Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:45

Фракциянын талапкерин өкмөт өгөйлөдүбү?


Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчисинин айланасында тымызын саясий оюндар кызыды.

Парламенттин "Республика - Ата Журт" фракциясы өзүнүн квотасындагы бул кызмат ордуна депутат Акылбек Жамангуловдун талапкерлигин көрсөткөн. Бирок депутат Руслан Казакбаев анын талапкерлигин өкмөт эмнеге бекитпей жатканы боюнча маселе көтөрдү.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте өкмөттүн отчетун кароо учурунда бул суроого туюк гана жооп берди.

Фракциянын чечими

"Республика - Ата Журт" фракциясы көпчүлүк коалициядагы квоталык укугунан пайдаланып, 13-июнда Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагалыгына депутат Акылбек Жамангуловдун талапкерлигин көрсөткөн. Бул жетекчи кызматка комитеттин төрагасынын мурдагы орун басары Уланбек Рыскулов социал-демократтар фракциясынын сунушу менен жакында эле дайындалган болчу.

Жогорку Кеңештин "Республика - Ата Журт" фракциясынын мүчөсү Таабалды Тиллаев аны алмаштыруунун зарылдыгын мындайча түшүндүрдү:

Таабалды Тиллаев.
Таабалды Тиллаев.

- Азыркы учурда ал жерде иштеп жаткан жетекчилер мурдагы эски принциптер менен иш алып барып жатышат. Мурдагыдай эле лицензияларды каалагандай жең ичинен сатып, ошол эле кезде жоопкерчилик тартпаган өнөкөт күчөгөнүн көрүп эле турбайбызбы. Биздин фракциянын депутаты Жамангулов бул тармакты мыкты түшүнгөнү үчүн жана андагы коррупциялык схемаларды талкалай алат деген үмүт менен аны бул кызматка көрсөткөн чечим чыгардык. Бул жерде негизги жоопкерчилик биздин фракцияда болот. Ал бул кызматка баруу менен партиянын тапшырмасы боюнча ал жактагы коррупциялык көрүнүштөрдү тазалап, анан аталган мекемеде реформа жүргүзүү милдетин алды. Биздин жаш депутат ал жакка барып, жаңы көз караш менен иш алып барат деген чоң ишеничибиз бар.

Парламенттеги алым сабак

Парламентте өкмөттүн отчетун кароо учурунда "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Руслан Казакбаев кызматташы Акылбек Жамангуловдун талапкерлиги эмне себептен өтпөй калганын премьер-министрден сурады:

Руслан Казакбаев.
Руслан Казакбаев.

- Мухаммедкалый Дүйшөкеевич, учурда кандай критерийлер менен кадрларды тандап алып жатасыз? Себеби биздин фракция миграция агенттигине эки кадр жөнөттүк. Биринчисин өткөрбөй койдуңар. Анан Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагалыгына депутат Акылбек Жамангулов өтпөй калды. Ошондуктан кызматка алуудагы так критерийлер кандай экенин айтып койсоңуз. Анан дагы дайындала турган жетекчи үчүн сиз жоопкерчилик аласызбы же биз алабызбы? Аны өткөрбөй койгудай, Нурбек Тотоновдун, Акылбек Жамангуловдун коррупцияга аралашканы тууралуу сизде шек барбы?

Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев парламенттин бул фракциясы көрсөткөн Акылбек Жамангуловдун коррупциялык ызы-чууларга тиешеси жоктугун айтып, бирок эмне себептен анын талапкерлиги четке кагылганын айткан жок. Премьер-министр Абылгазиев кадр тандоодогу негизги талаптарга токтолуп, бирок алардын кайсынысына депутат Жамангуловдун талапкерлиги туура келбей калганына так түшүндүрмө бергиси келбеди:

- Андай шек жок. Сиздер сунуштаган миграция боюнча мамлекеттик органга Болот Ибраимжанов деген талапкер кечээ дайындалды. Биз эми кадрларды жетекчиликке тандоодо иш тажрыйбасын, баскан жолун, билимин, коррупцияга аралашпаганын жана коомчулукта кандай аброю бар экенин эске алып, анан тандайбыз...

Өкмөткө караштуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагалыгына талапкерлиги көрсөтүлгөн депутат Акылбек Жамангулов анын бул кызматка өтпөй калгандыгы боюнча маалыматты четке какты. Ал мында депутат Руслан Казакбаев анын талапкерлигин кароо эмнеге кечеңдеп жатканы тууралуу гана маселе койгонун айтты.

Бул суроо бурмаланып айтылып кеткенин белгилеген депутат Акылбек Жамангулов анын талапкерлиги өкмөттө карала электигин билдирди. Акылбек Жамангулов ал кызматка келсе кен байлыктарды лицензиялоодогу коррупцияга каршы күрөшө турганын айтты:

Акылбек Жамангулов.
Акылбек Жамангулов.

- Руслан Казакбаев өкмөт башчысына суроо берип жатып: "Фракциянын чечими берилди, эми бул маселе качан чечилет же болбосо эмне маселе бар?" деген сыяктуу суроо берген экен. Башка бир депутат Умбетали Токторалиевич болсо: "Фракция жоопкерчиликти алган соң, бул маселени чечкиле" деген маселе койду. Анан бул жерде маалымат менин талапкерлигим "өтпөй калды" дегендей, бир аз башкачараак чыгып кетиптир. Ал тармакка барып калсам, мен андагы системаны алмаштырууну көздөйм. Мекеменин ишмердигин ачык-айкын кылып, лицензиялык комиссиянын көптөн бери отурган курамын жаңылаш керек. Мындан сырткары буга чейин берилген лицензиялар боюнча текшерүү жүргүзүп, алардын мыйзамдуу же мыйзамсыз берилип келгенин аныкташыбыз зарыл.

Тандоодогу таасирдүү жагдайлар

Жарандык коом өкүлдөрү жогорку мамлекеттик кызматка өзүнүн жеке позициясы жок, кандай гана болбосун буйрукту кыйшаюусуз аткарган адамдар гана жең ичинен сүйлөшүп, кызматка бекиген өнөкөт кеңири жайылганын белгилеп келишет.

Коррупцияга каршы Ишкер кеңештин баш катчысы Нурипа Муканова жогорку саясий кызматка дайындоодогу негизги жагдайларга токтолду:

Нурипа Муканова.
Нурипа Муканова.

- Бизде кадр саясаты туура эмес жүрүп жатат. Анткени зоотехникти мамлекеттик комитетке алып келсе, мугалим барып Мамлекеттик бажы кызматына кирип кетип жатат. "Бул тармакты сүйрөп кете алабы, ишин билеби, тажрыйбасы кандай, билим барбы?" деген сыяктуу изилдөөлөр дээрлик эске алынбайт. Ал эми талапкердин жеке берилгендиги, тууганчылык, жек-жаат жана жердешчилик сыяктуу факторлор роль ойнойт.

Ошол эле кезде өкмөттүн аппаратынан Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагалыгына сунушталган депутат Акылбек Жамангуловдун талапкерлиги каралганы же четке кагылганы туурасында так маалымат алууга мүмкүн болбоду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG