Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:06

Депутаттар ишин лидер шайлап баштады

Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттары
Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттары

28-октябрда Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттары мандаттарын алып, биринчи отурумун өткөрдү жана фракция башчыларын шайлады.

Жаңы чакырылыштын алгачкы отуруму мыйзамга ылайык мамлекеттик гимн менен ачылды. Жыйында төрагалык милдет эң улуу депутат катары Анвар Артыковго жүктөлдү.

Мандат берүү аземине Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү толук курамы менен катышып, анын төрагасы Туйгуналы Абдраимов 4-октябрдагы шайлоого 69 өлкө, 40 эл аралык уюмдан 1000ге жакын байкоочулар келгенин айтып жатып, шайлоодо айрым эреже бузуулар болгонун да моюнга алды.

- Өткөн шайлоонун өзүнүн кемчиликтери болду. Ар бир чоң иште кемчилик болбой койбойт экен. Айрым мыйзам бузуулар, айрым эреже бузуулар катталды. Бирок бул жалпы шайлоонун жыйынтыгына таасирин тийгизе алган жок. Эми алдыда шайлоо мыйзамдарын өзгөртүп, чогуу алдыга жылабыз деп ойлойм.

Өзгөчө ант бергендер

120 депутаттын ант берүүсү эки саат убакытты алды. Негизинен баары антты кыргыз тилинде берсе, үч депутат гана аны расмий тилде окууну эп көрдү. Депутаттар Рыскелди Момбеков менен Кожобек Рыспаев анттын тексттин окубастан, жатка айтып бергени менен өзгөчөлөндү. Ал эми азиз депутат Дастан Бекешевдин ант берүүсү өзгөчө кол чабууга арзыды.

Депутаттардын арасында буга чейин “Республика Ата-Журт” партиясынын тизмесинен чыгарылып, бирок Жогорку Сот тарабынан кайра тизмеге киргизилген алты талапкер да мандат алышты. Алардын бири Аида Исмаилованын айтуусунда, алдыда өзү шайланып келген “Республика Ата-Журт” партиясы менен эле бирге иштөө ниети бар. Анын үстүнө партиядан дагы "мындан ары бир бололу" деген мааниде кайрылуулар болгон.

- Мен шайлоочуларга берген убадаларым үчүн аягына чейин турдум. Мен эми алар үчүн иштеп берем деп айта алам. Алдыда болсо "Республика Ата-Журт" менен гана бирге болом. Башка жакка бөлүнүп кетейин деген оюм жок. Партиядан дагы болор иш болду эми, бир бололу деп атышат.

Аида Исмаилова: "Республика Ата-Журт" менен бирге болом
Исмаилова: Партиялаштарым менен жараштым
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:17 0:00

Партлидерлер фракцияларды да башкарат

Депутаттардын расмий ант берүүсүнөн кийин фракциялардын түзүлүшү тууралуу лидерлердин расмий маалыматы угулду. Маалым болгондой парламентке өткөн партия лидерлери ошол эле кезде фракция башчылары да болуп калышты. “Бир Бол” партиясынын фракция башчылыгына Алтынбек Сулайманов шайланганын теңтөрагалардын бири Мыктыбек Абдылдаев айтты:

- Биз бир добуш менен Алтынбек Сулаймановду шайладык. Ошол эле учурда фракция лидеринин орун басарын дагы шайладык - ал Чолпон Жакупова болду.

Парламенттик фракциялардын маанайына караганда, Жогорку Кеңеш күн тартибине чыгара турган алгачкы маселелердин бири депутаттык артыкчылыктардан баш тартуу маселеси болчудай. КСДП, "Ата Мекен" партиялары батир, жардамчы, кол тийбестик өңдүү кызматтардан баш тартарын жарыялаганга жетишти. Шайлоо өнөктүгүнүн учурунда да жарандык активисттер талапкерлерди депутаттык жеңилдиктерден баш тартууга чакырышкан.

4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо 14 партия ат салышып, алтоо утуп чыккан.

Депутаттар мандат алышты

БШКнын төрагасы Туйгуналы Абдраимов депуттарга мандат тапшырууда. ​
1/19 БШКнын төрагасы Туйгуналы Абдраимов депуттарга мандат тапшырууда. ​
КСДПдан шайланган депутат, "Азаттык" радиосунун мурдагы кабарчысы ​Жанар Акаев кесиптештери менен
2/19 КСДПдан шайланган депутат, "Азаттык" радиосунун мурдагы кабарчысы ​Жанар Акаев кесиптештери менен
"Бир Бол" партиясынан депутат Мыктыбек Абдылдаев. 
3/19 "Бир Бол" партиясынан депутат Мыктыбек Абдылдаев. 
Мыйзамга ылайык бүгүн Жогорку Кеңеште жаш курагы жагынан башка депутаттардан улуу эсептелген Анвар Артыков төрагалык кылды.
4/19 Мыйзамга ылайык бүгүн Жогорку Кеңеште жаш курагы жагынан башка депутаттардан улуу эсептелген Анвар Артыков төрагалык кылды.
КСДПдан шайланып келген депутат ​Кожобек Рыспаев. 
5/19 КСДПдан шайланып келген депутат ​Кожобек Рыспаев. 
"Бир бол" партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов өз партиялаштарын куттуктоодо
6/19 "Бир бол" партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов өз партиялаштарын куттуктоодо
"Ата Мекен" партиясынан депутат Аида Салянова.
7/19 "Ата Мекен" партиясынан депутат Аида Салянова.
Жаңы депутаттардын кубанычында чек жок.
8/19 Жаңы депутаттардын кубанычында чек жок.
Жаңы депутаттар менен кошо жыйынга бүгүн БШКнын толук курамы катышты.
9/19 Жаңы депутаттар менен кошо жыйынга бүгүн БШКнын толук курамы катышты.
Ант берип, төш белги алып келе жаткан учур. 
10/19 Ант берип, төш белги алып келе жаткан учур. 
Эл өкүлдөрү бири-бирин куттукташууда.
12/19 Эл өкүлдөрү бири-бирин куттукташууда.
КСДПдан шайланган депутат Азамат Арапбаев 
13/19 КСДПдан шайланган депутат Азамат Арапбаев 
БШК төрагасы Туйгуналы Абдраимов депутаттар алдында сүйлөөдө.
14/19 БШК төрагасы Туйгуналы Абдраимов депутаттар алдында сүйлөөдө.
"Бир Бол" партиясынан депутат Лунара Мамытова.
15/19 "Бир Бол" партиясынан депутат Лунара Мамытова.
"Бир бол" партиясынын депутаттары 
16/19 "Бир бол" партиясынын депутаттары 
БШК төрагасы Туйгуналы Абдраимов шайлоонун жыйынтыгы туурасында отчет берди. 
17/19 БШК төрагасы Туйгуналы Абдраимов шайлоонун жыйынтыгы туурасында отчет берди. 
Депутаттар ант берген алгачкы жыйынга Борбордук шайлоо комиссиясы толук курамы менен катышты.
18/19 Депутаттар ант берген алгачкы жыйынга Борбордук шайлоо комиссиясы толук курамы менен катышты.
Артка
Алдыга

Жогорку Кеңешке бул жолу мурдагы чакырылыштын депутаттарынын 33% келди. Мандат алган аялдар 19% түзөт.

  • 16x9 Image

    Самат Жумакадыров

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. Ж.Баласагын атындагы КУУнун журналистика факультетин 2009-жылы аяктаган.

Куржундар
XS
SM
MD
LG