Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:05

Кесиптик кошуундар реформасынын талашы


Кесиптик кошуундар жөнүндө мыйзам долбоору.
Кесиптик кошуундар жөнүндө мыйзам долбоору.

Жогорку Кеңештин тармактык комитети «Кесиптик кошуундар жөнүндө» мыйзам долбоорун ушул жумада экинчи окууда талкуулайт. 

Ал арада пенсионерлердин аймактык кесиптик кошуундар башкармалыгы жана башка кесиптик кошуундун мүчөлөрү аны кабыл албоого чакырык ташташты.

Анткен менен бул тармакты реформалоо мезгил талабы экенин жана коомчулуктун пикирин да эске алуу зарылдыгын айткандар бар.

«Кесиптик кошуундар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү маселеси Жогорку Кеңеште каралып жаткан чакта анын мүчөлөрү долбоорго каршылык билдирип, кол чогултууда.

Буга чейин июль айында кесиптик кошуундар бирикмесинин бир топ мүчөлөрү жана тармактары президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жөнөтүп, жаңы мыйзамды кабыл албоого чакырган.

Пенсионерлердин кесиптик бирикмесинин аймактык башкармалыгынын төрагасы Автандил Мусурманов жаңы мыйзам кабыл алынса, Кыргызстанда өз алдынча кесиптик кошуун деген нерсе жок болорун айтты:

- Бул кесиптик кошуунга тиешелүү мыйзам эмес, ал кайсы бир жеке менчик ишканага таандык уставдай болуп жатат. Биринчиден, жаңы мыйзам кабыл алына турган болсо, Кыргызстанда өз алдынча кесиптик кошуундар болбойт. Анда демократия дегендин жыты да жок. Менчиктештирүүгө, алдым-жуттумга жол бере турган мыйзам болуп жатат. Мында студенттердин, жаштардын жана ардагерлердин укуктары тебеленет. Мисалы, учурда ал-күчү бар кызматкер каалаган жашына чейин иштей алат. Жаңы мыйзамда аны 65 жашка чейин чектеп жатат. Кесиптик кошуундар анын мүчөлөрүн социалдык жактан коргош үчүн түзүлөт да! Бирок жаңы мыйзам ага тоскоолдук кылып жатпайбы? Дагы бир жагдай - жаңысында тармактардагы кесиптик кошуундар борбордук комитетке мүчө болуш үчүн 10 миңден кем эмес мүчөсү болуш керек экен. Анда кесиптик кошуун уюштуруу кыйын болуп калат го? Долбоорду сунуш кылып жаткандар башка кызыкчылыкты көздөп турушат. Ушул тармакта бир топ жыл иштеп, эмгеги сиңген адамдар чогулган топ иштеп чыккан мыйзам долбоорун алар четке кагууда.

Мыйзамга ылайык, кесиптик кошуун - жарандардын ыктыяры менен түзүлгөн коомдук негиздеги көз каранды эмес бирикме.

Кесиптик кошуундар өз ишмердиги боюнча жумуш берүүчү тараптарга жана мамлекеттик бийлик органдарына баш ийбейт. Бул уюмдардын каржылык ишмердигин Эсеп палатасы жылына бир жолу текшере алат.

1990-жылы кайрадан уюштурулган Кыргызстандын Кесиптик кошуундар федерациясына учурда 20 тармактык, алты аймактык кошуун кирет.

Жалпы мүчөлөрүнүн саны 740 миңден ашык. Федерацияга караган Жалал-Абад санаториясынын директору Максат Абышкаев аймактарда кесиптик кошуундардын таасири күчтүү болгону менен борбордук аппараттагы система өзгөрбөй жатканын билдирди:

Максат Абышкаев.
Максат Абышкаев.

- Кесиптик кошуундар федерациясы көз каранды эмес уюм болгону менен анын төрагасын бийлик үстүртөн эле кийгилишип, отургузуп коюп жатат. Анын айынан уюм артка кетип, тажрыйбасыз жана аракетсиз адам башкарып калды. Алардын көздөгөнү - кесиптик кошуунга караган эс алуу жайларынын, санаториялардын директорлорун алмаштыруу жана жерлерди сатуу. Ал жетекчилерде башка өнүгүү планы бар-жогун көрбөй жатабыз. Айтсаң жаман көрүнөт экенсиң. Азыркы мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү кесиптик кошуундар өзү колго алышы керек болчу. Кошунаң жазып, сенин үй-бүлөңдүн тагдырын ошол чечип жаткандай эле болууда. Анткен менен федерациянын төрагасы бул мыйзамды кабыл алдырууга кызыкчылыгы бар. Себеби, мыйзам долбоору боюнча демилге көтөргөн депутаттардын бири - социалдык комитеттин төрайымы төрага Мирбек Асанакуновдун жубайы. Бул жерде да мыйзам бузулду. Биз өзгөрүүлөргө каршы эмеспиз, бирок бул чийки даярдалган долбоор.

«Кесиптик кошуундар жөнүндө» мыйзам долбоорун парламенттин бир катар депутаттарынан турган топ иштеп чыккан. Документ буга чейин 10-июнда тармактык комитетте биринчи окуудан өткөн жана талкууну күзгө калтырган.

Мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча демилге көтөргөн депутаттардын бири, вице-спикер Мирлан Бакиров мындай деди:

Мирлан Бакиров.
Мирлан Бакиров.

- 28 жыл эгемендик тарыхында бул тармакта реформа болгон жок. Тескерисинче, соңку жылдарда жерге, мүлккө байланыштуу өз ара нааразылык орун алды. Мындан сырткары Юстиция министрлиги «азыркы мыйзам Конституцияга жана Эмгек кодекстеринин кээ бир нормаларына туура келбейт» деген корутунду чыгарган. Ушул көрүнүштөр мыйзамды өзгөртүш керек экенин көрсөттү. Бизде ачык-айкындык болушу зарыл. Жылына эмгекчилердин эс алуу фондуна мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн 300 млн. сом, жолдомолор кантип бөлүштүрүлүп жатканы коомчулукка ачык айтылбайт. Эмгек кошуундарынын өкүлдөрү айтып жаткан «эркиндикти чектейт» деген өңдүү дооматтар суу кечпейт. «Кесиптик кошуундардын мүлкүн эч убакта сатууга жана менчиктештирүүгө болбойт» деп так көрсөтүп жатабыз. 100 пайыз мүчөлөрү каршылык билдирип жатат дегенден алыспыз. Алардын арасында жаңыланууну каалагандар да бар. Эл аралык нормаларга каршы келсе, ал жагдайларын да эске алабыз. Өкмөттөн «сунушту эске алып, мыйзамды кабыл алса болот» деген корутунду келген. Биз башка жактардын да пикирлерин эске алганга аракет кылабыз.

Кесиптик кошуундар жөнүндө мыйзам 1998-жылы кабыл алынып, 2004-жылы ага өзгөртүү кирген.

Кыргызстандын Кесиптик кошуундар федерациясынын төрагасынын орун басары Канатбек Осмонов жаңы мыйзам уюмдун ишин жакшыртуу мүдөөсүн эмес, бир үй-бүлөнүн саясий кызыкчылыгын көздөйт деп эсептейт. ​

Канатбек Осмонов.
Канатбек Осмонов.

- Кесиптик кошуундар федерациясынын учурдагы төрагасы Мирбек Асанакунов, - деди ал. - Анын жубайы Жогорку Кеңештин депутаты, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитетинин төрайымы Гүлкан Молдобекова. Кесиптик кошуундар жөнүндө мыйзамга сунушталып жаткан өзгөрүүлөр мына ушул үй-бүлөнүн жеке кызыкчылыгын гана көздөшөт. Алар аталган уюмга тиешелүү кыймылсыз мүлктү тартып алууну каалап жатышат. Биз муну сезип, билип турабыз. Учурда мыйзам долбооруна каршылык билдирген 30 миң кишинин колу чогулуп калды, дагы уланып жатат. Асанакуновдун өзү да төрагалыкка мыйзамсыз шайланган. Биздин уставга ылайык кесиптик кошуунда беш жылдан ашык мүчө болуп турган адам төрага болот. Бирок бул киши бир күн да болбоптур. Бул иш азыр сотто каралып жатат.

Бирок Жогорку Кеңештин депутаты, парламенттеги социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитетинин төрайымы Гүлкан Молдобекова өзүнө жана күйөөсүнө коюлуп жаткан дооматтарды негизсиз деп баалады:

Гүлкан Молдобекова.
Гүлкан Молдобекова.

- Биринчиден ал мыйзам долбоорун бир топ депутаттар сунуш кылып, көтөрүп чыгып жатышат. «Жолдошу тарап болуп колдоп атат» деген сөздөргө кошулбайм. Экинчиден менин жолдошум Мирбек Асанакунов өмүр бою Кесиптик кошуундар федерациясын башкарбайт. Ал жерде менин тиешем жок. Мен жетектеген тармактык комитетке кандай гана мыйзам долбоору келиш түшпөсүн, кароого жана өткөзүүгө тийишпиз. Бул мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынган. Ага Кесиптик кошуундар федерациясы өзү да макулдугун берип жатат. Менимче мыйзам долбоору ачыктыкты камсыздоо максатында гана сунушталып жатат.​

Ал Кесиптик кошуундар федерациясынын көпчүлүк мүчөсү мыйзамдын жаңылануусуна каршы эмес экенин, бирок саясий кызыкчылыктарсыз кабыл алынса жакшы болмок деп каалашарын кошумчалады.

Бул багытта Кесиптик кошуундар федерациясынын төрагасы Мирбек Асанакуновдун пикирин укканга мүмкүнчүлүк болгон жок.

Буга чейин «Кыргызстандагы кесиптик кошуундар жөнүндө» мыйзам долбоору алардын укуктарын чектейт деген негизде каршы чыгышып, аны чакыртып алууну талап кылып, нааразылык акциясын өткөрүшкөн.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG