Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:13

Апта: Өкмөт дагы бийлик сурады, Баткенди кантебиз?


Баткендин Самаркандек айыл өкмөтүндөгү Паскы-Арык айылы
Баткендин Самаркандек айыл өкмөтүндөгү Паскы-Арык айылы

Узап бараткан жумада Баткен облусун жоюу демилгеси көтөрүлдү.

Жогорку Нарында төрт ГЭСтин курулушун баштоо аземи өттү. Өкмөт бийлик вертикалын күчөтүүнү чечти.

Төрт ГЭСтин курулушу башталды

12-июнда Жогорку Нарында төрт орто ГЭСтин курулушун баштоо аземи болду. Ага Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев, курулушту жүргүзө турган Орусиялык “Русгидро” компаниясынын жетекчиси Евгений Дод жана коомчулук өкүлдөрү катышты.

Төрт ГЭС курулуп бүтсө, жылына 1 млрд. килловатт саатка жакын электр энергиясын берет. Кыргызстанда жалпысынан 14 млрд. килловатт сааттын тегерегинде электр энергиясы иштелип чыгаарын эске алганда, бул төрт ГЭСтин жалпы көлөмгө салымы өтө деле олуттуу болбойт. Бирок ал Нарын облусун сапаттуу электр энергиясы менен камсыздайт дейт Кыргызстан Улуттук электр тармактар ишканасынын мурунку жетекчиси Бакирдин Сартказиев:

- Эгерде жалпы иштеп чыккан электр энергиясын алсак, анда өтө чоң салым жок. Бирок бир жакшы жери бар. Нарын жакта кышында электр чыңалуусу абдан ылдыйлап кетет. Ошол чыңалууну кармоого салым кошот. Электр энергиясынын сапатын оңдой алат.

Бакирдин Сартказиевдин айтымында, Жогорку Нарындагы ГЭСтер Камбар-Ата-2 ГЭСинен эки эсе кичинелик кылат. Камбар-Ата-2 ГЭСи үчүн Орусиянын 300 млн. доллар насыясынын 100 млн. доллары бөлүнгөнү белгилүү. Ал эми төрт ГЭСтин курулушу канчага турары азырынча айкын эмес. Анткени алардын техника-экономикалык негиздемеси белгисиз.

Буга чейинки эсептерде төрт ГЭСтин курулушу үчүн 400 млн. доллардын тегерегинде каражат сарпталары айтылган. Бирок акыркы кезде 800 млн. доллар жөнүндө сөз боло баштады. Бул сумма ГЭСтерди куруудагы эң жогорку баа деген Сартказиев мындай эсеп менен боло турган болсо, Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу 8 млрд. долларга турарын айтып өттү:

- 800 млн. доллар болгондо бир киловатт 4 миң доллар болот. Ал эми Камбар-Ата-1 иш жүзүндө 2 млрд. киловатт саат. Анда анын баасы 8 млрд. доллар болот.

Кыргызстан энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыбаев 800 млн. доллардын ичинде башка дагы ГЭСтер бар экенин айткан:

- Азыр маселе башкараак болуп жатат. Биз ГЭСтин санын көбөйтүп жатабыз. Төрт ГЭС эмес, көбүрөөк ГЭС курулганы жатат. Ошолор такталып жатат.

Бирок Кыргызстан менен Орусия Жогорку Нарында төрт ГЭСти жана Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу жөнүндө гана келишимге жетишкен. Ошондуктан эгерде жаңы ГЭСтер жөнүндө сөз болсо, анда жаңы келишимдер керек. Алар жөнүндө азырынча эч кандай сөз жок. Анын үстүнө Орусия келишимдерде көрсөтүлгөн ГЭСтерди курууга акча табууда кыйынчылыктарга учурап жатканы маалым.

“Русгидронун” башчысы Евгений Доддун сөзүнө караганда, Жогорку Нарындагы ГЭСтердин курулушу 5-6 жылда аяктайт. Ал эми биринчи гидроагрегаттар үч жылдан кийин ишке кирип калат.

Кыргызстан менен Орусия бул ГЭСтерге 50/50 ээлик кылат. Ал эми долбоор өзүн актаганга чейин орус тарап ГЭСтерди толук башкарат. Анткени алардын колунда 75% акция болот. Ошондуктан ГЭСтердин баасы канчалык жогору болсо, анын өзүн акташы ошончо узак болуп, орус тараптын башкаруусунда ошончо мөөнөткө кала берет.

Премьер Сатыбалдиев бийликти чыңдоого киришти

Кыргыз өкмөтү бийликтин арка-белин чыңдоону чечти. Өкмөт “Жергиликтүү мамлекеттик акимчилик жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Мамлекеттик кызмат жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештерди шайлоо жөнүндө” жана Жер кодексине өзгөртүү жана кошумчалар киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун жактырып, аны тез арада карап берүү сунушу менен Жогорку Кеңешке жөнөттү.

Өкмөттүн бул чечими менен райондук кеңештер кайрадан түзүлөт. Губернатор институту кайра калыбына келтирилет. Район акимдеринин ыйгарым укуктары күчөтүлүп, аларды кызматка дайындоо жана алуу жол-жобосу так аныкталат. Райондук бюджет калыбына келтирилет, жер жана жайыттарды башкаруу да акимдин колуна кайтарылат. Өкмөттүн бул чечимдери парламентте жактырылса, анда Кыргызстанда он жылдан бери жүргүзүлүп келаткан децентрализация же борборлоштуруудан ажыратуу саясаты толугу менен артка кайтарылат. Мамлекет кайрадан үч тепкичтүү бюджетке кайтып келет. Белгилүү болгондой Кыргызстандан бир нече жылдан бери эки тепкичтүү бюджет менен иштеп келаткан.

Өкмөт мындай чечимдерди кабыл алуунун себебин жер-жерлерде башкаруунун начарлашы, мамлекеттик башкаруу системасынын бирдиктүүлүгүнүн жоголушу менен байланыштырууда.

Белгилүү саясатчы Кубатбек Байболов өкмөттүн бул чечимдери жакшы натыйжага алып келбейт дейт:

- Бийликтин вертикалын калыбына келтирүүгө далайдан бери аракет жасалып келатат. Бул деген советтик башкаруу, директивалык ыкманы кайрадан калыбына келтиребиз деген сөз. Ал эми демократиялык жол менен башкаруу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын өнүктүрүү чоң тажрыйбаны жана билимди талап кылган нерсе. Ошондуктан небак банкрот болгон советтик директивалык системаны кайра калыбына келтиребиз дегендин аягы жакшылык менен бүтпөйт.

Байболовдун айтымында, ашкере борборлоштуруудан ажыратуу саясаты Акаевдин мезгилинде башталган. Ошол мезгилден бери бул саясат ара жолдо калып келатат.

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев өткөн жылы сентябрь айында шайланган мезгилде тарта эле бийлик вертикалын калыбына келтирүү, ыйгарым укук, жоопкерчиликтерди тактоо зарылдыгын көтөрүп келаткан.

Жогорку Кеңештин депутаты Курманбек Дыйканбаев өкмөттүн чечимдерин кайрадан борборлоштуруу аракети катары баалап, бул саясат жардам бербейт деп эсептейт. Ал өкмөттүн чечимдерин жакындап келаткан шайлоолор менен байланыштырат:

- Бүгүн бийлик эртелеп эле президенттик шайлоого даярданып, бийликтин вертикалын күчөтүп, анан дайындаган кишилери республикалык бюджетке баш ийип, акча кимде болсо, музыкага ошол буйрук берет дегендей элди ойлогон саясат болбой жатат.

Курманбек Дыйканбаевдин пикиринде, тескерисинче жергиликтүү элди бийликке тартып, демократиянын өнүгүшүнө аракет жасалыш керек эле.

Баткен облусун жоюу демилгеси көтөрүлдү

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу демекчи, Жогорку Кеңеште Баткен облусун жоюу демилгеси күтүүсүз жерден көтөрүлүп кетти. “Республика” фракциясынын мүчөсү Назарали Арипов Лейлек жана Баткен райондорун түздөн-түз республикалык башкарууга алуу сунушун көтөрүп чыкты. Ал өз сунушун мындай негиздеди:

- Бул сунуштун негизи мында: Кыргызстан 22 жылдан бери эгемен болсо, Баткен жана Лейлек райондору эгемендикти ала элек. Ошондуктан менин сунушумду негизги максаты чек араны тактоо. Сөз облусту жоюу эмес, анын натыйжалуулугун карап чыгууда болуп жатат. Лейлек районун ала турган болсок, биз 650 чакырым Тажикстан менен чектешип турабыз. 120 миң элибиз бар. Тажикстандын болсо алты району бар. Бүгүнкү күндө Тажикстан чек арада жайгашкан дотациялык райондорун, тагыраак айтканда 13 районун республикалык башкарууга алган. Бүгүнкү күндө Лейлек, Баткен райондорунда болуп жаткан окуялардан кабардарсыздар. Ошого өкмөт түздөн-түз жоопкерчиликти алышы керек.

Назарали Ариповдун оюн өнүктүргөн “Ата-Журт” фракциясынын мүчөсү Курмантай Абдиев Кадамжай районун жана Кызыл-Кыя шаарын Ош облусуна кошууну сунуштоодо.

Мына ушундай сунуштардын негизинде Баткен облусу боюнча депутаттык комиссия түзүү чечими кабыл алынды.

Албетте Баткен облусун жоюу демилгеси каршы пикирлерди да жаратты. Маселен, “Ата Мекен” фракциясы кескин каршы чыгып, алар Баткен облустук бийлик башчысына министр статусун берүү менен чыңдоо сунушун көтөрүп чыгышты. Жогорку Кеңеште Баткен облусунун статусун талкуулоо Самаркандек айыл өкмөтүнө караштуу Паскы-Арык айылында кыргыз чек арачысын тажик жараны автоунаа менен коюп кеткенден кийин чыкты. Кыргыз-тажик чек арасында келишпестиктер акыркы кезде улам-улам чыгып, жолдорду жабууга, кагылышууларга алып келүүдө.

Кыргызстандын мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов кыргыз-тажик, кыргыз-өзбек чек араларындагы абалды жарылуу алдында турат деп эсептейт.

Өкмөт менен парламент чек ара маселесин чечүү үчүн атайын вице-премьер-министр кызматын киргизген. Ага Шамил Атаханов дайындалган болчу. Бирок Батукаев жаңжалы, Жети-Өгүздөгү окуяларга байланыштуу ал кызматынан кетүүгө арыз берген. Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев бул кызматка адегенде “Ата-Журт” фракциясынын лидери Мыктыбек Абдылдаевди сунуштап, бирок андан макулдук болбогондуктан, өкмөт башчынын Ысык-Көлдөгү өкүлү Токон Мамытовдун талапкерлигин сунуштаганы маалым болду. Токон Мамытов Жети-Өгүздөгү окуяларга чейин Кыргызстандын Чек ара кызматын кыска мөөнөттө башкарып турган эле. Эми бир ай болбой Ысык-Көлдөн кайрадан өкмөткө чакыртылып жатат.

Баткен облусунун статусуна келе турган болсок, бул регион 1999-жылы облус болуп жарыяланган. Анын облус болуп жарыяланышына 1999-2000-жылдары жоочулардын чабуулу жана региондун маселелерин чечүүгө өзгөчө көңүл буруу максаты себеп болгон.

Кадамжай, Баткен, Лейлек райондору жана Кызыл-Кыя, Сүлүктү шаарларынын негизинде түзүлгөн Баткен облусунда азыр 460 миңден ашуун калк жашайт. Мурда айыл же шаарча болуп келген Айдаркен, Баткен, Кадамжай жана Исфана калктуу пункттары шаар статусун алган.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG