Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:50

Кыргызстан башчыларсыз калды


Кыргызстандын үч жетекчиси: президент, спикер, премьер-министрдин бир эле убакта өлкөдө жок болушу коомчулуктун назарын бурду.

Президент Атамбаев капыстан Түркияга эс алууга кетти. Ага удаа премьер-министр Сатыбалдиев КМШ мамлекеттеринин премьерлеринин саммитине бет алды. Ал эми спикер Жээнбеков ушу тушта Нью-Йоркто БУУнун башкы ассамблеясынын жыйынына катышууда. Үч жетекчинин бир эле маалда жок болушу Кыргызстанда биринчи жолу болуп жаткан жок.

Үч жетекчи үч жакта

27-сентябрда президент Алмазбек Атамбаев кыска мөөнөттүк эмгек өргүүсүнө чыгып, Түркияга жөнөп кетти. Ал 26-сентябрда Коомдук телеканалдагы маегинде буга чейин Түркия убада кылган 160 миллион доллар насыяга байланыштуу маселени чечип келээрин билдирген эле. Ушул эле күнү премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин да Украинанын Ялта калаасына учуп кеткени белгилүү болду. Өкмөттүн маалымат кызматынын кабарлашынча, премьер бүгүн кечинде орус өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен жолугат. Ошондой эле ал КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын кезектеги жыйынына жана Евразия экономикалык шериктештик уюмунун мамлекеттер аралык кеңешинин жыйынына катышат. Ал эми парламент спикери Асылбек Жээнбеков болсо, 25-сентябрда башталган БУУнун Башкы Ассамблеясынын 67-сессиясына катышып жатат.

Өлкөнүн үч жетекчисинин бир убакта өлкөдө жок болушу бүгүн коомчулуктун көңүл чордонуна чыкты. Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев өлкө башчыларынын бир убакта өлкө ичинде жок болушуна эч убакта жол берилбеши керектигин билдирди. Анын айтымында, үч жетекчинин бир маалда сыртка кетүү тартиби мыйзамда белгиленген эмес. Бирок бул нерсе мамлекетти башкаруунун тажрыйбасын, башкаруу маданиятын билүү менен аныктала турган нерсе болгондуктан, кандай болгон учурда дагы өлкө башкаруучуларынын бири сөзсүз калышы керек эле

- Түптөлүп калган өлкөлөрдө бул жагы терең мыйзамдаштырылып, мамлекет башчыларынын сыртка чыгып кетүү тартиби аныкталган. Кээ бир өлкөлөрдө мыйзам менен аныкталбаганы менен ошол тарыхы, өлкөнү башкаруу логикасы менен аныкталган. Менин оюмча, биз дагы так ушундай нормаларды киргизбесек, биздин тажрыйбабыз жок. Узун мөөнөткө, кыска мөөнөткө пландаштыруу жагынан аксап жатканыбыз мына ушундан көрүнүп турат. Мындай учурлар боло бериши мүмкүн. Мурда дагы Бакиевдин убагында бир жолу ушундай болгон. Менимче, биз тез аранын ичинде бул маселени мыйзам чегинде жөнгө салуубуз керек.

Коопсуздукка коркунуч барбы?

Талдоочу Марс Сариевдин пикиринде, Кыргызстанда мамлекетти башкаруу системасынын чабалдыгы мына ушундай учурлардан эле байкалып калууда. Ал журт башчылары дагы эле өлкөнү башкаруу маданиятынын түпкү маңызын түшүнбөй жатат деген ойдо:

- Кыргызча болуп жатат да. Система иштебей жатат. Ошондой учурларга көп көңүл бурбай жатышат. Баягы постсоветтик синдром деп коёт. Ошол Советтер Союзу убагынан келгенбиз. Ошондуктан мыйзам жолуна, цивилизация жолуна кире албай жатабыз.

Азырынча президенттин Түркияга канча убакытка кеткени айтыла элек. Спикер болсо АКШдан 30-сентябрда кайтаары айтылууда. Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Ялтага эки күндүк сапар менен кетти. Ошентип өлкө эки күн башчыларысыз, өзү менен өзү калып отурат. Марс Сариев бул эки күн азыркы кырдаалда абдан көп экендигин жана бул учурда пайдаланып кетчү күчтөр ар дайым табыларын эскертет.

- Эми коркунучтуу кырдаал көп эле. Азыр Өзбекстан менен суу маселеси аябай көтөрүлүп жатат. Чек ара меселеси бар. Жоочулар кирип келиши мүмкүн. Эки күндүн ичинде бир заматта эле абал өзгөрүп кетиши мүмкүн. Өзбекстандын Ислам кыймылыбы, же террористтик, химиялык кол салуу болуп кетсечи. Эки күн деген аябай көп убакыт. Бул абдан туура эмес.

Саясат талдоочулар өлкө башкаруучуларынын мамлекетти кароосуз калтырып таштап кеткен учурлары мурда дагы бир нече ирет болгонун белгилешет. Мындай окуя Убактылуу өкмөт тушунда, андан мурда – 2008-жылы ошол кездеги президент Курманбек Бакиев Германияга дарыланууга кеткен кезде да катталган.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG