Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:38

УКМК Кадыров менен Асановду кармап кетти


Кубанычбек Кадыров (солдо) жана Бектур Асанов.
Кубанычбек Кадыров (солдо) жана Бектур Асанов.

Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров бийликти басып алуу планына байланыштуу козголгон кылмыш иштин алкагындагы ыкчам тергөө аракеттеринин негизинде УКМКга алынып келинди.

Бул тууралуу "Азаттыкка" мекеменин маалымат катчысы Рахат Сулайманов билдирди.

- Бул жарандар коомдук-саясий кырдаалды дестабилизациялап, андан ары бийликти күч менен басып алуу тууралуу сүйлөшүүлөр боюнча шектелип жатышат.

Сулаймановдун белгилешинче, тергөө иштерине тиешелүү соттук органдардан жана Башкы прокуратурадан санкция алынган.

Оппозициялык саясатчылар, "Эгемен Кыргызстан" партиясынын лидери Бектур Асанов менен "Чындык" партиясынын жетекчиси Кубанычбек Кадыровду бүгүн Бишкекте "Республика" гезитинин кеңсесинде сүйлөшүп отурган жеринен 10 чакты УКМК кызматкери кармап кеткенин "Азаттыкка" гезиттин башкы редактору Замира Сыдыкова кабарлаган болчу.

22-мартта интернетте оппозициячыл маанайдагы айрым саясатчылардын Ошто өтчү жыйыны, бийликти күч менен алмаштыруу тууралуу сүйлөшүүлөрү делген тымызын жаздырылып алынган эки аудио тасма тараган.

Ал эми сүйлөшүүгө катышкандардын айрымдары бийликти күч менен басып алууга камынып жатат деген дооматтарды четке кагып, муну каралоо деп аташкан.

Бир аудио тасма 20 мүнөттөн ашыгыраак жана анда саясатчылар Азимбек Бекназаров, Равшан Жээнбеков, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров баштаган ондой адамдын сүйлөшүүсү экени айтылган.

Негизинен анда Аксыда 22-мартта, ал эми Ошто 24-мартта оппозиция пландаган турган курултай, анда коюлчу талаптар, бийлик менен күрөшүү айла-амалы тууралуу сөздөр болгон. Жыйынды башкарып отурган адам Азимбек Бекназаров экени айтылган.

11 мүнөттөн ашык убакыт созулган экинчи аудиодо март айында жер-жерлерде нааразылык акцияларды уюштуруп, акча жумшап, күч менен бийликти басып алуу тууралуу кеңири сөз болгон. Анда бул сүйлөшүү Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөлөрү Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана 2010-жылы апрелде Таластагы нааразылык акциялардын уюштуруучуларынын бири, апрель баатыры Дуулат Турдуналиевге таандык экени белгиленген. Бектур Асанов үчөө жолукканын 22-мартта “Азаттыкка” тастыктап, бирок бийликти күч менен басып алуу тууралуу сөз болбогонун айткан эле:

- Биз үчөөбүз отуруп сүйлөшкөнбүз. Бирок эч качан бийликти басып алабыз деген эмеспиз. Бардыгы мыйзам чегинде болот, нааразылык акциялар аркылуу гана барабыз дегенбиз. Басып алуу тууралуу сөз болгон эмес. Булар эми ошол сүйлөшүүлөрдү монтаждап, бизди жаманатты кылып, каралоо үчүн чыгарып жибериши мүмкүн. Биз мыйзам бузбайбыз дегенбиз. Муну Дуулатка да айтканбыз. Бийликти тынчтык жол менен кетирүүгө мыйзам жол берет. Биз республиканын ар кайсы аймактарында саясий акцияларды уюштурабыз.

Чуулгандуу аудио тууралуу Кубанычбек Кадыров болсо, 22-мартта "Азаттыкка" төмөнкүдөй пикирин билдирген:

- Биз саясатчыларбыз да. Биз баары менен бат-бат жолугушуп турабыз. Атүгүл күндө жолугабыз. Экинчиси – мунун баары жасалма. Үчүнчүдөн, кандай, качан жаздыруу болгонун, ошентип жаздырып алууга мыйзамдык укугу болуп-болбогонун далилдешсин да. Булар менин конституциялык укугумду бузуп жатат.

"Эл үнү" кыймылынын лидери Азимбек Бекназаров болсо, "Азаттыкка" бүгүн аны сурап Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү келбегенин билдирди. Ал 23-мартта Бишкектеги маалымат жыйынында оппозиция өкүлдөрүнүн жолугушуусу өткөнүн ырастап, бирок анда бийликти күч менен тартып алуу тууралуу сөз болбогонун айткан.

XS
SM
MD
LG