Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:05

Салянованын күйөөсүнө дагы бир иш козголду


Мурунку башкы прокурор Аида Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаровго экинчи кылмыш иши козголду.

Абдыкапаровго бул жолу Бишкек жылуулук борборуна көмүр сатып алуу боюнча өткөн тендерге байланыштуу айып тагылды. Биринчи май райондук соту 11-мартта анын баш коргоо чарасын карап, үй камагына чыгарды. Абдыкапаровдун жактоочулары коюлган айып негизсиз экенин, саясий өңүтү бар болгонун айтууда.

УКМК Бишкек жылуулук борборуна көмүр сатып алуу үчүн өткөн тендерге байланыштуу кылмыш иштин алкагында Бакыт Абдыкапаровду 10-мартта суракка алган.

Абдыкапаровдун бир тууган эжеси Аяткан Абдыкапарованын “Азаттыкка” билдиришинче, иниси тендерге тиешеси бар-жогун аныктоо максатында чакырылган. Ал бир тууганы атайын кызматка барганда тааныштары "тендердеги коррупциялык иштерге президент Алмазбек Атамбаев өзү аралашат экен" деген мазмундагы маалыматты айтып келишкени жөнүндө көрсөтмө берсе керек деп боолголоп жатат. Ушундан улам Атамбаевдин да аты аталгандыктан бир тууганына кылмыш иш козголду деп эсептейт:

- Ошол кездеги энергетика министри Осмонбек Артыкбаев көмүр боюнча “Электр станциялары” акционердик коомунун директоруна “бул тендер Атамбаевдин көзөмөлүндө, ал айткан фирма гана утушу керек деп коркутуп атат” деп айтып жатышат дегенин уккам. Балким иним ушуну айтса керек. Кечээ Улуттук коопсуздук комитетинде сурак бериптир. Ушинтип президенттин аты аталып кеткендиктен чукул кылмыш иш козголуп, чукул сот болуп, анын баары тымызын жасалып, ушундай бүгүнкүдөй шумдуктуу окуялар болуп кетти.

Башкы прокуратура Бишкек жылуулук борборуна көмүр сатып алуу үчүн өткөн тендер боюнча өткөн жылы сентябрда кылмыш иш козгогон. Анын алкагында Башкы прокуратуранын кызматкери Нуртазин Жетибаев, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын өкүлү Марсбек Маданбеков жана “Электр станциялары” ишканасынын коопсуздук кызматынын адиси Турсунбек Мамбеталиев камакка алынган.

Камакка алынгандарга казакстандык компаниянын кызыкчылыгын коргогон, тендерден жеңүүчү кылууга аракет кылган деген айып тагылган. Андан сырткары Тахир Байхамбаев аттуу жаран да айыпталып, үй камагына чыгарылган. Бирок Байхамбаев качып кетип, жарым жылдай убакыттан бери издөөдө жүргөн жана жакында чет өлкөдөн кармалып, Кыргызстанга алып келинген. Ошондой эле кайра үй камагына чыгарылган. Маалыматка караганда, Абдыкапаровго Байхамбаевдин көрсөтмөсүнүн негизинде кылмыш иш козголгон.

Дооматтар четке кагылды

Бакыт Абдыкапаровго биринчи кылмыш иш “Тазалык” ишканасына байланыштуу январь айында козголгон. Прокуратура анда бир канча адамдан турган топ аталган ишкананын өкүлдөрүнө каршы козголгон кылмыш ишти кыскартып берүү тууралуу убада кылып 50 миң доллар алган, күбөлөр алардын арасында Абдыкапаров да болгон деп көрсөтмө берген деп кабарлаган. Аида Салянова мунун баарын өзүн жаманатты кылуу аракети деп айтып чыккан.

Алмазбек Атамбаев жана Аида Салянова
Алмазбек Атамбаев жана Аида Салянова

Өткөн айда Салянова “Күчтүү Кыргызстан” партиясынын төрайымы болуп дайындалган жана парламенттик шайлоого барарын жарыялаган. Аталган партиянын төрага орун басары Расул Үмбөталиев Салянованын күйөөсүнө байланышкан соңку жагдайларды саясий куугунтук деп баалады:

- Аида Жеңишбековна 26-январда отставкага кетип, “Күчтүү Кыргызстан” саясий партиясына төрайым болгондон кийин куугунтук кайра башталды. Алкачкы куугунтук ал кызматта турганда башталган. Анда байкесинин аты Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө байланыштуу айтылган. Бирок тиешеси бар экени такталган эмес. Ал болбой калгандан кийин күйөөсүнө “Тазалык” ишканасы боюнча, эми көмүргө байланыштуу күнөөлөп жатышат. Бул саясий куугунтук, саясий буйрутма. Мурунку президенттердин тушунда да ушундай окуялар болгон. Биз мындай окуялар эмне менен аяктаганын жакшы билебиз.

Президенттин маалымат катчысы Жанар Акаев “Азаттыкка” бул окуяга байланыштуу комментарий берип жатып, Алмазбек Атамбаев көмүр боюнча тендердеги коррупциялык иштерге аралашкан деген сөздөрдү четке какты:

- Биринчиден, бул сөздөр чындыкка коошпойт. Чындыкка эле коошпой тим болбостон, таптакыр жоопкерчиликсиз, олуттуу эмес билдирүү деп айтканга болот.

Салянова кызматтан кетүүгө мажбур кылышканын, баштаган иштери боюнча президенттен саясий колдоо таппай калганын айтып чыккан.

Бакыт Абдыкапаров үй камагында калды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:36 0:00

XS
SM
MD
LG