Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:50

Майор кытай ишкерин уурдоого шектелүүдө


Иллюстрация
Иллюстрация

Ошто кытай ишкеринин жоголушуна байланыштуу кылмышка шектүү катары Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын бөлүм башчысы Бекжан Ажыкулов кармалды.

Милициянын майору Ажыкулов өткөн жылы “Милициянын мыктысы” наамы менен сыйланган болчу. Ош шаардык соту кылмышка шектүү милиция кызматкеринин бөгөт чарасы катары камакка алууну тандаган чечим чыгарды.

Бир айдан кийин табылган из...

Буга чейин белгилүү болгондой, бир ай мурун Ош шаарында Кытайдан келген жеке ишкер дайынсыз жоголгон болчу. Буга байланыштуу Кытайдын Ош шаарындагы консулу анын табышмактуу жагдайда жоголгонуна кабатыр болуп, издөөгө көмөк сурап, кыргыз бийлигине кайрылган.

Ошто убактылуу жашап, ишкердик менен алектенген Кытайдын Али аттуу жараны быйыл 24-июнда "жума намазга барам" деп үйдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Кийин анын автоунаасы шаардын Салиева көчөсүндөгү Барпы мектебинин жанынан табылган.

Жоголгон ишкердин туугандары милицияга арызданып, ошол эле кезде өз алдынча да издей башташкан. Бир айга чукул иликтөө ишинин жыйынтыгында бул окуяга катышы бар адамдын автоунаасына байланыштуу илинчек табылган.

Замир Сыдыков
Замир Сыдыков

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Замир Сыдыков кылмышка шектүү адам милиция кызматкери болуп чыкканы туурасында буларга токтолду:

- Мындан бир ай мурун Кытайдын жараны, улуту уйгур, бирок Кыргызстандын жаранына баш кошуп, Ошто жашап, ишкердик менен алектенип жүргөн адам жоголуп кеткен болчу. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө бул адам уурдоо фактысына тиешеси бар жана негизги шектүү адам катары Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмүнүн бөлүм башчысы кармалды. Ош шаардык сотунан анын бөгөт чарасы катары 20 күнгө санкция берилди. Учурда ал Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоо жайына отургузулду. Азыр бул окуянын чоо-жайы изилденип, тергөө иши башталды. Тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу айрым жагдайларды айта албайбыз.

“Мыктынын мыктысы”

Кылмышка шектүү катары кармалган адам Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын мыйзамсыз миграцияга, экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Бекжан Ажыкулов болуп чыкты. Ага былтыр “Кесибинин мыктысы” наамы ыйгарылып, ал Ардак грамота жана акчалай сыйлык менен сыйланган.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Жеңиш Жоробеков өзү былтыр эле "Кесибинин мыктысы" деп таап, сыйлык ыйгарган кол астындагы кызматкеринин оор кылмышка шектелип кармалышы туурасында комментарий берүүдөн баш тартты.

Ошол эле кезде талдоочулар милициянын арасынан “погончон кылмышкерлер” катталган учурларды өздүк курамды жетектөөдөгү жоопкерчиликтин төмөндүгү менен байланыштырышууда.

Мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Суваналиев муну жоопкерсиздиктин кесепети катары мүнөздөдү:

- Азыркы күндө министрден баштап ылдыйкы башчылар дагы жоопкерчиликтүү боло албай турган кырдаал түзүлдү. Анткени бул тутумдун өзүндө, ошондой эле башка укук коргоо органдарында деле кадрдык башаламандык өкүм сүрүүдө. Себеби бардыгы азыр тааныштык же акча менен чечилип жатат. Ошондуктан ар бир жерде азыр жетекчилер кол астындагыларга сөз сүйлөй албай калышты. Анан калса ылдыйкы милиция кызматкерлери да жогору жакта эмне болуп жатканын көрүп тургандыктан алардын арасында дагы жоопкерсиздик күчөдү. Биздин учурда ар бирибиз ыйгарым укуктарыбыздын чегинде бөлүнүп берилген тармакты жөн эле жетектебей, бүтүндөй жоопкерчиликти өз моюнубузга алып иштечүбүз. Азыркы жетекчилерде, тилекке каршы, андай жоопкерчилик болбой жатат. Анткени аларга саясий буюртмалар көп берилип, алардын ишке болгон жоопкерчилигин азайтып салды.

Кыргызстанда милиция кызматкерлери оор кылмышка аралашкан учурлар аз эмес. Ал тургай Ички иштер министрлиги жакында уюшкан кылмыш топтору менен коюн-колтук алышып кеткен деген шек менен айрым кызматкерлерди жумуштан айдаган болчу.

Буга чейин 2013-жылы Бишкекте кытай ишкери, “Фуджин” көз айнек дүкөндөр тармагынын кожоюнуна кол салуу болуп, ал катуу токмоктон каза тапкан. Бул иштин бети кийин ачылып, ага шектүү катары милиция кызматкерлери кармалган болчу.

XS
SM
MD
LG