Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:46

Милициялардын мушташын ИИМ иликтейт


Ички иштер министрлиги.
Ички иштер министрлиги.

Кийинки убакта ички иштер органдарында милициянын бөлүм башчылары кол астындагыларын сабап салган же тескерисинче, кызматкер жетекчисине кол көтөргөн кылмыш фактылары удаасы менен катталды. Ошондой эле жетекчилик курамдагы кызмат адамдары ири өлчөмдөгү пара менен кармалганы жарыяланды.

Бул окуялардан улам укук коргоо тармагындагы ички тартип, андагы эл менен түздөн-түз иштеген кызматкерлердин моралдык-психологиялык абалы тууралуу маселе кайрадан коомчулуктун талкуусуна түштү.

Ички иштер министрлигинин жетекчилиги милиция учурдагы коомдун туундусу экенин айтып, мындан ары андай терс көрүнүштөргө жол берилбей тургандыгына убада берди.

"Чоң муштум" милициялар

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына караштуу Биринчи май райондук милициясынын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөш кызматынын башчысы кол астындагы кызматкерин токмоктогон факты катталды. 26-июнда белгилүү болгон бул окуядагы таяк жеген кызматкердин саламаттыгы оор экени жана ал ооруканага жаткырылганы кабарланууда. Анын баш сөөгү менен мурду сынып, кулагы айрылган.

Жетекчи менен анын кол астында иштеген кызматкердин ортосунда эмнеден улам чыр чыкканы айтылган жок. Ишти министр Кашкар Жунушалиев ишти өз көзөмөлүнө алып, тийиштүү материалдар прокуратура органдарына жөнөтүлгөн.

Ага чейин 3-июнда Ош облустук ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматынын башчысы өзүнүн иш бөлмөсүндө кол алдындагы кызматкеринин кол салуусуна дуушар болгону белгилүү болгон. "Жетекчисине кол көтөргөн" деп шек саналган милиция кызматкерине кылмыш иши козголгон. Токмок жеген бөлүм башчы Оштогу облус аралык бириккен клиникалык ооруканасына жаткырылып, милициянын полковниги денесинен анча оор эмес жаракат алганы аныкталган.

Ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев бул эки окуя боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатканын билдирди:

Алмаз Орозалиев.
Алмаз Орозалиев.

- Биз мындай терс көрүнүштөргө карата чара көрөбүз. Ушундай ар бир факты боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүп, анын жыйынтыгы менен коомчулукту тааныштырабыз. Ачыгын айтканда анча-мынча ушундай фактылар болуп кетти. Бул окуялар биздин милицияга да таасир этип жатат. Биз эми мындай көрүнүштөргө жол бербеш үчүн чара көрөбүз. Милициянын ичинде да кээде ушундай фактылар болуп кетип жатат. Эми буга окшогон нерселер кайталанбайт.

Каралбаган тартип, көрүнбөгөн көзөмөл

Коомчулукта укук коргоо органдарындагы кызматкерлердин жүрүм-туруму, тартиби, элге карата мамилеси тууралуу сын-пикирлер менен нааразылыктар буга чейин эле арбын эле. Ал эми коомдук коопсуздукту камсыз кыла турган милиция кызматкерлери өздөрү кеңседе бири-бири менен мушташкан өнөкөт жайылганы коомчулукту түйшөлтүп жаткан учур.

Мурдагы вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиевдин пикиринде, мындай ар бир окуя милициянын ансыз да кейиштүү абалдагы беделин түшүрүп, андагы тартип маселеси көзөмөлсүз калганын көрсөтүүдө:

Абдрахман Маматалиев.
Абдрахман Маматалиев.

- Бул көрүнүштөр Ички иштер министрлигинде кызматтык тартиптин аябагандай начарлаганын, жетекчилик тараптан жана өкмөттөн көзөмөл жок экенин көргөзөт. Аскерлештирилген органдын ичинде ушундай болуп жатканы өзү жакшы эмес. Милицияда жетекчисине кол көтөрүп жатышса же болбосо бөлүм башчысы кол астындагы милиция кызматкерин сабап салса же башчысы менен тергөөчү биригип алып, ири өлчөмдө пара алып жатса - буга биз мындан башка кантип баа беришибиз керек? Укук коргоо органдарынын ишмердигин координациялоо боюнча өкмөткө караштуу атайын кеңеш бар. Ошол кеңештин жыйыны эки жылдан бери качан өткөрүлгөнү мага белгисиз. Ушуга окшогон маселелерди ошол жерден чечип, терс көрүнүштөргө жол бербөөнүн чаралары иштелип чыгышы керек болчу. Ага өкмөттүн укук коргоо органдарын караган вице-премьер-министри жетекчилик кылат. Демек, иш жүрбөй жатканы даана эле көрүнүп турат.

26-июнь күнү Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгынын бөлүм башчысы менен тергөөчүсү 5 миң доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалганы ачыкка чыкты. Милициянын бул кызмат адамдары жемкорлукка шектелген жарандын бөгөт чарасын өзгөртүп, кылмыш ишин кыскартыш үчүн пара талап кылганы көрсөтүлгөн.

Буга чейин Бишкектеги Ош базарында кайыр сурап отурган майып баланын апасына милициянын орой мамилеси жана Ысык-Көлдө кафелердин биринде МАИ кызматкеринин чыр чыгарган видеосу социалдык тармактарга тарап, коомчулуктун нааразылыгын жараткан болчу.

21-июнь күнү президент Сооронбай Жээнбеков ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди кабыл алып, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин тартибин жана жоопкерчилигин бекемдөө боюнча иштерди жандандыруу зарылдыгын эскерткен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG