Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:19

Оппозиция жыйынын кийинкиге калтырды


Аксыдагы оппозиция өкүлдөрүнүн митинги. 22-март, 2016-жыл
Аксыдагы оппозиция өкүлдөрүнүн митинги. 22-март, 2016-жыл

"Эл үнү" оппозициялык кыймылы Ош шаарында 24-мартка белгиленип жаткан нааразылык акциясын белгисиз мөөнөткө жылдырды.

Мунун себебин кыймылдын жетекчиси Азимбек Бекназаров бүгүн Бишкекте уюштурган маалымат жыйынында кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаалга байланыштырды.

Ал эми УКМК оппозициялык саясатчылардын "бийликти алмаштыруу" боюнча жашыруун сүйлөшүүсү камтылган социалдык тармактардагы аудиотасма сот чечиминин негизинде жазылып алынганын билдирди.

22-мартта интернетте оппозициянын жашыруун сүйлөшүүсү делген аудиотасма тараган болчу.

УКМК: Сүйлөшүүлөр соттун уруксаты менен жазылган

23-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет интернетте пайда болгон оппозициянын сүйлөшүүлөрү тастыкталганын маалымдады. Ага ылайык, бир нече адамдын өлкөдө олку-солкулук жаратуу менен бийликти ээлеп алуу тууралуу сүйлөшкөн сөздөрү мурда козголгон кылмыш ишине байланыштуу соттун уруксаты боюнча жазылган. Коопсуздук кызматынын маалыматында айтылгандай, интернетке жарыяланган сүйлөшүүлөр УКМКдагы мыйзамдуу түрдө жаздырып алган сүйлөшүүлөр менен дал келет. Бирок кылмыш иши кандай фактыга негизделип козголгону тууралуу маалымат берилген жок.

Тымызын жаздырылган сүйлөшүүлөргө катышкан оппозиционер Равшан Жээнбеков ал жерде бийликти басып алуу боюнча эч кандай сөз болбогонун айтат. Анын сөзү боюнча, сүйлөшүү ачык эле болгон, анда Оштогу курултайга кимдер барары тууралуу сөз болгон:

Равшан Жээнбеков
Равшан Жээнбеков

- Ал жерде бийликти басып алуу боюнча эч кандай сөз болгон эмес. Бекназаров курултайга барчуларды тактап алуу үчүн көп киши чакырган экен. Тажрыйбалуу саясатчылардан аз эле киши болбосо, негизинен көчөдөн эле келген адамдар отурушкан. Андай адамдар менен бийликти алмаштырып жиберүү оңой эмес.

22-мартта интернетке оппозициячыл маанайдагы айрым саясатчылардын Ошто өтчү жыйыны, бийликти күч менен алмаштыруу тууралуу сүйлөшүүлөрү делген тымызын жаздырылып алынган аудио тасмалар жарыяланган болчу.

Оппозициянын максаты эмне?

Социалдык тармактарда оппозиция Аксыдагы чек ара маселесинен келип чыккан көйгөйдү өз максатына пайдалангысы келип жатат деген айыптоолор арбын. Мындай пикир ээлери улам төңкөрүштү башынан өткөрө берген Кыргызстан бул жолу оор абалда калуу коркунучу жаралып жатканына басым кылышууда. “Эл үнү” кыймылынын мүчөсү, оппозициялык саясатчы Мамбетжунус Абылов оппозиция Үңкүр-Тоо маселесин өз кызыкчылыгына пайдалануу максаты жоктугун айтты.

Аксы-Ала-Бука жолундагы чек арачы
Аксы-Ала-Бука жолундагы чек арачы

"Аксы жаштары" коомунун төрагасы Мырза Бактыяров чек араны митинг менен чечүүгө болбостугун, Үңкүр-Тоо маселесин дипломатиялык жол менен сүйлөшүү аркылуу чечүү керектигин “Азаттыкка” билдирди:

- Митингдерди өткөрүү менен чек ара маселеси чечилип калбайт. Үңкүр-Тоо берилип деле кетпептир. Тынч, сүйлөшүүлөр жолу менен чечебиз деп өкмөт айтып аткан соң, аны ишке ашыруусуна мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Кокус, жаманчылык болсо, биздин эле карапайым эл жапа чегет. Аксыда өмүр бою жашап келаткан жана жашап кала турган элди да ойлошубуз керек. Мен да аксылыкмын, туулган жеримдин ар бир сантиметри мен үчүн да ыйык. Бирок маселени тынч, дипломатиялык жолдор менен гана чечүү туура.

23-март күнү кыргыз өкмөтү Үңкүр-Тоодогу радиорелейлик станция башка жерге жылдырылбасы тууралуу маалымат таратты. "Азаттыкка" премьер-министрдин маалымат катчысы Бакыт Асанов билдиргендей, бул аймактагы чек ара тилкеси боюнча маселе Кыргызстан менен Өзбекстандын чек араны тактоочу өкмөттүк делегацияларынын ишинин алкагында чечилет.

Асановдун белгилешинче, учурда кыргыз өкмөтү Жалал-Абаддын Ала-Бука, Аксы жана Чаткал райондорунун маалыматтык коопсуздугун күчөтүү максатында Үңкүр-Тоодогу "Кербен" радиорелейлик мунарасы менен байланышта иштей турган жаңы станцияны куруу боюнча маселени караштырып жатат.

Бийликтин да, оппозициянын да үмүтү ЖККУда

23-мартта оппозиция өкүлдөрү мурда пландалган 24-мартта Ош шаарында өтөт делген курултай уюштурулбай тургандыгын жарыялашты. Мунун себебин кыймылдын жетекчиси Азимбек Бекназаров бүгүн Бишкекте уюштурган маалымат жыйынында кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаалга байланыштырды.

"Эл үнү" оппозициялык кыймылынын төрагасы Азимбек Бекназаров Үңкүр-Тоо маселеси чечилмейинче, оппозиция башка саясий кадамдарды жана акцияларды жасабасын айтып, бийликти айыптады:

Азимбек Бекназаров
Азимбек Бекназаров

- Бийлик Үңкүр-Тоо маселесин чече албасы билинип калды. Ошондуктан биз “кыргыз бийлигин сыйлабасаң да, чек аранын эки тарабында жайгашкан кыргыз-өзбек элин сыйлап, элдин тынчтыгы үчүн аскерлериңди алып кет” деп Өзбекстандын президентине кайрылдык. Экинчиден, Кыргызстан ЖККУга мүчө өлкө. Өзбекстан ага мүчө эмес. ЖККУ уставына ылайык, азыркы чырга кийлигишип, тынч чечүүгө жардам бер деп, уюмда негизги ролду ойногон Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылдык. Ал эми үчүнчү жолу – бул биз каалабаган жол, эл бир укум жерди бербейбиз деп турат. Бирок бул өтө кооптуу жол.

Азимбек Бекназаров 23-мартта Кербен шаар кеңеши тарабынан чукул каралган кыргыз өкмөтүнүн протоколун мыйзамсыз деп билдирди. Анын айтуусунда, Үңкүр-Тоо турган жердеги чек ара али тактала элек, ошондуктан, өкмөт 2015-жылы 11-ноябрда эле аны Өзбекстанга таандык деп протоколдо жазганы мыйзамсыз:

- Бул маселени Жогорку Кеңеш караш керек. Биз талап кылабыз, кыргыз эли ишенип шайлаган Жогорку Кеңеш чукул жыйын чакырып, бул маселени кароого тийиш. Укуктук жактан, өкмөттүн аракетине парламент гана баа бере алат. 2002-жылы Жогорку Кеңеш Курманбек Бакиевдин өкмөтүнүн Сохту Өзбекстанга берүү боюнча чыгарган токтомун жокко чыгарганбыз. Мына ошентип жокко чыгара алат. Андан кийин чек араны тактоо үчүн өкмөттөр аралык комиссия иштеп, делимитация жана демаркация иштерин бүтүрүшү керек. Жыйырма беш жылдан бери бүтпөй турат.

Үңкүр-Тоонун алыстан көрүнүшү
Үңкүр-Тоонун алыстан көрүнүшү

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Үңкүр-Тоонун айланасындагы кырдаал боюнча маселе каралуусун талап кылып, кыргыз бийлиги ЖККУга кайрылган. 22-мартта Москвада Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Туруктуу кеңешинин жыйыны Кыргызстандын талабы менен өткөрүлдү.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматка караганда, Туруктуу кеңештин мүчөлөрү кыргыз-өзбек чек арасында түзүлгөн кырдаалга тынчсыздануусун билдирген. Маселе 23-мартта да талкууланды.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кирген мамлекеттер кол койгон келишимдин 2-беренесине ылайык, уюмга мүчө болгон мамлекеттин кайсы биринин туруктуулугуна, аймактык бүтүндүгүнө жана эгемендүүлүгүнө коркунуч келе турган болсо, анда ага карата бирдиктүү позицияны иштеп чыгуу үчүн токтоосуз кеңеш чакырылыш керек. Эгерде кол салуу болсо, анда келишимдин 4-беренесине ылайык, ЖККУ коллективдүү коргоо чараларын көрөт.

Темир Сариевдин Аксыда эл менен жолугушуусу
Темир Сариевдин Аксыда эл менен жолугушуусу

Үңкүр-Тоо маселеси боюнча өкмөт башчы Темир Сариев 22-мартта Аксы районунда эл менен жолугушуу учурунда сүйлөп, өлкөнүн бүтүндүгүн жана кол тийбестигин сактоо үчүн бардык аракеттер көрүлөрүн убада кылган:

- Биздин өлкөнүн бир сантиметр жери эч кимге берилбейт. Бул – президенттин, өкмөттүн так, ачык позициясы. Биздин колубузда турган документтер бар. Ошонун негизинде гана сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз.

Премьер-министр эгер зарылчылык болсо бул маселе боюнча ЕККУ, Улуттар Уюму сыяктуу эл аралык уюмдарга да кайрыларын айткан.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG