясатка айлантып, тополоң кылгандын кереги жок. Фаттаховдун укугу бузулуп атса ал сотко кайрылсын, айтсын. Ал көчөдө калган киши эмес, укугун билет. Ал өзү унчукпаса эле, көчөгө чыгып талап койгон туура эмес.

Улутчулдукка каршы нааразылык акциясына “Кылым шамы”, “Демократия жана жарандык коом үчүн”, “Жарандар коррупцияга каршы”, "Эркиндик добушу" (“Голос свободы”), “Интербилим”, “Таза табигат” сыяктуу укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү катышты. Алардын кийинки кадамдары депутаттардын жообуна байланыштуу болоору айтылды.

Укук коргоочулар улутчулдукка каршы
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:08 0:00

XS
SM
MD
LG