Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:01

Мыйзамдагы ажырым шайлоодо даана көрүндү


Бишкектин Кара-Жыгач конушундагы добуш берүү, 4-октябрь, 2015
Бишкектин Кара-Жыгач конушундагы добуш берүү, 4-октябрь, 2015

Кыргызстанда парламенттик шайлоо бирдиктүү республикалык округда партиялык тизме менен, бирок иш жүзүндө көп мандаттуу округдарда өткөрүлдү. Мыйзамдагы мындай жобо шайлоодо жеңип келген партиялар ичинде чатакты жаратууда.

Келечекте мыйзам жагдай-шартка жараша өзгөрүшү керекпи?

Кыргызстандын бийлик жана шайлоо системасында аңырайган ажырым бар. Маселен, республика 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин парламенттик бийликти түптөөгө аттанган менен, бийликтин чоң тизгини президенттин колунда кала берүүдө. Иш жүзүндө Кыргызстанда президенттик башкаруу өкүм сүрүп турганын баары моюнга алышат.

Экинчиден, партиялык тизме менен республикалык бирдиктүү округ боюнча шайлоо өткөрүү чечилген. Мына ошого жараша Шайлоо кодексине өзгөртүү киргизилген. Бирок иш жүзүндө 4-октябрда Жогорку Кеңешке шайлоо мажоритардык же көп мандаттуу округдардан өттү. Тактап айтканда, партиялар тизмедеги ар бир талапкерине шайлоо округдарын бөлүп берди. Ал талапкердин парламентке өтүүсү үчүн канча добуш алуусу керектигин аныктап, босогосун да коюп берди.

Жетиштүү добуш алып келген талапкер тизмеде канчанчы орунда турганына карабай, мандат убада кылынды. Мындай убада жана партиялык эрежелер талапкерлер ортосунда талаш-тартыш, жаңжал жаратууда.

Жогорку Кеңешке “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан шайланып келаткан Мирлан Бакиров мандат бөлүштүрүүдө партияларда келишпестиктер, нааразычылыктар чыгып жатканын ырастап, келечекте шайлоо мыйзамы өзгөртүлүш керек дейт:

- Кыргызстан боюнча 120 округ түзүлүш керек. Партиянын сунушу менен гана талапкер коюлуш керек. Талапкер партиянын сунушу менен бара турган болсо талапкердин фамилиясына гана добуш берилет. Талапкер партиядан сунуш алып жатканда ал өзүнө жоопкерчилик алат, мен партиянын уставын сактаймын, фракциядан чыкпаймын деп. Партия менен талапкерди байлай турган рычаг болуш керек. Ошондо шайлоонун жыйынтыгы менен талаш-тартыш болбойт.

Мирлан Бакиров мындай эреже менен өткөрүлгөн шайлоодо сапаттуу парламент келишине да шарт түзүлөрүн кошумчалады.

КСДП партиясынан шайланып келаткан талапкер Иса Өмүркулов партиялардын курултайында жактырылып, Борбордук шайлоо комиссиясында бекитилген тизме өзгөртүлбөй сакталып, бул система келечекте да кала бериш керек дейт:

- Бул толугу менен мыйзамдаштырылыш керек. Тизме бир бекигенден кийин талапкер өз ыктыяры менен шартка жараша же болбосо мыйзам бузууга байланыштуу чыгып кетпесе, жанагындай сен добуш алдың эми мандат аласың, албаганың кетесиң деген бул түп-тамыры менен туура эмес система. Тизме бир жолу бекитилип, ошону менен калыш керек.

Иса Өмүркуловдун пикиринде, шайлоодон кийин талапкерлердин ордун өзгөртүү партиялык коррупцияны ого бетер күчөтөт .

“Бир бол” партиясынын талапкери, мөөнөтү бүтүп бараткан Жогорку Кеңештин депутаты Абдыжапар Бекматов да азыркы шайлоо системасы өзгөртүлбөш керек деп эсептейт. Анын пикиринде, партиялык тизме менен шайлоо бара-бара түзөлөт:

- Менин оюмча, экинчи жолу ушундай бир демократиялык принципте шайлоо болду. Бул системага бара-бара элибиз көнөт. Азыр татыктууларды алдыңкы жагына койбосо, бара-бара коет. Саясий партиялар коомдо ордун таап, калыптанган сайын саясий партия өзүнүн элитасы өзүнүн ордун табат. Ошон үчүн мындан артка кайтпашыбыз керек.

Белгилүү юрист Марат Кайыпов шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүүнү жаңы парламент чечиш керек деп эсептейт. Анын пикиринде, мыйзамда алган добушуна жараша мандат берилет деген жобо так жазылыш керек же партия лидерине курултай аркылуу тизмени өзгөртүүгө укук берилиш керек.

Кыргызстандын шайлоо системасы боюнча мөөнөтү бүтүп бараткан парламентте да, коомчулукта да мына ушундай эки ача пикир жаралган. Бирок мыйзам өзгөртүлгөн эмес. Жаңы келген парламентте да бул маселе күн тартибине коюлуп, талкууга алынары айкын болуп турат.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG