Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:56

Тамырлаган паспорт жасоо кылмышы


“Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсү Стамбулда кармалган 98 уйгур тектүү Кытай жарандарынан табылган Кыргызстандын жасалма паспортторун иликтөөгө алды.

Эсиңиздерде болсо ушул жылдын 16-майында Түркиянын Стамбул шаарында 98 уйгур тектүү Кытай жараны Кыргызстандын жасалма паспорттору менен кармалган. Түрк полициясы аларды Ататүрк аба майданынан Сауд Арабияга учаарда колго түшүргөн. Тергөөнүн маалыматында Шинжаң уйгур автономиясынын жашоочулары Үрүмчүдөн Стамбулга чейин Кытай паспорттору менен учуп, андан ары умрага же кичи ажылык сапарга жасалма кыргыз паспортторун колдонушмак. Арадан эки айдан ашык убакыт өтсө да Кыргызстандын тиешелүү кызматтары 98 паспортту кимдер жасаганы тууралуу толук маалымат берүүдөн карманып келет. Мамлекеттик каттоо кызматы болсо бул окуядан соң дароо аталган мекеменин жасалма паспортторго тиешеси жоктугун айтып актанып чыккан. Чуулгандуу паспорттор эмдигиче экспертизадан өтө элек.

Тамырлаган паспорт жасоо кылмышы
please wait

No media source currently available

0:00 0:28:55 0:00

Ал арада “Азаттыктын” колуна дагы бир маанилүү маалымат түштү. Атайын кызматтагы өздүк булактарыбыздын билдиришинче, Стамбулда 98 паспорт кармалганга чейин, тагыраак айтканда 30-апрелде Ош аэропортунан 9 жасалма паспорт менен 20 жаштагы улан кармалган. Ал аталган документтерди алып Стамбулга учмак. Бул маалыматты УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов да тастыктады. Демек, жалпысынан 107 паспорт даярдалган. 9 паспорттун Ошто кармалып, 98инин Стамбулга кандайча жеткени да табышмак бойдон калууда. Чек арадан кандайча өтүп кеткен? Же чек ара, аэропорт кызматкерлери да бул ишке көмөктөшкөнбү?

Иликтөө баштаганыбызда бул ишке катыштыгы бар делген туристтик агенттиктер тууралуу тиешелүү кызматтардан маалымат алууга мүмкүн болгон эмес. Акыры өз каналдарыбыз аркылуу 98 кыргыз жаранынын 50сүнө умрага виза алып берген “Ай Йылдыз” компаниясы менен байланыштык. “Ай Йылдыз” бир жылдан бери умра сапарын уюштурат жана аны түрк жараны Серт Хакан Бахадыр башкарат. Ал бир тууганы каза болуп Түркияда жүргөнүн, паспорт чуусуна эч кандай тиешеси жок экенин “Азаттыкка” билдирди.

Туроператорлордун жоромолунда паспорт жасоого ажы башчылардын катыштыгы болушу мүмкүн. Ушундай шек менен Стамбулда 4 жаран кармалганы белгилүү. Бизге жеткен маалымат боюнча алардын бири 25 жаштагы Өзгөндүн жашоочусу Хасанбай Рахманов. Ал ажы башчы катары “Ай Йылдыз” компаниясы аркылуу умрага 50 виза алган. Түрк полициясы кыргыз паспорттору менен кармалган уйгур жарандарын суракка алганда алар ар бир жасалган документ үчүн 2500 евродон бергенин айтышкан.

XS
SM
MD
LG