Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:58

Парламенттик демократия канча жылда оожалат?


Кыргызстанда жаңыдан түзүлгөн “Парламентти таратуу” бирикмеси Жогорку Кенешти өзүн өзү таркатып жиберүүгө чакырды.

Беш партиядан куралган бирикме парламенттик башкаруу формасы Кыргызстанга жарабайт дешип, 15-мартка чейин убакыт берди.

"Арай көз чарай" талкуусунун катышуучулары: “Парламентти таратуу үчүн” бирикмесинин төрагасы Мирослав Ниязов, Жогорку Кеңештин төрага орун басары, депутат Асия Сасыкбаева.

"Азаттык": Мирослав мырза, мындай демилгеге Жогорку Кеңеш өлкө бүтүндүгүнө шек келтирип, коомду бөлүп-жарат деген себептер негиз болгонун айтып атасыз. Бир аз негиздеп берсеңиз, эмнеге таратыш керек деген чечимге келдиңиздер?

Мирослав Ниязов: Парламенттик башкаруу формасы жаман система эмес. Бирок дүйнөдө ар бир системанын орду, учуру болот. Мисалы, Британиянын парламентине 800 жыл болуп калды. Ал эми Европанын көп мамлекеттеринде бул кылымдан кылымга келип түптөлдү.

Бүгүн биз Батыштын башкаруу системасын алып, өзүбүзгө коюп койсок эле эртең бейпил жашоо-турмушка барып калабыз деген адашкандык. Биз парламентаризмге түп тамырынан бери даяр эмеспиз. Мунун бир нече себеби бар. Биринчиден, мамлекетибизди түзө элекпиз, чек арабыз жок. Базар экономикасында эл түздөн-түз бийлик менен байланышы болбош керек.

Демократия институттары кадимкидей бутуна туруп калганда парламентаризм жөнүндө сүйлөшсө болот эле. Азыр бизде андай шарттар жок. Учурда объективдүү даярдыгыбыз жок болгондуктан мамлекеттин негизги көрсөткүчтөрү бүт төмөндөп жатат.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Жогорку Кеңешти таратуу демилгелери азыр эле чыга калган жок. Балким ушундай демилгелердин чыгышына парламенттеги кызыл-чеке уруштар, жыйындарга катышпай, акчаны коромжу кылып атат деген сындар, ошол эле айлык акыны ачык көрсөтпөйт деген өңдүү дооматтар себепкер болуп жаткан жокпу?

Асия Сасыкбаева: Албетте бул Ниязовдун пикири. Менимче бүгүнкү күндө абдан туура система курулуп жатат. Биз буга чейин президенттик жана абсолюттук президенттик системаны курганбыз. Эки президентибиз азыр каякта экенин билебиз. Ошондуктан парламенттик башкаруу системасы учурда жакшы жемиш берип жатат.

Чек ара жок деп айтып жатасыз, чек ара бар, Кыргызстан да, мамлекет да, бийлик да бар. Албетте чек араны чыңдаш керек. Совет доору кулагандан кийин чек араны тактай албай жатабыз. Ага кошуналардын да эрки керек, биз менен иштеш керек. Мурунку президенттик башкарууда деле чек араларды карап, чыңдабайт белеңиз.

XS
SM
MD
LG