Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:28

Партиялар "чоң казатка" аттанды


"Республика Ата-Журт" партиясынын курултайы. 15-август, 2015-жыл.
"Республика Ата-Журт" партиясынын курултайы. 15-август, 2015-жыл.

15-августта “Ар-намыс” жана “Республика Ата-Журт” партиялары өз курултайларын өткөрүп, партия талапкерлеринин тизмеcин жарыялады.

Жогоруда аталган эки партиянын тең Жогорку Кеңештин учурдагы чакырымында өз депутаттары бар. Бирок фракциялардан айрым депутаттар башка партияларды түзүп алса, дагы бир тобу бөлөк партиялар менен шайлоого баратат. Ошондуктан эки саясий топтун партиялык тизмесинде олуттуу өзгөрүүлөр байкалды.

“Республика” партиясы күздөгү шайлоого “Ата-Журт” менен кол кармашып баратса, орусиячыл деген “Ар-намыс” катарын батышчыл көз караштагы саясатчылар менен толуктады.

"Ар-намыс" партиясынан курултайы
"Ар-намыс" партиясынан курултайы

“Ар-намыс” партиясынын төрага орун басары Эмил Алиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, парламенттеги фракциядан алты гана депутат партиянын тизмесине киргизилди.

"Арнамысчылар" коомдогу социалдык абалды оңдоону приоритет кылганын айтышууда.

- Элдин жашоосуна түздөн түз таасир эткен маселелерди көтөрөбүз. Пенсия, жөлөк пул, балдардын окуусу, мектепке чейинки билим берүү, жаштарга кызмат ордун түзүүнү мамлекеттик саясат катары жүргүзөлү деп турабыз, - деди Эмил Алиев.

Өз кезегинде “Республика Ата-Журт” беш жыл мурункуга салыштырмалуу, аткара албаган убадаларды берүүдөн алыс болгонун партиянын тең төрагасы Камчыбек Ташиев айтты. Башка партиялар көчүрүп алат дегенден оолак болгон “Республика Ата-Журт” өзүнүн программасын 4-сентябрга чейин коомчулукка жарыялабай турганын билдирди.

"Республика Ата-Журт" партиясынын курултайы
"Республика Ата-Журт" партиясынын курултайы

Ошентсе да парламентке кирип келүүгө дымагы күч “Республика Ата-Журт” айрым пландары тууралуу бөлүшүп, көпчүлүк тармакта терең реформа кылып, Салык кодексин жаңылап, атүгүл Конституцияны алмаштыруу ойлору бар экенин партиянын тең төрагасы Өмүрбек Бабанов айтып өттү. Анын белгилөөсүндө партия Жогорку Кеңешке кирип келсе, депутаттык артыкчылыктардан баш тартып, мигранттарга жана алардын үй-бүлөсүнө кош жарандуулукту берүү демилгесин көтөрөт.

- Биз терең реформалар аркылуу өнүккөн мамлекетке жете алабыз. Депутат болуп шайланып келгенде депутаттык артыкчылыкты жоёбуз. Депутаттык унаа, батирлерди албайбыз. Биздин жарандарыбыз эч качан мигрант болбойт. Биз аларга жана үй-бүлөлөрүнө кош жарандыкты беребиз.

Жаштарга орун көп берилүүдө

“Ар-намыс” жана “Республика Ата-Журт” жарыялаган партиялык тизмеде жаштарга басым байкалууда. “Ар-намыстын” лидери Феликс Кулов тизмеде көч баштаганы менен партиянын алдыңкы он сабында жаштарга орун берилди. Ал эми “Республика Ата-Журттун” тең төрагасы Камчыбек Ташиев партиялаштарына орун бошотуу менен 41чи болуп менен тизмеде баратат.

Саясий аналитик Турат Акимов партиялардын жаштарга орун бошотуусу - аргасыздын иши болуп жатканын байкайт. Анын белгилөөсүндө көпчүлүк саясатчылар аты таанылганы менен коомчулукта добуш алып келүү аброю төмөн болуп калууда. Акимов белгилегендей, “Ар-намыс” партиясынын таанымал мүчөлөрү кетип калгандан кийин, анын электораты басаңдай түштү, ал эми “Республика Ата-Журт” кошумча добушту пафостук билдирүүлөр менен издөөгө кирди. Себеби республикачылдардын мигранттарга кош жарандуулук берүү демилгеси - партиянын кадамы менен эле ишке аша койбосу бышык дейт серепчи.

- Добуш алуу үчүн эле ушундай сөздөрдү айтып атат. Эртең биз демилгени чыгардык, башкалары колдобой койду деп кутулуп кетишет. Себеби кош жарандуулукту беребиз дегенди саясий аналитиктер, Улуттук стратегиялык изилдөө институту чечмелеп бериши керек. Ошондуктан мен муну саясий чечилбес нерсе дейм. Айтып коё беришет да.

Ошентип жогоруда сөз болгондой, шайлоого барчу партиялар курултайларын өткөрүүгө киришти. Биз болсо мындан ары Кыргызстандагы партиялардын абалы, саясий салмагы тууралуу көз карандысыз эксперттердин, саясий талдоочулардын пикирлерине орун берип турмакчыбыз. Саясат таануучу Эркайым Мамбеталиеванын "Азаттыкка" берген маегин бул жерден уксаңыз болот.

please wait

No media source currently available

0:00 0:06:09 0:00
Түз линк

Тизменин да эрежеси бар

Партиялардын курултайынан кабыл алынган тизме, БШКга жөнөтүлмөкчү. Боршайкомдун мүчөсү Айнура Шайымкулованын “Азаттыкка” билдиришинче, партия тизмесинде бир жыныстагы талапкерлер 70 пайыздан ашпоосу керек. Ошондой эле талапкерлердин катарында жаштар, башка улуттун өкүлдөрү, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар да камтылышы зарыл.

- Талапкердин тизмесинде аял менен эркектин ортосундагы позиция үчтөн ашпоосу керек. Бирок партиялар көбүнчө үч эркек анан аялды коюшат. Жаштар тизменин 15 пайызын түзүшү керек. Башка улуттун өкүлдөрү 15 пайызды ээлеши шарт. Ден соолугу чектелген эки адам болуп, анын бири алдыңкы 50нүн катарында болушу абзел.

Борбордук шайлоо комиссиясы партиялардын тизмегин 25-августка чейин кабыл алат. Ушундан улам алдыда бир катар партиялар өздөрүнүн курултайын өткөрүүгө камына баштады. Алсак, “Бир бол” жана "Ата Мекен" партиялары 16-августта курултай өткөрмөй болуп жатса, кийинки жумада саясий топтордун катарын КСДП, “Замандаш” “Кыргызстан”, “Бүтүн Кыргызстан - Эмгек” өңдүү партиялар толуктамакчы.

XS
SM
MD
LG