Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:41

Милиция сойкулардын изине түштү


Бишкек милициясы бир жуманын ичинде шаарды сойкулардан тазалап чыгарын эскертип, белгилүү көчөлөрдө рейд жүргүзө баштады.

Активисттер муну ишке ашпай турган популисттик кадам катары баалап жатышат.

"Түңкү көпөлөктөргө" каршы рейд шаардын Ибраимов-Кулатов, Ибраимов-Фрунзе көчөлөрүнөн башталды.14-июндагы рейддин жыйынтыгында 25 кыз кармалып, аларга карата тийиштүү документтер толтурулган. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Олжобай Казабаев:

- Орозо айы жана учурда туристтик сезон башталды. Ошол себептен сойкуларды тазалоо иштери жүрүп жатат. Бул боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгында атайын буйрук чыккан. Баарын тазалай албасак дагы азайтууга болот.

Бирок Кыргызстанда сойкулукка каршы атайын мыйзам жок. Андыктан кармалгандарга “бейбаштык” беренеси менен айыппул салынат. Ошондой эле андай кыздардын тизмеси түзүлүп, кайра-кайра кармалгандарды социалдык атайын жайларга жиберүү пландалууда. Ал жактан психологдор кыздарды башка кесипке өтүүгө үндөп, тигүүчүлүк, ашпозчулук сыяктуу курстарга окутушат.

Анткен менен милициянын мындай демилгеси социалдык тармактарда сынга кабылып, муну ишке ашпаган кадам катары баалап жатышат. Алардын бири жарандык активист Сумсарбек Мамыралиев мындай деди:

- Бул социалдык көйгөйдү чечүү кыйын. Бир жуманын ичинде тазалоо мүмкүн эмес. Аларды тыйып, кубалоо жолу менен жоё албайбыз. Алар да Кыргызстандын жарандары. Кыйналган жашоодон улам ошол иште жүрүшөт. Бир жуманын ичинде тазалайбыз деген жетекчинин сөзү, деңгээли эмес.

Учурда Кыргызстанда секс кызматын сунуштаган бир нече интернет сайт иштеп келет. Мындай сайттарга бөгөт коюуга азырынча бийликтин чамасы жетпейт. Бейөкмөт уюмдардын изилдөөсүнө ылайык, сойкулук менен алектенген кыздардын саны беш миңден жети миңге чейин жетиши мүмкүн. Байыркы кесипти жумушсуз жана каражатсыз калгандан тарта аркалап келатам деген атын атагысы келбеген кыз буларды айтып берди:

- Убактылуу ишке чыга элекмин. Качан чыгарымды билбейм. Эми биз өз алдынча иштебейбиз да. Жакшы, коопсуз иштеткен эже тапсам кайра чыгам. Милиция бат-баттан эле текшере берет. Көнүп калдык, милицияга алып барат, түшүнүк жазабыз кое беришет. Биздин эжелер милицияларга акча беришерин угуп калам. Бая күнү кармалган кыздар кайра эле иштеп жатышат.

Коомчулукта сойкулук кесибин уюштургандарды күч кызматкерлери калкалайт деген сындар арбын. Милиция бул жолку рейддеринде сойкуларды калкалагандарды дагы аныктоо аракети жүргүзүлөт деп ишендирүүдө.

Сойкулук менен алектенгендерге психологиялык жардам көрсөтүп жана алардын арасында ВИЧ/СПИДдин жайылуусун алдын алуу боюнча иштеп жаткан Жалал-Абаддагы “Таис Плюс-2” коомдук уюмунун өкүлү Байгазы Эрматов рейд учурунда кыздардын укуктары бузулган учурлар көп болорун айтат. Эрматовдун пикиринде, сойкуларды азайтуу үчүн мамлекеттик программа иштеши керек.

- Жугуштуу ооруларды алдын алуу боюнча иштейбиз. Негизи мамлекет бул көйгөй боюнча программа кабыл алып, системалуу иштеши керек. Аларды кайра окутуп, жумушка орноштуруп, түшүндүрүү иштерин тынбай жүргүзүшү зарыл. Бизде андай программа жок. Ал эми кубалап, тыюу салуу менен токтобойт. Бир жума эмес, он жылда дагы токтобойт.

Өлкөдө маал-маалы менен жашыруун иштеген секс кызматты легалдаштыруу маселеси көтөрүлүп келет. Мыйзамдаштырууну колдогондордун жүйөсүндө, "байыркы кесип" мыйзамдаштырылса, сойкулар арасындагы жугуштуу оорулардын көбөйүшү, СПИДдин таркашы жана жаш кыздардын сойкулукка тартылышы азаймак. Бирок, ага каршылар сойкулукту мыйзамдаштыруу кыргыз коомунун үрп-адатына туура келбестигин айтышат. Ал эми милиция бир нече жылдан бери сойкулук менен алектенгендерге чара көрүү мыйзамын сунуштап келет.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG