Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:29

Апта: бүдөмүк бюджет, токтогон темир жол келишими


Темир Сариевдин Кытайга иш сапарынан бир көрүнүш, 16-декабрь
Темир Сариевдин Кытайга иш сапарынан бир көрүнүш, 16-декабрь

Узап бараткан аптада келерки жылдын бюджети биринчи окууда кабыл алынды. Бийлик башчылары алыскы чет өлкөлөрдө иш сапарлары менен болушту.

Бүдөмүк бюджет...

17-декабрда бир күндүк талкууда Жогорку Кеңеш келерки жылдын бюджетин биринчи окууда кабыл алды. Бюджеттин негизги параметрлери 124 млрд. сом кирешеси, 147 млрд. сомго жакын чыгашасы болуп, 22 млрд. сомдон ашуун тартыштык менен жактырылды.

Оппозициялык “Республика Ата-Журт” жана “Бир бол” фракцияларынын лидерлери Өмүрбек Бабанов жана Алтынбек Сулайманов тартыштыкты кыскартуу талабы менен чыгышты. Бирок добуш берүүдө 84 депутат долбоорду колдоду.

Келерки жылдын бюджети тартыштыгы көптүгү менен эле эмес, салыктарды жыйнай албай калуу коркунучу боюнча дагы чочулоолорду жаратууда.

Бюджеттин кирешеси негизинен салык жана бажы төлөмдөрүнөн жыйналат. Тактап айтканда, 124 млрд. сом кирешенин 93 млрд. сомго жакыны мына ушул эки булактан түшүүгө тийиш. 20 млрд. сомго жакын сумма салыктык эмес кирешелерден түшсө, 11 млрд. сомдон ашуун сумма гранттардын эсебинен келет. Айрым депутаттар 11 млрд. сомду да тартыштык катары санап, бюджеттин чыныгы тартыштыгын 35 млрд. сомго жеткирүүдө.

Финансы министри Адылбек Касымалиев тартыштыкты сырттан алынган насыялар менен жабуу көздөлүп жатканын моюнга алды:

- Ички жана тышкы булактары бар. Булактары болгону үчүн алып келип жатабыз. Тартыштыктын 92% тышкы булактар. Ал мамлекеттик инвестициялык программалардын негизинде тартылат.

Иллюстрация
Иллюстрация

КСДП фракциясынын мүчөсү Иса Өмүркулов бюджетте көрсөтүлгөн өлчөмдө салыктардын жыйналышы реалдуу эместигин айтып, ал өз кезегинде бюджетти аткарууда татаалчылык жаратарын белгиледи. Иса Өмүркулов соода кыскарып жаткан мезгилде Евразия экономикалык биримдигинин алкагында 16 млрд. сомго жакын кошумча нарк салыгын, алыскы чет өлкөлөр менен соодадан 11 млрд. 575 млн. сом кошумча нарк салыгын жыйноо канчалык реалдуу деген маселени койду.

Бирок Бюджет жана финансы комитетинин төрагасы, “Бир бол” фракциясынын өкүлү Аскарбек Шадиев жана төрага Асылбек Жээнбеков бюджетти кабыл алууга басым жасашты.

Аскарбек Шадиев жаңы жылга жаңы бюджет менен кирүү керектигин кошумчалады:

- Жаңы жылга жаңы бюджет менен киришибиз керек. Бюджетти окуйбуз деген кишилерге айтарым, аны карап чыксак болот. Эгерде маселе болсо биздин бөлүмдүн кызматкерлери күнү-түнү ушул жерде жүрөт. Суроо болсо депутаттар менен чогуу отуруп караганга даярмын.

Бюджет биринчи окулушунда каралган учурда өкмөт башчы Темир Сариев Кытайда сапарда болгондуктан негизги курч жана орчун суроолор вице-премьер-министрлер жана финансы министрине берилип жатты. Өкмөт башчы эми экинчи, үчүнчү окууда каралышына катышуусу күтүлөт. Бирок бюджеттин негизги параметрлери бекитилгендиктен, эми талаш-тартыш мына ошол сумманын алкагында гана болот.

Бекитилген бюджеттин аткарылбашы Кыргызстанда адатка айланган. Ошондуктан жыл ичинде бюджет кырдаалга жараша бир нече жолу өзгөрүшү мүмкүн. Маселен, 2015-жылдын бюджети акыркы жолу жакында эле өзгөртүлүп, тартыштыгы 16 млрд. сом деп бекитилди.

Атамбаев араб өлкөлөрүндө, Сариев Кытайда

Жогорку Кеңештин комитеттеринде жана өзүндө бюджет каралып жатканда премьер-министр Темир Сариев Кытайда болсо, мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Түркмөнстан, Кувейт жана Катар мамлекеттеринде сапарда болду.

Президент сапар менен барган үч мамлекет тең мунай жана газдын эсебинен эсепсиз байыган өлкөлөр. Президент Атамбаевдин сапарынын максаты да ушул өлкөлөрдөн, өзгөчө Кувейт жана Катардан инвестиция тартууга багытталган.

Атамбаевдин Кувейттеги иш сапарынан бир көрүнүш
Атамбаевдин Кувейттеги иш сапарынан бир көрүнүш

Дегеле, акыркы кезде араб дүйнөсүнөн инвестиция тартуу үчүн бир катар аракеттер жасалып жатат. Бирок анын кайрымы байкалбайт. Анткени Ислам өнүктүрүү банкынын республикадагы айрым долбоорлорду насыялоого катышуусун эске албаганда араб өлкөлөрүнөн көрүнүктүү инвестиция келген жок.

Саясат таануучу Эмил Жороев араб дүйнөсүнөн инвестиция тартуу аракети азырынча майнапсыз калып жатканын тастыктап, алардын өндүрүшкө жогорку технология алып келүүгө чамасы чакталуу экенин белгилейт:

- Президенттик аппараттын эл аралык иштер боюнча бөлүм башчысы Сапар Исаков жакшы сөздөр болгонун айтат. Бирок эч кандай документ, келишимдерге кол коюлган эмес көрүнөт. Анын үстүнө алар жогорку технологиялуу өндүрүш тармагына инвестиция жасай алышпашы мүмкүн. Алар портфелдик инвестор болуп, акчасын эле бериши мүмкүн.

Эмил Жороев ага Кыргызстандын ички базарынын чакталуу экени, ал эми Евразия экономикалык базарынын эми эле ачылып жатышы араб дүйнөсүнөн инвестициянын келбей жатышына себеп болуп жатышы мүмкүндүгүн кошумчалады.

Кытай багыты болсо башкачараак. Чыгыш гигантынан дүйнөлүк гигантка айланып бараткан Кытай Кыргызстандагы негизги инфраструктуралык долбоорлорду каржылап, бийликтин аз болсо да мактануусуна өбөлгө түзүп келатат. Бирок Темир Сариевдин Кытайга сапары натыйжалуу болду дегенге негиз жок. Анткени Алмазбек Атамбаев Кувейтте жүрүп маалымдаган Кытай-Кыргызстан темир жолун кура баштоо боюнча келишимге кол коюлбай калды.

Аргынбек Малабаев
Аргынбек Малабаев

Кыргызстандын транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаев келишимге кол коюлбашына анын Кытай тарапта ички жол-жоболордон өтүп бүтпөй калганы себеп болгонун билдирди:

- Кытай тарап макулдашууларды, ички жол-жоболорун аткарыш керек экен. Биз тараптан меморандумду даярдап барганбыз. Менин оюмча, январь айында келишимге кол коёбуз. Ошол мезгилге чейин алар ички жол-жоболорду аткарып бүтөт деп ойлойм.

Аргынбек Малабаевдин айтымында, кыргыз тарап Кытай-Кыргызстан темир жолун Торугарт-Ат-Башы ГЭСи - Макмал-Жалал-Абад багыты боюнча өтүүсүн тандап алды. Бул багыт Ат-Башыдан Балыкчы тарапка темир жол курулууга шарт түзүп, түндүк менен түштүктү темир жол менен байланыштырат. Малабаев Кытай-Кыргызстан темир жолунун баасы эки млрд. доллардан ашарын белгиледи.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруудан кыргыз бийлиги 2013-жылы баш тартып, 2015-жылдын башында позициясы өзгөргөнү маалым болгон. Февраль айында Кытайга сапар менен барган ал кездеги Кыргызстандын транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов темир жолду куруу боюнча келишимге жетишип келгени кабарланган.

Кытай-Кыргызстан темир жолун курууга кыргыз коомунда каршылык кайсы бир күчтөр тарабынан уюштурулуп, ал "кытайлар Кыргызстанды каптап кетет, кен байлыктарды ээлеп алат" деген жүйөлөр менен коштолгон. Кыргызстандагы эксперттер мындай каршылыкты уюштурууга Орусия жана Казакстан кызыкдар деп боолголошот. Анткени бул өлкөлөр Кытайдын Европага карай багытталган жолу алардын аймагынан өтүүсүнө кызыкдар.

Саясат таануучу Марс Сариев кыргыз бийлигинде Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу Кыргызстандын кызыкчылыгында экени эми түшүнүү тапты дейт:

- Жаныбызда турган коңшу Казакстан Кытай менен темир жол салуу үчүн Кытайдан эки млрд. доллар алып жатышат. Ошону менен эки багытта жол салып жатышат. Мындай шартта биз такыр эле туңгуюкта, чон жолдун четинде калып жатабыз. Менин оюмча, Кыргызстандын кызыкчылыгын түшүнүп, Кытай менен Европаны байланыштырган жолдун ортосунда болууга аракет жасалууда. Бул жол курулса биз чоң инфраструктуранын ортосунда туруп калабыз.

Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин төрагасы Иса Өмүркулов Кытай-Кыргызстан темир жолунун мааниси өтө чоң экенин белгилейт:

- Бул долбоор биздин мамлекет үчүн өтө зор мааниге ээ. Себеби транзиттик жолго айланабыз. Транзиттик жолго айлануунун өзү эле мамлекетке көп киреше алып келет. Ошол жолдун боюндагы аймактардын өнүгүүсү үчүн шарт түзүлөт. Экономикага жүз миллиондогон доллар түшөт. Биздин түндүк-түштүктү темир жол менен бириктирүүдө мааниси зор.

Кытай-Кыргызстан темир жолун курууга Кытай тарап каражат бөлөт. Ал эми Кыргызстан өзүнүн жерин курулушка берүү менен катышат.

"Ойгоном" деген оппозиция

Кыргызстан бийлигин оппозиция жаздын же күздүн келиши менен коркутууну адатка айлантып алган. Бул ирет да ошондой маанидеги билдирүүлөр пайда боло баштады. Маселен, 17-декабрда бюджетти талкуулоодо “Республика Ата-Журттун” лидери Өмүрбек Бабанов "жаз келгенде көрөбүз" дегендей өкмөткө сес берди.

Ал эми унутулуп бараткан Улуттук оппозициялык кыймыл практикалык ишин болбосо да риторикасын жандантып, өлкөдөгү кырдаал, маанилүү окуялар боюнча билдирүүлөрүн жарыялай баштады. Маселен, узап бараткан жумада Улуттук оппозициялык кыймыл эки жолу билдирүү менен чыкты. Анын биринде экономикалык кризистен чыгуу үчүн антикризистик программаны иштеп чыгуу талабы өкмөткө коюлса, экинчисинде адам укуктарын жана сөз эркиндигин сактоо талабы коюлду.

Дайырбек Орунбеков, Адилет Айтикеев, Адил Турдукулов
Дайырбек Орунбеков, Адилет Айтикеев, Адил Турдукулов

Маалым болгондой, 17-декабрда журналист Дайыр Орунбеков жана аны коштогон саясатчылар, активисттер өкмөт үйүнүн алдына чогулуп, президент Алмазбек Атамбаевге 12 миң сомду өткөрүп берүүгө аракет жасашкан. Чогулгандарды милиция ошол замат кармап кетип, сот 2 миң сомдон айып пул салып чыгарды. Оппозиция бийликтин бул аракетин сынга алып, айыптады.

Дайыр Орунбеков соттун чечими менен президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысына шек келтирген деп табылып, 2 млн. сом айып пул төлөөгө милдеттендирилген.

Оппозиция өкүлдөрү жана эксперттер ошондой эле өкмөттөн антикризистик программа иштеп чыгуу талабы менен 18-декабрда жыйын курушту. Ага бийлик, Улуттук банктын өкүлдөрү да катышканын билдирген Равшан Жээнбеков жыйындын катышуучулары өкмөттүн антикризистик программасы жок деген жыйынтыкка келгенин айтты:

- Жыйынтыгында ошого келдик. Жакынкы мезгилде экономикада абал оорлойт. Экономикалык кризистен чыгуунун жолун бийлик, өкмөт сунуштай алган жок деген жыйынтыкка келдик.

Адахан Мадумаров
Адахан Мадумаров

Ал эми оппозициялык маанайдагы билдирүүлөр менен көбүрөөк чыга баштаган “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров “Эмгек” партиясы менен ажырашканын билдирди:

- Кечээ саясий кеңештин жыйыны болду. Анда жаштар жергиликтүү кеңештерге шайлоого өзүбүзчө күч болуп баралы деген сунуш менен чыкты. Саясий кеңеш аны колдоду. Ошондуктан жергиликтүү кеңештерге шайлоого “Бүтүн Кыргызстан” өзүнчө, “Эмгек” өзүнчө барат.

Эки партия жаңжалдашпай экиге бөлүнүштү. Бирок эки партиянын мүчөлөрүнүн арасында шайлоонун жыйынтыгы боюнча бири-бирине сын-пикирлер курч болгону маалым. “Бүтүнчүлөр” Аскар Салымбеков үгүт жана шайлоого жетиштүү каржы бөлбөй койду десе, “эмгекчилер” Адахан Мадумаров түштүк региондордон жетиштүү добуш жыйнай алган жок деп кинелегени маалым.

“Бүтүн Кыргызстан” жана “Эмгек” партиясы парламенттик шайлоо алдында биригип, шайлоого бирге барышкан. Бирок 7% босогодон өтө албай калышкан. “Бүтүн Кыргызстандын” лидери аларга берилген добуштар туура саналбай калды деп, шайлоо комиссиясы менен соттошкон. Бирок маселе “Бүтүн Кыргызстандын” пайдасына чечилген эмес.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG