Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:52

Чыңгышев: "Дүжүр чалдарга" айланбайбыз


Президенттин өлкө аксакалдары менен жолугушуусу тууралуу мурунку өкмөт башчы, мамлекеттик ишмер Турсунбек Чыңгышев кеп салды.

“Азаттык”: Президент Алмазбек Атамбаев аттуу-баштуу, төбөсү көрүнгөн аксакалдар менен 1-мартта кечинде жолугушуу өткөргөнү маалым болду. Сиз да катышкан экенсиз. Жолугушуунун чоо-жайын айтып бересизби? Кандай маселелер көтөрүлдү, кандай кеп-кеңеш бердиңиздер?

Турсунбек Чыңгышев: Президент ар бир региондон, облустан аттуу-баштуу аксакалдарды чогулткан экен. Ал киши өзү бир сааттай сүйлөп, маалымат берди. Көп маселелер айтылды. Анын ичинде Орусиядагы сапары, республикадагы экономикалык маселелер тууралуу сөз болду.

Көбүрөөк сөз мамлекетибиздеги стабилдүүлүк, улуттар аралык мамилелер, регионалдык маселелер жөнүндө болду.

Президентбиз аксакалдарды чогултканынын эң негизги себеби биздин көңүлүбүздү элдин биримдиги үчүн чогуу иштешип, президентке жардам берип, аракет кылып, элдин биримдигин сактап, улуттарга, урууларга, аймактарга бөлүнбөй, жалпы кыргыз элибиз, мамлекетибиз үчүн иштеп, аракет кылалы деген сөздөр болду.

“Азаттык”: Сиз сөздүн басымдуу бөлүгү өлкөдөгү стабилдүүлүк тууралуу болду деп айттыңыз. Кырдаал ошондой эле кооптуу болуп жатабы?

Турсунбек Чыңгышев: Кечээ күнкү сөздөрдүн уландысы катары мен ушул жерден өзүмдүн эле оюмду айтайын. Бизде демократия десе эле митингди түшүнүп жатпайбызбы. Албетте митингдер демократиянын бир көрүнүшү, мыйзамдуу эле нерсе. Бирок регионалдык митингдерди өткөргөндө кокусунан бир чагымчы чыгып, топу же калпак кийип алып, граната ыргытып жиберсе, же ок чыгарып жиберсе, бул оңой эле улут аралык, аймак аралык чатакка айланып кетет да. Мындай нерсени ойлонуп жасаш керек. Сак болуп, байкаш керек.

Митингге кандайдыр бир чоң себеп болуш керек. Элди козгоп, маселени талкуулаш үчүн маселе ошондой курч болушу керек. Жөн эле отуруп, башы ооруганда элди чогулта калып, митинг өткөрмөй болуп калды.

Кээ бир саясатчыларга кылмыш иш козголсо, же жумуштан түшүп калса, жердештери чыга калып эле митинг өткөрүп, баягы “биздин Ташматовго, биздин Эшматовго кол тийбесин" деген ураан менен чыгып жүрүшөт. Бул эми туура эмес да.

“Азаттык”: Эсиңизде деле болсо керек, мурунку президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев деле аксакалдарды, мурдагы ишмерлерди топтоп, жолугушууларды өткөрүп жүрчү. Ушундан улам “дүжүр чалдар” деген лакап сөз да чыкканы айтылып жүрөт. Сиздер ошондойго айланып калбайсыздарбы?

Турсунбек Чыңгышев: Андай коркунуч жок. Себеби кечээки чогулткан адамдар жолугушууга баратканда, келатканда өзүбүзчө бири-бирибиз менен сүйлөштүк. Чогулушта деле көрүнүп турду: Атамбаевдин кылып жаткан иштерин баары эле колдоп, “баары мыкты, жакшы, сиз азаматсыз” деген адамдар аз болду. Ар кандай пикирлер болду.

Чогулган 30-40 кишинин баары “дүжүр чал” болуп, Атамбаевди мактап, “сиз кыйратып атасыз, талкалап атасыз” деген жок. Тескерисинче, көп сын-пикирлер айтылып жатат. Кадр маселелери боюнча, ошол эле жердешчилик боюнча бир топ сындар айтылды. “Дүжүр чал” болуп кетишет деп айтууга негиз жок.

“Азаттык”: Президент менен эми канча убакта бир жолугуп турмай болдуңар? Бул тууралуу сөз болдубу?

Турсунбек Чыңгышев: Ал киши аксакалдарга бул жолугушуу мындай эле кокусунан бир жолу чогула калган, бүтүп калган нерсе эместигин айтты. "Мындан кийин жок эле дегенде үч айда бирден чогулуп турабыз, ушул курам жана башка курам менен жолугуп турабыз" деп айтты. Мындан сырткары жакын арада чыгармачыл интеллигенция менен жолугушуу болот деп айтты. Москвада жаштар менен кезиккенин айтып берди. Анан президенттин алдында өзүнчө аксакалдар кеңешин түзөбүз деген пикирин айтты.

XS
SM
MD
LG