Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:08

Апта: коалиция карааны, лидерлердин дымагы


Узап бараткан аптада Жогорку Кеңешке шайлоо жыйынтыкталды. Жеңген партиялар коалиция маселесин караштыра баштады. Улуттук банк сомдун курсун кармоого бир айга жетпеген мезгилде 46 млн. доллар сарптады.

Шектенгендердин далили барбы?

4-октябрда Жогорку Кеңешке шайлоо өттү. Биометрикалык маалыматтарын тапшырган 2 млн. 700 миңден ашуун жарандын 1.5 миллиону добуш берүүгө келди.

Шайлоого катышкан 14 партиянын ичинен алтоо республикалык 7 пайыздык жана регионалдык 0.7% босоголорун аттап, парламентке өттү. Алты партиянын ичинен КСДП 27% добуш алып биринчи орунга чыкса, 20% ашуун добуш менен “Республика Ата Журт” экинчи орунду алды.

Шайлоого үч ай калганда түзүлгөн “Кыргызстан” партиясы үчүнчү орунга чыгып, бул жеңиш көпчүлүктү таң калтырды. Булардан сырткары “Өнүгүү-Прогресс”, “Бир Бол” жана “Ата Мекен” партиялары парламентке келишти. Булардын ичинен 13 мандат алары күтүлүп жаткан “Өнүгүү-Прогресс” партиясы шайлоодогу көрсөткүчүнө канааттанса, “Бир Болдун” 12 мандатка, “Ата Мекендин” 11 мандатка “маңдай жарылганы” байкалбайт.

“Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясы 0.8% добуш жетпегендиктен 7 пайыздык босогодон өтпөй калды. Бирок партиянын лидери Адахан Мадумаров Ош жана Жалал-Абад облустарында Борбордук шайлоо комиссиясынын эсеби менен алардын эсебинин ортосундагы айырмачылык 37 миң добуш болгонун билдирип чыкты.

Партиянын шайлоо штабынын жетекчилери добуштардын туура эмес саналганы боюнча далилдер топтолуп жатканын, кээ бир райондордо Борбордук шайлоо комиссиясынын уруксатысыз кайра саноого уруксат берилбей жатканын белгилешти.

БШКнын мүчөлөрү
БШКнын мүчөлөрү

Борбордук шайлоо комиссиясы өз кезегинде “Бүтүн Кыргызстан Эмгектен” келген арыз документалдык негизде тастыкталган эмес деп жатат. Ага карабай арыз караларын айтат БШКнын мүчөсү Рашид Бекбасаров:

- Булар бир дагы документ жок, тиги-бул жактан көчүрмөлөрдү кошуп коюптур. Болгону ошол. Көчүрмө менен бизде чечим кабыл алынбайт да. Тастыкталган протоколдор берилген эмес. Бирок арызы каралбай калбайт.

“Бүтүн Кыргызстан Эмгектин” арыздары ырастала турган болсо, анда 4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыктарына өтө чоң доо кетет.

Аңдышкан партлидерлер

Парламенттик шайлоодо жеңишке жетишкен партиялар коалиция түзүү, мандаттарды алган добушуна жараша талапкерлерге бөлүштүрүү түйшүгүн тартып жатышат.

Коалиция маселесине келе турган болсок, КСДП, “Кыргызстан" жана “Өнүгүү-Прогресстин” ортосунда коалициянын түзүлүшү көбүрөөк реалдуу болуп турат. “Республика Ата Журт” КСДП менен коалиция түзүүгө кызыкдарлыгын ар тараптан билдирип, президентке “жылуу салам дубайларын” жолдоп жатат. Бирок “Республика Ата Журт” менен коалиция түзүлүүгө өкмөт башчылык орун үчүн соода тоскоолдук жаратышы ыктымал. Анткени "Республика Ата Журттун" лидери Өмүрбек Бабанов премьер-министрликти көздөп тургансыйт. Ошентсе да 2011-жылы өкмөт башына келгенде көбүрөөк өз алдынчалыкты көрсөтүп койгон Бабанов КСДПнын лидерлерин чочутуп турат. Андан сырткары “Республика Ата Журттун” Конституцияны өзгөртүү баш болгон радикалдуу максаттары КСДПнын программаларына дал келбейт.

4-октябрь, 2015-жыл
4-октябрь, 2015-жыл

Ошондуктан КСДП үчүн “өз бала” “Кыргызстан” жана “Өнүгүү-Прогресс” менен коалицияга баруу ыңгайлуу. Бул партиялардын лидерлеринин дымагы өкмөт башчылыктан төмөнүрөөк орундар менен деле канааттандырылат. Мындай коалиция түзүлүшүнө өкмөт башчы Темир Сариев да кызыкдар. Анткени андай конфигурацияда премьер-министрликти сактап калууга ага мүмкүнчүлүк ачылат.

КСДПнын лидери Чыныбай Турсунбеков ар түрдүү вариантта коалиция түзүү мүмкүнчүлүгү каралып жатканын билдирди:

- Ар түрдүү вариантта түзсө болот. Анын баары сүйлөшүүнүн жыйынтыгында белгилүү болот. Биринчи кезекте эсептөөлөр толук бүтсүн. Күчтөрдүн катышына жараша талдап, ойлонуп көрөбүз. Жалпы платформабыз кимдер менен туура келерин карап көрөбүз.

КСДП коалицияны өкмөттү куроого жараган жөнөкөй көпчүлүк менен түзүүнү кааласа, анда жогоруда аталган бир же эки партия менен түзө алат. Эгерде конституциялык көпчүлүктү камсыз кылуучу коалиция түзүүнү көздөсө, анда үч партия менен коалицияга барууга тийиш.

Коалиция түзүү боюнча алдын-ала сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы менен, расмий түрдөгү сүйлөшүүлөр шайлоонун жыйынтыгы расмий түрдө жарыялангандан кийин жүрөт. Коалиция куроо үчүн мандатты мамлекет башчысы КСДПга тапшырарында шек жок. Бул бир жагынан президенттин партиясы болсо, экинчи жагынан шайлоодо эң көп добуш алды.

Бирок азыркы кезде парламентке өткөн партияларды мандат бөлүштүрүү түйшүгү турат. Анткени партия лидерлери тизмедеги талапкерлерине бөлүнүп берилген округдан алган добушуна жараша мандат убада кылган. Бирок партия лидерлеринин мандатты каалагандай бөлүп берүүсүнө мыйзам жол бербейт. Мыйзам партия курултайында кабыл алынып, БШКда бекитилген тизмени каалагандай өзгөртүүгө, токсонунчу талапкерди тогузунчуга алып барууга жол бербейт.

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынан Жогорку Кеңешке шайланып келаткан Мирлан Бакиров талапкердин алган добушуна жараша мандат алышын камсыздоо үчүн мыйзам жана шайлоо эрежесин өзгөртүү керек дейт:

- Кыргызстан боюнча 120 округ түзүлүш керек. Партиянын сунушу менен гана талапкер коюлуш керек. Талапкер партиянын сунушу бара турган болсо талапкердин фамилиясына гана добуш берилет. Талапкер партиядан сунуш алып жатканда "мен партиянын уставын сактайм, фракциядан чыкпайм" деп өзүнө жоопкерчилик алат. Партия менен талапкерди байлай турган рычаг болуш керек. Ошондо шайлоонун жыйынтыгы менен талаш-тартыш болбойт.

Шайлоо мыйзамдарын өзгөртүүгө жана талапкердин алган добушуна жараша мандат берүүнү камсыздоого мөөнөтү бүтүп бараткан парламент макул болгон эмес. Жаңы парламентте да бул маселе талаш-тартыш жаратчудай болуп турат. Анткени курултайда кабыл алынып, БШКда бекитилген тизме өзгөртүлбөш керек дегендер да бар.

КСДПдан шайланып келаткан Иса Өмүркулов тизме шайлоодон кийин өзгөртүлбөш керектигин айтат:

- Бул толугу менен мыйзамдаштырылыш керек. Тизме бир бекигенден кийин талапкер өз ыктыяры менен шартка жараша, же болбосо мыйзам бузууга байланыштуу чыгып кетпесе, "сен добуш алдың - мандат аласың, албаганың кетесиң" деген бул түп-тамыры менен туура эмес система. Тизме бир жолу бекитилип, ошону менен калыш керек.

Саясатчы Абдыжапар Бекматов туруктуу тизме менен шайлоого баруу туура экенин, бул ыкмага партиялар да, шайлоочулар да бара-бара көнөрүн айтат.

Улуттук банктын убайымы

Жаңы парламенттен кийин жаңы өкмөт келет. Жаңы өкмөт кандай экономикалык саясат жүргүзөт, улуттук валютанын абалы кандай болот деген суроолор арбын. Анын үстүнө сентябрь айында сомдун олуттуу олку-солкулугу шайлоодон кийин доллардын курсу 100 сомго чейин көтөрүлөт деген каңшаарды жараткан.

Чындыгында эле парламенттик шайлоодон кийин доллардын курсу кайра көтөрүлө баштады. Бирок Улуттук банк 5-октябрда 10 млн. 150 миң доллар интервенция жасап, бул толкунду басты. Интервенциянын натыйжасында 70ке жакындап бараткан доллардын курсу төмөндөп, жума күнү бир доллардын акча алмаштыруу жайларында сатуудагы баасы 68 сом 80 тыйын болуп турду.

Сентябрдын ортосунда доллардын наркы кескин кымбаттаган
Сентябрдын ортосунда доллардын наркы кескин кымбаттаган

Улуттук банктын интервенциясына катарлаш Орусияда рублдин долларга карай бекемделиши да сомдун бекемделишине салым кошту. Сентябрь айындагы олку-солкулукта Улуттук банк 36 млн. доллар интервенция жасаган эле. Ошону менен бир айга жетпеген мезгилде Улуттук банк сомдун курсун кармоо үчүн 46 млн. доллар сарптады.

Улуттук банк сомдун курсун кармоо максатында башка чара да көрдү. Кабыл алынган чечимге ылайык коммерциялык банктар чет өлкөлүк валюталардан турган резервин 0.5% көтөрүп, анын жалпы өлчөмүн 9.5% жеткирүү милдеттендирилди. Бул коммерциялык банктарды көбүрөөк валюта кармоого мажбур кылат.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун маалымат каражаттарына билдирүүсүнө караганда, 1-октябрга карай Кыргызстандын валюталык резервинин көлөмү 1 млрд. 843 млн. долларды түздү. Бул төрт айлык импортту жаба ала турган сумма. Абдыгуловдун маалыматы боюнча, Орусия жана Казакстандагы финансы-экономикалык кризис акча которууларга жана соодага терс таасирин тийгизүүдө. Маселен, быйылкы жылдын жети айында Кыргызстандын Орусия менен соодасы дээрлик 13% кыскарган. Ал эми Орусиядан эмгек мигранттарынын акча которуусу 25% кыскарып, суммасы 765 млн. долларды түздү.

Кыргызстандын экономикасы быйылкы жылдын тогуз айында 7% жакынга өсүп, жаман эмес көрсөткүчкө жетишип жаткан менен кээ бир тармактарда олуттуу төмөндөөлөр жүрүүдө.

Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Туратбек Жунушалиевдин “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, тигүү тармагы өткөн жылга салыштырмалуу 45% төмөндөп кетти. Ал төмөндөөнүн себебин Орусия жана Казакстандын валюталарынын төмөндөөсүнөн көрөт:

- Былтыр экономикалык кризис башталбадыбы. Ошонун да таасири бар. Андан сырткары Орусиянын рубли, Казакстандын теңгеси төмөндөп кетти. Ошонун кесепетинен тигүү тармагы аксап кетүүдө. Кризистин айынан Орусиядан түшүп жаткан көп буйрутмалардан айрылдык.

Бишкектеги тигүү цехтеринин өкүлдөрү да буйрутмалар азайганын айтып, аны жалпы сооданын төмөндөшү, валюталардын туруксуздугу менен байланыштырууда. Бирок да Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кирүүсү менен Орусия, Казакстан базарлары ачылып, тигүүчүлүк Кыргызстанда пайдалуу болот деген божомол бар. Бул божомолду Бишкекте кездеме саткан дүкөндөрдүн көбөйүүсү да кайсы бир деңгээлде тастыктап турат.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG