Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:38

Апта: эки муундун коалициясы, Токио, Вашингтондун кызыгуусу...


Жогорку Кеңеш, 28-октябрь, 2015-жыл
Жогорку Кеңеш, 28-октябрь, 2015-жыл

Узап бараткан жумада жаңы шайланган парламент ишке киришти. Кыргызстан Тажикстан менен чек араны жаңы жол менен аныктоону макулдашууда.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Жон Керри регионго иш сапары менен келди.

Жаңы шайланган парламент ишке киришти

28-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы жаңы шайланган депутаттарга мандат тапшырды. Жогорку Кеңеш биринчи жыйынын өткөрдү. Фракция лидерлери шайланды. Эртеси күнү күтүлгөндөй эле президент Алмазбек Атамбаев көпчүлүк коалицияны түзүүнү КСДП фракциясына тапшырды. Дагы эле күтүлгөндөй коалицияга кирүүгө “Кыргызстан”, “Өнүгүү” жана “Ата Мекен” фракциялары макулдугун берди. Жакынкы күндөрү түзүлгөнү расмий түрдө жарыялана турган коалиция төрт фракциядан турат жана 80 депутаты болот.

Жаңы коалиция жаңы саясат дегенди билдирбейт. Ал ушул кезге чейин жүргүзүлүп келаткан социалдык-экономикалык саясатты улантат. Коалиция куроо үчүн фракция лидери Чыныбай Турсунбековго мандатты тапшырып жатканда да КСДПнын иш жүзүндөгү лидери, президент Алмазбек Атамбаев коалиция республиканы туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук стратегияны аткарууга тийиштигин белгилеген. Ошондуктан коалицияда кандай социалдык-экономикалык саясат жүргүзүү боюнча баш ооруу, талаш-тартыш да болбойт.

28-октябрда БШК жаңы шайланган депутаттарга мандат тапшырды

Жаңы коалициядагы бир өзгөчөлүк - анын эски муун менен жаңы муундун ортосунда түзүлүп жатышында. КСДП лидери Алмазбек Атамбаев жана “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев эски муундун өкүлдөрү болсо, “Кыргызстандын” лидери Канат Исаев жана “Өнүгүүнүн” лидери Бакыт Төрөбаев жаңы муундун өкүлдөрү.

Бул коалицияда “Ата Мекендин” лидери мурункудай “оюн” салып, коалицияны уратам деп, өкмөттү кызматтан кетире албайт. Мындай артыкчылык эми жалгыз гана КСДП лидери президентте калууда.

Бирок жаңы коалицияда өкмөттөгү жана Жогорку Кеңештеги жогорку кызмат орундар боюнча соодалашуулар болбой койбойт. Ал мамлекеттин ички, тышкы саясатына таасир эте албаган соодалашуулар болот.

Жаңы парламентте оппозицияда “Республика Ата Журт” жана “Бир бол” фракциялары калышы күтүлүүдө. Бул фракциялар мамлекет башчысынын саясатына каяша айтууга даабайт. Бирок өкмөттүн ишине тыкыр көз салып, анын кемчилигин сындоого даяр турушат. Саясат таануучу Эмил Жураев оппозиция чабал болот дейт:

- Буга чейин эле оппозиция милдетин мурунку парламентте аткара албай келатышты эле. Бул парламентте ого бетер алсызданып, принципиалдуу пикирди кармана турган фракция жокко эсе болуп калчудай.

Парламенттик оппозициянын 40 депутаттык мандаты болот. Эгерде оппозиция бирдиктүү болсо, анда конституциялык көпчүлүк менен кабыл алына турган конституцияга өзгөртүү киргизүү жана конституциялык мыйзамдарды кабыл алуу сыяктуу орчун маселелерге таасирин тийгизе алат.

Мадумаров көчө оппозициясына өтөбү?

Көчө оппозициясына болсо “Бүтүн Кыргызстандын” лидери Адахан Мадумаровдун кайтып келүүсүнө бир кадам калууда. Ал 28-октябрда өткөргөн маалымат жыйынында Кыргызстанда мыйзам чегинде маселени чечүүгө мүмкүн болбой калганын айтып, тарапкерлери көчөгө чыкса токтотпосун билдирди.

Белгилүү болгондой, Жогорку Сот “Бүтүн Кыргызстандын” 100дөй шайлоо участогунда бюллетендерди кайра саноо сунушун четке какты. Ага чейин Биринчи май райондук соту кайра саноого чечим чыгарган эле. Жогорку Сот өзүнүн чечимин арыз берүү мөөнөтү өтүп кетиши менен негиздеген. Ал эми “Бүтүн Кыргызстандын” өкүлдөрү шайлоо комиссиялары расмий кагаздарды берүүнү атайын кечиктирип, партиянын арыз берүү мүмкүнчүлүгүн чектегенин билдиришкен.

“Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясынан талапкер болгон Надира Нарматованын айтымында, партияга берилген 37 миңдей добуштун саналбай калганын далилдеп берүүгө даяр:

- Биз Борбордук шайлоо комиссиясынын акыркы чечими менен бекитилген жыйынтыгын алып, шайлоого катышкан 14 партиянын добушун, каршы бергендердин добушун эсептеп келгенде да 36 миңден ашык добуш эч жерде жазылбай калган. Бул чындык. Аны биз кайсы жерде болбосун далилдеп бергенге даярбыз.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясы Жогорку Соттун чечимин жокко чыгаруу үчүн Конституциялык палатага кайрыларын билдирди. Бирок президентке ыктаган маалымат каражаттары Адахан Мадумаровду кайрадан каралоого өткөнүнө караганда, “бүтүнчүлөрдүн” соттордон ийгилик табышы күмөндүү.

Токио, Вашингтондун Борбор Азияга баш багышы

Узап бараткан жуманын башында Кыргызстанга Япониянын өкмөт башчысы Синдзо Абэ келип кетти. Ал Бишкекке Борбор Азия регионун кыдыруу алкагында баш бакты. Газ, мунайы жана базары кеңири мамлекеттерде Синдзо Абэнин сапары учурунда миллиарддаган долларлык келишимдерге кол коюлду. Маселен, Түркмөнстан менен 18 млрд. доллар, Өзбекстан менен 8.5 млрд. доллар келишимдерге жетишилди. Ал эми Кыргызстанда 120 млн. долларлык насыя бөлүү менен чектелди.

Синдзо Абэнин Борбор Азияга сапарын Кытай менен теңтайлашуу катары кароого да болот. Азиянын бул эки ири мамлекети ар кайсы тармактарда, багыттарда катуу атаандашып келатканы маалым.

Япония Борбор Азиядагы саясий жараяндарга кызыгуусун байката элек. Ал экономикалык долбоорлорго кызыкдар. Ал эми Япониянын эң жакын стратегиялык өнөктөшү Кошмо Штаттар, тескерисинче, региондо коопсуздук маселелери, саясий жактан кызыкчылыгын көрсөтүп келет. Япониянын өкмөт башчысы менен улаалаш Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Жон Керри да Борбор Азия регионун кыдырууга чыкты.

Жон Керри 31-октябрдагы Кыргызстанга жасаган бир күндүк иш сапары учурунда АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин жаңы имаратынын, ошондой эле Борбор Азиядагы Америка Университетинин кампусунун ачылышы катышты.

Президент Алмазбек Атамбаев менен АКШ мамкатчысы Жон Керри. Бишкек. 31-октябрь
Президент Алмазбек Атамбаев менен АКШ мамкатчысы Жон Керри. Бишкек. 31-октябрь

Мындан тышкары, президент Алмазбек Атамбаев менен жолукту. Жолугушуудан кийин маалымат жыйында эки тараптуу сүйлөшүү ачык-айкын өткөнүн, бардык маселелер боюнча пикир алышуу болгонун билдирип, Кыргызстанды парламенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүп алышы менен куттуктады.

Маалымат жыйында америкалык журналисттер Кыргызстанда июнь коогасы боюнча күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровго АКШнын мамлекеттик департаментинин сыйлыгынын берилиши боюнча Жон Керринин пикирине кызыгышты. Керри Аскаровдун сыйланышы Кыргызстанга катуу тийгенин билерин, бирок ал сыйлыкты кайсы бир окуяга байланыштуу эмес, жалпы эле укук коргоочулук ишмердиги үчүн алганын айтты. Өз кезегинде тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев кыргыз тараптын позициясын дагы бир жолу эске салып, Аскаров жасаган кылмышы үчүн соттолгонун жана Кыргызстан үчүн улут аралык ынтымак маанилүү экенин билдирди.

Жон Керри "Манас" аба бекетинен тосуп алуу. 31-октябрь, 2015-жыл
Жон Керри "Манас" аба бекетинен тосуп алуу. 31-октябрь, 2015-жыл

Кыргызстан менен АКШнын мамилесине токтоло турган болсок, ал 1991-жылы Кыргызстан эгемендүүлүк алганда түптөлгөн. 2001-жылы Нью-Йоркто терракт жасалышы менен Вашингтон Ооганстанда аскердик операция өткөрүүнү чечип, Кыргызстандын "Манас" аба майданында аскердик база жайгаштырган. Бул база 2014-жылы чыгарылды. Аны менен кошо кыргыз-америка байланышы басаңдады. Быйылкы жылы Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департментинин адам укуктары боюнча сыйлыгынын Азимжан Аскаровго ыйгарылышы Кыргызстанда жарылууну жаратып, расмий Бишкек Кошмо Штаттар 1993-жылы жетишкен келишимди бузууга барды.

Кыргызстан менен АКШнын мамилесинин мына ушундай багытта өнүгүүсүнө Орусия менен АКШнын тирешкен мамилесинин тиешеси бар.

Жон Керринин сапар учурунда эки тарап кыргыз-америка мамилесин жаңы нукта өнүктүрүүгө ниеттерин билдиришти. Жергиликтүү эксперттердин баары эле буга анча ишене бербей турушат.

Бирок да президент Алмазбек Атамбаев 14-октябрда Кошмо Штаттардын Кыргызстандагы жаңы элчиси Шейла Гуолтни айымдан ишеним грамотасын алып жатып, Бишкек Вашингтон менен кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын билдирген.

Бул жөнөкөй эле дипломатиялык сөз болдубу же расмий Бишкек Вашингтон менен кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдарбы, аны Жон Керринин сапарынан кийинки кызматташтык да көрсөтөт.

Кыргызстандын мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов эки мамлекеттин мамилеси кандай багытта өнүгөрүн азырынча айтуу кыйын дейт:

Аликбек Жекшенкулов
Аликбек Жекшенкулов

- Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы мамиле кандай болорун айтуу кыйын. Анткени эки мамлекеттин сүйлөшүүсүнүн күн тартибине кандай маселелер коюлду? Кеп ошондо. Азыр бизге күн тартиби боюнча маалымат жете элек. Жеткенден кийин саясат, экономика, инвестиция жагынан кызматташуу болор-болбосун айтууга болот.

Ошол эле учурда дүйнөдөгү эң таасирлүү адамдардын бири болгон АКШнын мамлекеттик катчысынын регионго сапары Кошмо Штаттардын бул регионго кайрылып келүү, позициясын күчөтүү максатынан кабар берерин Жекшенкулов кошумчалады.

Саясатчы жана укук коргоочу Эдил Байсаловдун пикиринде, Кошмо Штаттар кыргыз эли жана мамлекети менен узак мөөнөттүк мамиле түзүү максатын койгон. Ошондуктан азыркы кездеги өкмөттөр ортосундагы анча-мынча оош-кыйыш нерселерге Вашингтон чоң маани бербейт дейт Байсалов:

- АКШ өкмөтү, эли биздин азыркы бийликке таарынып, теригип, аларга доомат койбойт же аларга кыр көрсөтпөйт. Анткени алар кыргыз эли менен, кыргыз мамлекети менен түпкү достук мамилеси бар. Аны уланта берет, өнүктүрө берет. Ошого кызыкдар. Анткени алар “бектер кетет эл калат” деген принцип менен болуп атат.

Жон Керри Борбор Азия республикаларын биринчи жолу кыдырууда. Кыргызстандан кийин ал Самарканд, Астана, Дүйшөмбү жана Ашхабад шаарларына барат.

Жон Керринин Борбор Азия регионуна, анын ичинде Кыргызстанга сапарынын учугу Ооганстандагы кырдаал, "Ислам мамлекети" тобунун коркунучтары менен байланыштырылууда.

Белгилүү болгондой акыркы мезгилде талиптер Ооганстанда активдешип, Кундуз шаарын кыска мөөнөткө болсо да басып алууга, андан сырткары Гилменд жана Фарьяб провинцияларында ийгиликтерге жетишти.

2001-жылдан бери Ооганстанда аскер кармап турган мамлекет катары Вашингтон Борбор Азия регионуна Ооганстандагы мына ушул абал жөнүндө маалымат берип, Кошмо Штаттардын аскерлери 2016-жылдан кийин да Ооганстанда калары региондогу коопсуздукка кепилдик болорун түшүндүрүүгө аракет жасайт.

Саясат таануучу Марс Сариев Жон Керринин Борбор Азия регионуна сапарынын бир максаты ушунда дейт:

- АКШнын саясатын түшүндүрүүгө, эмне үчүн Ооганстанда аскерлерин калтырып жатат, ал жерде кандай жараяндар болуп атканы тууралуу Орусиядан башка булактан да маалымат алсын деген максатты көздөөдө. Ошол маалыматты берип, бир келишимге келгенге аракет жасайт.

Марс Сариевдин пикиринде, Жон Керринин сапары учурунда Кыргызстан менен АКШнын мамилесинде маанилүү жылыш болбойт. Анткени Орусиянын Сириядагы аракетин Кыргызстан толук колдоп чыкты. Сирия, Украина жана башка маселелер боюнча АКШ менен Орусиянын саясаты карама-каршы келүүдө.

Кыргызстан менен Тажикстан чек ара маселесин чечүүдө жаңы жол табыштыбы?

29-октябрда Тажикстандын борборунда КМШ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын жыйыны болду. Ага Кыргызстандын өкмөт башчысы Темир Сариев да катышты. Чындыгында КМШ жарым жан орган жана анда кабыл алынган чечимдердин турмушка ашканы да байкалбайт. Бирок кыргыз өкмөт башчысынын Тажикстанга сапары эки кошуна мамлекеттин чек ара маселесин чечүүгө салым кошууга тийиш. Темир Сариевге чейин Дүйшөмбү шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссияларынын жыйыны болуп, анда негизги көңүл чек ара маселесин чечүүгө бурулган.

Кыргызстандын вице-премьер-министри Абдрахман Маматалиевдин билдирүүсүнө караганда, эки тарап чек араларды эски карталардын негизинде эмес, СССР тараган мезгилдеги ээлеп турган жерлерине жараша аныктоону көздөп жатат. Ал эми талаштуу участоктор алмашылат дейт Маматалиев:

- Чыры бар жерлер калат. Алар боюнча алмашуу, дагы башка чараларды көрөбүз. Жалпы чек араны аныктоодо негиз катары иш жүзүндө ээлеп турган тилкени алып, ошонун негизинде сүйлөшүү болуш керек. Мурун андай болгон эмес. Мурун, мисалы, алар утуп алабыз деген ой менен бир участок боюнча 1924-жылкы картаны көтөрүп чыкса, экинчи участоктон биз башка картаны алып чыгып жатканбыз. Ошентип, талаш-тартыш менен маселе жылбай келаткан. Эми, кудай буйруса, жыла турган болуп атат.

Абдрахман Маматалиевдин айтымында, мындай жол менен чек араны аныктоону президент Алмазбек Атамбаев тажик мамлекет башчысы Эмомали Рахмон менен сентябрь айында Дүйшөмбү шаарындагы жолугушуусунда сунуштаган. Тажик тарап бул сунушту кабыл алды. Бирок ал 5-ноябрда тажик вице-премьер-министри Ибрагим Азимовдун Бишкекке сапары учурунда да талкууланат.

"Чек ара ар бир республиканын ээлеп келген жерине жараша аныктала турган болсо, анда маселени чечүү жеңилдейт", дейт чек ара маселелери боюнча эксперт, өкмөттүк делегацияны буга чейин жетектеп келген Саламат Аламанов:

- Ар ким өзү чарба жүргүзгөн жерин ээлеп калсын деп макулдашылса, анда жакшы болмок. Бул өзү 1955-жылы, 1959-жылы, 1989-жылы ошого келишкен. Бирок ошону кийин бекитпей коюшкан. Башкача айтканда, иш жүзүндө чарба жүргүзгөн жерине жараша чек ара аныкталат деген чечимге келсе, анда бул эң жакшы. Мындай болгондо маселе чечилет.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек аралары кесилишкен Баткен жана Лейлек райондорунун жетекчилиги мындай принцип менен чек араны аныктоодо Кыргызстан уткурбайт дейт.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында эң талаштуу жана жаңжалдуу участоктор Баткен районунда жайгашкан. Бул райондо талаштуу участокторду алмашуу жолу менен маселени чечүү каралып жатат. Негизи ээлеп турган жерине жараша чек араны аныктоодо Кыргызстан утулбасын Баткен районунун мурунку акими Сейитмурат Калыков тастыктайт:

- Биз буга чейин ээлеп турган жерлер боюнча чек ара аныкталса көп жерден уткурбайбыз. Себеби биз чек ара боюнча аларга доомат койгон жерибиз болгон эмес. Биздин жерге тажиктер ээ болууга аракеттенип келатат ушул кезге чейин. Ошол Алматы декларациясы менен чек ара аныкталса, бизге көп утуштарды алып келет.

Сейитмурат Калыков Баткен районунда өзгөчө Көк-Таш жана Таш-Тумшук айылдарында тажик тарап менен жер алмаштырууга баруу зарылдыгын кошумчалады.

Алматы декларациянын негизинде чек араны аныктоого киришүүнү бийликтегилерге Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Исмаил Исаков сунуштаган. Ал 2014-жылы президентке жолдогон кайрылуусунда кошуналар менен чек ара маселесин СССР тарагандан кийин кабыл алынган Алматы, Минск жана Москва декларацияларынын, Кыргызстан менен Тажикстандын 1996-жылы кол коюлган мамлекеттер аралык мамилелер жөнүндөгү келишиминин негизинде чечүүнү сунуштаган.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG