Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:02

“Реформа”: ЦАРИИнин иши кайталанууда


"Манасты" Орусияга сатууга каршы Өкмөт үйүнүн алдында өткөн жарандык коомдун акциясыю 20-март, 2014-жыл.
"Манасты" Орусияга сатууга каршы Өкмөт үйүнүн алдында өткөн жарандык коомдун акциясыю 20-март, 2014-жыл.

“Реформа” саясий партиясы президент Алмазбек Атамбаевди Баш мыйзамда белгиленген ыйгарым укуктарынан чыкпоого чакырды.

Партиянын кечээ президентке багышталган ачык катында мамлекет башчы акыркы убактарда стратегиялык ишканаларды Орусияга берүүгө кызыкдар болуп жатат деп айтылат.

“Реформа” саясий партиясы мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевге ачык кайрылуусунда аны стратегиялык маанилүү ишканаларды Орусияга сатууга көмөктөшпөөгө чакырды. Партиянын төрагасы Мирбек Асангариев “Азаттыкка” курган маегинде президент эң ириде мамлекеттин, улуттун кызыкчылыгы үчүн иштөөгө тийиш деп билдирди:

- Президент барган жеринде бүт эле өзүнүн орусиячыл экенин айтып жүрөт. Бул туура эмес. Анткени мамлекет башчы деген биздин өлкөнүн, улуттун кызыкчылыгын 1-орунга коюшу керек. Президент катары да жоопкерчилиги, Баш мыйзамдагы ыйгарым укуктары боюнча да ал эң ириде ушуга жоопкер болууга тийиш. Бүгүнкү күндө коомчулукта суроо көп туулууда: эмне үчүн биз стратегиялык мааниси бар ишканаларды Орусияга берип жатабыз? Биздин эгемендигибиздин келечеги кандай болот? Эгер минтип өткөрүп бере берсек, биздин мамлекеттин максаты, мааниси эмнеде? Биздин жарандардын паспорту эле болгону эгемендигибизби?
Манас аэропорту
Манас аэропорту
Мирбек Асангариев учурда улам бир стратегиялык ишканалар Орусияга сатылып, берилип жатканы 2010-жылдагы Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттиктин (ЦАРИИ) жең ичинен жүргүзгөн иштерин кайталоого жатат деп эсептейт:

- Баарыбызга белгилүү, 2010-жылы ЦАРИИ иштеп турганда да ушундай ич ара, көмүскө сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында, биздин стратегиялык ишканаларды сатуу кадамдары жасалган. “Кыргызтелеком”, “Түндүк электро” ишканалары кантип арзан баада сатылганы эсибизде. Чындыгын айтсак, азыркы жүргүзүлүп жаткан саясат ошол кездеги Максим Бакиевдин кадамдарына опокшош.

“Реформа” партиясы президентке ачык кайрылууну Алмазбек Атамбаев өткөн жумада айрым телеканалдарга курган маегинде “Манас”, “Ош” аэропортторун Орусиянын “Роснефть” ишканасына берүү боюнча айтканына байланыштуу жарыялоодо. Анда президент “Манас” аба майданынын келечеги үчүн аэропортторду “Роснефть” компаниясына сатуу жакшы болот деп айткан болчу:

Президент Алмазбек Атамбаев.
Президент Алмазбек Атамбаев.
- “Роснефтке” “Манас” аэропортунун 49% же 51% сатылабы, аны парламент чечет. Мен бир нерсени айта алам: “Манас” аэропорту жакшылап өнүгүүсү үчүн арзан керосин болушу керек. Эгер аэропортто башка коңшуларга караганда арзан күйүүчү май болсо, ал атаандаштарынан алдыга өнүгөт. Ал эми арзан керосинди бизге “Роснефть” гана бере алат. Ошондуктан, азыр аэропортту бул ишканага “бербеш керек” деп каршы чыккандар “Манастын” келечегине каршы чыккандар.

Андан мурдараак 1-вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев “Манас”, Ош аэропортторун 51% Орусиянын “Роснефть” ишканасына берүү тууралуу меморандумга кол койгону айтылган. Бул тууралуу 3-апрелде Жогорку Кеңештин депутаттары Жоомарт Оторбаевден тактап сурашты:

- Эч кандай чечим өкмөт тарабынан кабыл алынган жок. “Роснефть” ишканасын биз ниетибиз бар деп, сүйлөшүүгө чакырып атабыз. Парламенттин уруксатысыз юридикалык күчкө ээ документке кол коюлган жок.
Манас аба майданын Орусияга берүүгө каршы митинг (20-март, 2014-жыл)
"Манасты" Орусияга берүүгө каршы митинг
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:46 0:00


Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, Стратегиялык мааниси бар деп белгиленген ишканалар менчиктештирилбейт, чет мамлекеттерге сатылбайт. “Жаш ишкерлер ассоциациясынын” лидери Руслан Акматбек акыркы мезгилдерде ар кандай себептер менен бул мыйзам бузулууда деп эсептейт:

- Ар бир өлкө өзүндө кирешелүү тармактардын активдерин кармап калып, өзү өнүктүрүүгө аракеттенет. Же болбосо мендежментин алмаштырып, кирешени өзү табууга аракеттенет. Макул, “Кыргызгаз” ишканасын биз “банкрот болду, карызы башынан чоң” деп бердик. Ал эми “Манас” аэропортуна, энергетика тармагына окшогон кирешелүү тармактарды биз бүгүн атайын банкроттук абалга алпарып, бирөөлөргө устукан тарткандай эле тартуулап атабыз. Биз өзүбүз деле өлкө катары алардан кирешени толук табууга кудуретибиз да, дараметибиз да жетет. Неге биз ошол кирешелүү тармактарды тендер, конкурс жарыялабай эле, сураган өлкөгө “бул чоң өлкө, күйүүчү май арзан” деген жүйөө менен карматып атабыз? Бул чын эле келечегибиз үчүн аябай кооптондурат.

Былтыр “Кыргызгаз” ишканасы Орусияга 1 долларга сатылуу алдында мамлекет башчы “Бизге “Кыргызгаз” эмес, газ керек” деп айтканы көпчүлүктүн эсинде. Аталган ишкана стратегиялык маанидеги ишканалардын тизмесинде болгону менен мойнундагы 2,4 млрд. сомдук карызы жана бардык инфраструктурасы менен Орусиянын “Газпром” ишканасына өткөн жылдын аягында 1 долларга сатылган. Келишимге ылайык, “Газпром” беш жыл аралыгында “Кыргызгаз” ишканасына 640 млн. долларлык инвестиция салуу, үзгүлтүксүз газ менен камсыздоо, баа саясатын кыргыз өкмөтү чектеген шарт менен жүргүзүү милдетин алган.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG