Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:19

Самаков: өкмөт ишенимди актаган жок


“Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Карганбек Самаков өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин көтөрдү. Ага чейин Жалал-Абад курултайында оппозиция да элдик ишенимдеги өкмөттү куроо талабын койгон эле. Бирок Кыргызстанда өкмөттү жыл айлантпай алмаштыра берүү өнөкөтү өркөндү өстүрбөйт дегендер да арбын.

Жантөрө Сатыбалдиев өткөн жылы сентябрда өкмөт башына келген. Май айында өкмөттүн ишинин жыйынтыгы боюнча парламентте отчет берүүгө камданууда.

Жыйынтык чыгаруу маалында жалпы министрлердин ишине баа берилип, кээ бирөөлөрү кызматтан бошотулушу мүмкүндүгүн Сатыбалдиев талбай айтып келатат. Бирок бул арада Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтүнө ишеним көрсөтпөө боюнча үндөр башкаруучу коалициянын ичинен чыга баштады.

Биринчи коңгуроо март айынын соңунда “Ар-намыс” фракциясынын жыйынында кагылды. Бул фракциянын мүчөсү, парламенттин Регламент жана этика боюнча комитетинин төрайымы Айнуру Алтыбаева өкмөттүн Куттусай кени боюнча позициясы фракцияда нааразылыктарды пайда кылганын эскерет:

- “Куттусай майнинг” маселеси көтөрүлгөндө нааразылык билдиргенбиз. Ошол кен боюнча көп маселе бар. Лицензия мыйзамсыз, туура эмес берилип калган. Ошол биздин фракцияда нааразылык туудуруп, ишеним көрсөтпөөгө маселе жараткан.

Ал эми “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Карганбек Самаков өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин жума күнү көтөрдү. Ал өз фракциясынын жыйынында "бул өкмөт менен илгерилей албайбыз" деп билдирген.

Карганбек Самаковдун бул позициясына карата “Ата Мекен” фракциясы колдоо көрсөтө элек. “Ата Мекен” фракциясынын дагы бир мүчөсү Ташболот Балтабаев "өкмөткө ишеним көрсөтпөөдөн мурун, биз өзүбүздүн квотабыз менен дайындалган өкмөт мүчөлөрүн угуп көрсөк" дейт:

- Биз адегенде өзүбүздүн министрлердин иши, алардын пикирлерин угуп алсак туура болот. “Ата Мекендин” квотасы менен барган министрлер бар, министрлердин орун басарлары бар. Аларды угалы. Алардын өкмөт жөнүндө кандай ой-пикири бар экен?

Депутат Ташболот Балтабаев негизи эле өкмөттү кеминде бир жыл иштетип, отчетун угуп, анан баасын бергенге өтүү туура болоорун да белгиледи.

Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтүн кызматтан кетирүү талабы 24-мартта оппозициянын Жалал-Абаддагы курултайында да коюлган. Алар бул өкмөттүн ордуна элдик ишенимдеги өкмөттү түзүү талабын коюшкан.

Курултайдын катышуучусу, эркин депутат Равшан Жээнбеков бул өкмөт реформатор боло алган жок деп эсептейт:

- Бул өкмөт деле баары бир жыргаткан эч нерсе кыла албайт. Анткени өкмөттө реформа жасай турган кишилер жок. Өкмөттүн реформа жасаганга аракети да жок. Жалпысынан алганда, эгерде экономикалык кыйынчылыктан чыгабыз десек, кесипкөй, натыйжалуу, жалпы элдин ишенимине татыган өкмөт керек. Бирок азырынча ага президент да, коалициялык көпчүлүк да барбайт.

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев май айында өкмөттүн иши боюнча Жогорку Кеңешке отчет берет. Бул маалыматты өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Мелис Эржигитов тастыктады. Өкмөт башчы мына ошол отчет берүү мезгилинде ар бир министрдин ишине баа берип, ишенимди актабаган министрлер менен кош айтышарын буга чейин билдирген. Бирок башкаруучу коалицияда жалпы өкмөткө ишеним көрсөтпөө үндөрү бириндеп чыга баштады.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG