Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:23

Туугандардын чыры өлүм менен аяктады


Иллюстрация
Иллюстрация

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда милиция кызматкери 10-майдын түнүндө тууганын атып өлтүргөн факты катталды.

Маалыматтарга караганда, аткан жана кайтыш болгон адам бир тууган таеке-жээндер болгон.

Окуя болгон үйгө “Азаттыктын” кабарчысы барганда туугандары мерт болгон Акыл Мамыркуловдун сөөгүн өлүкканадан алып келет деп күтүп, боз үй тигип жатканына күбө болгон. Көп өтпөй маркумдун сөөгү да келген.

Күтүүсүз кайгыдан эсин жыя албай, айласы кетип турган атасы Турсун Мамыркуловдун айтымына караганда, уулуна ок атты деп шектелип жаткан адам кайниси болот.

- Мен сыртта, жумушта болчумун, эмне болгонун толук аңдап биле албай жатам. Жакында эле кызым каза болгон, кыркылыгын берели деп жатканбыз. Келсем тигиндей болуп жатпайбы. Окуя үйдөн болуптур. Аткан киши бир тууган кайнимдин баласы, өзү милиция кызматкери.

Таяке-жээндин ортосунда мурдатан чыр барын кошуналары да кеп кылышты. Жоромолдорго караганда, Акыл Мамыркулов акыркы учурда ичкиликке берилип, үй-бүлөсүнө, ата-энесине тынчтык бербей калган. Окуя болгон түнү да мас болуп, чыр салып жатканда таякеси курал колдонгону айтылууда. Жакын кошунасы Бекболот Кожоев буларды айтты:

- Мен сыртка чыксам, ызылдап атышкан экен. Кирсем аркы сарайында жатыптыр. "Саламат атып, качып кетиптир" дешти. Анан милиция, тез жардам келди. Бул экөө урушкан окшойт, ошого жини келип атып жиберди деп угуп калдым.

Облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакуновдун билдиришинче, адам өлүмү менен аяктаган окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү материалдар облустук прокуратурага өткөрүлүп берилди:

- Кече 10-май күнү болжол менен саат 20.00 чамасында Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкери Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт кызматына өз ыктыяры менен келип, "ушундай адамды атып салдым" деп, кабар берген. Бул боюнча облустук ички иштер башкармалыгындагы ыкчам иликтөө тобу барып, алгачкы тергөө иштерин жүргүздү. Башкача айтканда, ал адам денесине ок жаңылганынан каза болгону аныкталган болчу. Бул факты боюнча Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин, башкача айтканда адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголду.

Ок чыгарган кызматкер Каракол шаардык милициясынын нөөмөтчүсүнүн жардамчысы болуп иштеп келген. Каракол шаардык милициясынын жетекчиси Максат Абдыкулов бул кызматкер бөлүмдө төрт жылдан бери иштеп келатканын айтып, ишке так, аябай жөндөмдүү, куулук-шумдугу жок жакшы бала болчу деп сыпаттады.

XS
SM
MD
LG