Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:42

Менин милициям кимди коргойт?


Бишкек, 7-апрель, 2010-жыл
Бишкек, 7-апрель, 2010-жыл

“Арай көз чарай” талкуусу милициянын реформасына арналды. Милициянын коомдогу ордун, айлык акысын, макамын жогорулатуу үчүн эмне кылуу керек?

Талкууга Ички иштер министрлигинин илим изилдөө борборунун жетекчиси Шамшыбек Мамыров жана “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын башчысы Динара Ошуракунова катышты.





“Азаттык”: Шамшыбек мырза, 1998-жылы расмий токтом чыккан, 13 жылдан бери милициянын реформасы жүрүүдө. Бирок ушул убакытка чейин дээрлик көрүнүктүү деңгээлде реформалар жүргөн жок. Эмне жетпей атат: саясий эркпи, каражатпы, же милиция аң-сезимин өзгөрткүсү келбей жатабы?

Шамшыбек Мамыров: Ички иштер органдарын өнүктүрүү концепциясы деп 1998-жылы расмий түрдө өкмөттүн токтому чыккан. Бул токтом Ички иштер министрлиги, өкмөт тарабынан иштелип чыккан.

Шамшыбек Мамыров
Шамшыбек Мамыров
2005-жылы март айында президент Аскар Акаевдин “2005-10-жж. ички иштер органдарын реформалоо концепциясы” деген атайын жарлыгы чыккан. Турмуш, саясий-экономикалык өнүгүүнүн жолу, биздин тарыхыбыз бир нерсени көрсөттү: эмне үчүн ушул эки нерсе тең ишке ашпай калды?

Биринчиден, жазылган сөз менен айтылган ойдун айырмасы чыкты.

Саясий эрктин жоктугу, ошону кантип ишке ашыруунун программасынын иштелип чыкпагандыгы, ошонун артында каржылоонун такталбагандыгы жана ушул концепцияны ишке ашыруудагы этаптын бөлүнгөндүгү.

Эң негизгиси мамлекеттик жалпы башкаруу системасынын реформасы жүргөн жок. Биз чологураак түшүнүп атабыз, ички иштер органдарын реформаласак эле баары жакшы болуп кетет дейбиз.

Динара Ошурахунова
Динара Ошурахунова
Бүгүнкү күндө Ички иштер министрлиги концепцияны иштеп атабыз, ошону менен бирге эле мамлекеттик башкаруу системасында Ички иштер министрлигинин саясий орду жөнүндө структураны да өкмөткө сунуш кылып атабыз.

“Азаттык”: Жарандык коом милициянын реформасына кылдат көз салып келатасыздар. Айтсаңыз, участкалык милиция кызматкеринин бүгүнкү аткарып жаткан иши реформаланган деп айтууга болобу?

Динара Ошуракунова: Реформа концепциясы талкуусуна бир нече жолу катышканбыз. Жер-жерлерде участкалык милициялар жакшы иш жүргүзө албай атат. Кичинекей айылдарда балким участкалык милицияларга эл кайрылат, ишенет. Бирок чоң шаарларда оор маселе болуп атат.

Шаарда бир участкада көптөгөн адам жашайт, жалгыз участкалык милиция кызматкери ошончо элди көзөмөлдөй алабы, коргоп бере алабы? Мисалы, мен биздин участкалык милиция кызматкерин тааныбайм, телефонун да билбейм. Азыр шайлоонун алдында баары күчөтүлгөн тартипте иштеп атышат. Ушундай чоң нерсе болгондо эле баары иштеп калышат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG