Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:28

Баш мыйзам коргоосуз калабы?


Конституция күнүнө карата Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өткөн салтанаттуу жыйын.
Конституция күнүнө карата Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өткөн салтанаттуу жыйын.

Бишкекте Европа кеңешинин Венециялык комиссиясынын, жергиликтүү жана чет элдик соттордун, эксперттердин катышуусунда конституциялык сот өндүрүшүнүн маани-маңызы талкууланды.

Укуктун үстөмдүгүн камсыздоодогу конституциялык көзөмөлдүн ролун талкуулоо учурунда Баш мыйзамды өзгөртүүнүн алкагында Конституциялык палатаны сот тармагынан чыгарып, өз алдынча кеңешме органын уюштуруу жана соттук президиум түзүү сыяктуу көтөрүлүп жаткан демилгелер сынга кабылды. Бул маселе боюнча тегерек үстөлгө чакырылган парламенттеги демилгечилердин көпчүлүгү келген жок.

Батыл демилгенин "бакыл" жактары

Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” фракциясынын жетекчиси Феликс Кулов менен КСДП фракциясынан депутат Галина Скрипкина баштаган демилгечи топ Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча бир топ сунуштарды иштеп чыккан. Алардын арасынан эң эле маанилүүсү - сот тутумун өзгөртүүгө байланыштуу. Ага ылайык, жалпы сотторду шайлоо мындан ары соттук президиум аркылуу сунушталып, президент көрсөтүп, андан соң парламент бекитет. Ошондой эле Конституциялык палата Жогорку Соттун курамынан чыгарылып, өз алдынча кеңешме орган катары түзүлмөкчү. Бул боюнча мыйзам долбоору парламенттен өтсө, референдумга коюлушу мүмкүн.

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев Конституциялык сот өндүрүшүнүн ыйгарым укуктарын кыскартуу демилгесине карата мына буларды билдирди:

Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

- Негизинен бизде Конституциялык сот болуп келген. Ошол Конституциялык сот боюнча эле калса жакшы болмок эле. Бирок анын каршылары чыгып, Конституциялык сот өткөн жыйырма жылда анын талаптарын бир нече курдай бузуп, туура эмес чечимдери кабыл алган, ошондуктан ага акыркы соттук инстанция катары чоң ыйгарым укуктарды бербөө керек экенин айтып келе жатышат. Айрым мамлекеттерде ал конституциялык көзөмөлдү гана жүргүзсө, кээ бирлеринде эң акыркы чечим чыгарган сот түрүндө кызмат аткарат. Анан эми биз ал жагын да, бул жагын да кылдат карап туруп, этияттык менен Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгын жана өзгөчөлүгүн эске алып туруп анан чечишибиз керек.

Таңууланган саясаттын тагдыры

Бишкекте өткөн тегерек үстөл жыйынында жаңыдан сунушталып жаткан демилге укук таануучулар менен саясат таануучулардын сынына кабылды. Конституциялык палатаны сот тутумунан чыгарып, кеңешме органга айлантуу анын ыйгарым укуктарын чектейт деген ой-пикирлер талкууланды. Ошол эле кезде сунушталып жаткан Баш мыйзамга өзгөртүүлөр сырттан таңууланган долбоор болушу мүмкүн деген шектенүүлөр дагы үстөмдүк кылды. Анткени демилге ишке кирсе, анда бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмактуулук бузулат деген чочулоолор дагы арбын. Жогорку Кеңештин экс-депутаты Эркинбек Алымбеков бул жагдай туурасында мына буларга токтолду:

Эркинбек Алымбеков
Эркинбек Алымбеков

- Авторитардык бийлик режиминдеги мамлекеттер менен өтө жогорку деңгээлде достошуп, керек болсо көз карандысыздыктын элементтерин чекесинен өткөрүп берип, ошол Орусияынын саясаты менен жашап, ошол жакка багыт алып калганыбыздын көрсөткүчү мына ушул демилгелер. Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнүн алкагында Конституциялык палатанын макамын төмөндөтүп, аны кеңеш берүүчү органга айлантуунун өзү туура эмес. Бул жагдай ыйгарым укуктардын бир кишинин колуна гана топтолуп калышын шарттайт. Мына ушундай жол менен өтө эле коркунучтуу жана опурталдуу багытка карап бурулуп алдык.

Тактообу же “кактообу”?

Бирок мындай дооматтарга баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү сунуштап жаткан демилгечи топ макул эмес. Алардын айтымында, сот тармагы боюнча Баш мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр буга чейинки алешемдиктерди жөнгө салат. Жогорку Кеңештин “Ар-намыс” фракциясынан депутат Эристина Кочкарова мында негизинен Конституциялык палатанын ролу жогорулайт деген ишенимде:

- Азыр Конституциялык палата өз алдынча эмес. Ал Жогорку Соттун алдында. Мында, тескерисинче, өз алдынча жана көз карандысыз орган катары Конституциялык палатанын макамы жогорулайт. Бул демилге биздин депутаттар тарабынан көтөрүлүп, коомчулуктун талкуусуна коюлат. Мен билгенден буга чейин ал баштапкы негиздемеге беш фракциянын лидери тең кол койгон.

Курманбек Осмонов
Курманбек Осмонов

Анткен менен Жогорку Соттун мурдагы төрагасы, парламент депутаты Курманбек Осмонов Баш мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдүн кооптуулугуна токтолду. Анын айтымында, Конституциялык палата сот тутумунан чыгарылып, кеңеш берүүчү органга айланса, анда анын соттук өндүрүштөгү мааниси төмөндөйт:

- Бул кадамды демократиядан артка чегинүү катары бааласак болот. Анткени соттун чечими талашсыз аткарыла турчу императивдик күчкө ээ. Ал эми кеңеш берүүчү орган сунуш берүүгө гана укуктуу. Анын аракети мыйзамдык күчкө ээ эмес. Бул деген сот бийлигинин көз карандысыздыгына доо кетирет. Мыйзамдардын Баш мыйзамга шайкештигин карай турган соттук органды мына ушундай жол менен алсыратып жоготуу аракети байкалды. Ошондуктан бул демилгени шашылыш түрдө референдумга алып чыга койуп, аны өткөрүп алууга жандалбастап жатышат.

Талкуунун жүрүшүндө чечим кабыл алууда венециялык комиссиянын конституциялык соттун ролун жогорулатуу боюнча сунуштамасын эске алуу жагы көтөрүлдү. Ага ылайык мыйзамдардын колдонулушун конституциялык көзөмөлдөө шарттарын жана укуктун үстөмдүгүн камсыздоо чараларын сактоонун зарылдыгы талкууланды.

XS
SM
MD
LG